Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

Москва: мигранттардын мушташы текшерүүнү күчөттү


Полиция унаасындагы борборазиялык мигранттар. Ноябрь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Полиция унаасындагы борборазиялык мигранттар. Ноябрь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия баш калаасы Москвада кыргыз-тажик жарандарынын ортосундагы калайман мушташтан кийин миңге жакын борборазиялык мигрант кармалды. Айрым кыргызстандыктар түрдүү өлчөмдө айып пул төлөп чыгышкан.

Кузьминкиде кармалган кыргызстандык мигранттар бошотула элек. Элчиликтин кызматкерлери кармалган кыргызстандыктар менен жолугушуп, аларга укуктук жардам көрсөтүшкөнү кабарланды.

Калайман мушташтын кесепети

Москвада курьер болуп иштеген, атын атагысы келбеген кыргызстандык мигрант 14-июль күнү полиция бөлүмүнөн 10 миң рубль айып пул төлөп, бошонуп чыкканын айтып берди. Аны полиция Кузьминки метросу тараптагы калайман мушташка байланыштуу кармаган. Текшерүү учурунда анын каттоосу жок болуп чыккан.

"Иштен келе жатканда полиция кармап кетти. Мага окшогондор көп экен. Биз барганда полиция бөлүмүндө дагы элүүдөй киши отуруптур, көпчүлүгү кыргыздар. Сурады, документтерди текшерди. Менин документтерим каттоо базасында жок болуп чыкты. "Эмгек келишими мөөнөтү өтүп кетиптир, пандемиядан кийин узартылбаптыр" деген себептер менен жалпы 10 миң рубль айып пул төлөттү. Банктан төлөп, дүмүрчөктү алып барсам, кое беришти", - деди кыргызстандык мигрант.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москва шаарынын "Кузьминки" станциясындагы окуядан улам, соңку күндөрү дагы миңге жакын борборазиялык мигрант кармалган. Алардын ичинде айрым кыргызстандыктар түрдүү өлчөмдө айып пул төлөп чыгышкан.

Москвадагы "Кадамжай" коомунун жетекчиси Жалалидин Оболбековдун айтуусунда, Кузьминкидеги мушташтан кийин полиция Борбор Азиядан барган, анын ичинде кыргызстандык жана тажикстандык мигранттарды иштеген, жашаган жеринен кармап кетип, телефондорун текшерүүгө алууда.

"Кузьминкидеги мушташтан кийин кыргыздарды катуу текшерип жатат. Кечээ биздин ишканага полиция келип, барыбызды бөлүмгө алып барды. Ал жерде кыргыздар эле эмес, өзбек, тажиктер да бар экен. Баарыбыздын документтерибизди, телефондорду текшеришти. Бизден эки баланын каттоосу жок экен, айып пул төлөттү. Биз барганда бир райондун короо шыпыргычтарын алып келишиптир. Алар да документтерин кармап отурушту", - деди Оболбеков.

Полиция мигранттарды аял-эркегине карабай кармап кетүүдө дейт кыргызстандык Айсулуу.

"Кузьминкиде кыргыздар менен тажиктер урушуптур деген маалыматтан кийин, эртеси күнү бизди да иштеп жаткан жерибизден "Газелге" салып алып кетишти. Полиция бөлүмүндө өзбек, тажик жана башка улуттардын өкүлдөрү бар экен. Төрт сааттай күттүк. Документтерди текшерди. Менин документим каттоо базасынан чыкпай калып, беш миң рубль айып пул чегеришти. Эми бир айдын ичинде аны төлөшүм керек".

Москванын "Кузьминки" метросунун жанында болгон калайман мушташ тууралуу видео тасмалар соцтармактарга тараган. Учурда мигранттар бул маселени катуу талкуулап, түрдүү коом, диаспора жана башка топтор жаштарды кызуу кандуулукка алдырбоого чакырууда.

Ар кандай маалыматтар боюнча кыргызстандыктардын дээрлик 13% чет өлкөдө жашап, эмгектенет. Мигранттардын чоң бөлүгү Орусияда.

"Бир топтун кызуу кандуулугу бүтүндөй мигранттарга түйшүк жаратты"

Москвадагы "Ноокат" коомунда 70 айылдын өкүлдөрү катталган. Өздөрүнүн соцтармактарда жана кат алышуу кызматтарында атайын баракчалары бар. Коомдун төрагасы Толкунбек Акматов жаштарды тартипке чакырган билдирүүлөрдү байма-бай таратып жатышканын айтууда.

Толкунбай Акматов.
Толкунбай Акматов.

"Болбогон бир уруштан улам чоң жаңжал кылуунун кажети жок болчу. Тасмаларда көрүп турасыздар, жалаң 18-25 жаштагы балдар жүрүшөт. Алар менен кошо карапайым, кечинде ишинен кайтып келе жаткан кыргыздар деле кармалып кетиши толук мүмкүн. Бир-эки жигиттин кызуу кандуулугунан жалпы кыргызстандык мигранттар жабыркап калышы мүмкүн. Өмүр бою депортация кылып жиберсе, үй-бүлөсүн кантип багат? Же бул жакта жалгыз-жарым жүргөндө өчөшүп калган бирөөлөр бир нерсе кылып койсо эмне болот? Ушулардын баарын эске алгыла деп, жаштарыбызга эскертип жатабыз".

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Кузьминкидеги мушташта төрт кыргызстандык мигрант бычак жегенин, абалы туруктуу экенин кабарлоодо. Кармалгандар бошотула элек. Элчиликтин маалымат катчысы Назгүл Жусубакунова "Азаттыкка" учурда тергөө иштери жүрүп жатканын ырастады.

Назгүл Жусубакунова.
Назгүл Жусубакунова.

"Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргызстандын кармалган жарандары менен жолукту. Анын жүрүшүндө жарандарга консультативдик-укуктук жардам көрсөтүлдү. Ошол эле мезгилде Орусиянын Ички иштер министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен аталган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошондой эле, элчилик тарабынан Орусиянын компетенттүү органдарына тийиштүү суроо-талаптар жиберилди".

Өткөн апта соңунда Москва шаарындагы бильярд клубдардын биринде белгисиз кишилер Кыргызстандын төрт жаранын бычактап кеткен. Аларды "Тез жардам" кызматы алып кетип жатканда тартылган сүрөттөр социалдык тармактарда тарап кеткен. Айрым кыргызстандыктар буга байланыштуу мекендештерин "Кузьминки" метросунун жанына чогулууга чакырышкан. Анда кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда калайман мушташ чыгып, ага 180дей адам катышкан. Жаңжал учурунда кармалган 103 адамдын 72си Кыргызстандын жарандары. Алардын үстүнөн үч тажикстандык жаран полицияга арыз жазган. Бул окуядан улам Москва полициясы "бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Полиция: мушташка пикир келишпестик себеп

15-июлда орусиялык маалымат каражаттары Москва шаардык ички иштер башкармалыгына таянып, бильярд клубундагы чатакта кыргызстандыктарды бычактаган эки жаран өзбекстандык мигранттар экени аныкталганын жазып чыгышты. Полициянын маалымдашынча, чатак жаштардын ич ара пикир келишпестигинен чыккан, улуттук мүнөзгө ээ эмес.

Орусияда иштеген борборазиялык мигранттардын ич ара чатакташуулары буга чейин да болгон. 18-майда Москвада кыргыздар менен тажиктер мушташып, ооруканага алты адам түшкөнү кабарланган. Полиция териштирүүнин алкагында тогуз адамды кармап кеткен. Алардын экөө миграциялык мыйзамды бузганы үчүн административдик, жетөө майда бейбаштык менен жазага тартылган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Туура бир жыл мурун, 18-июлда Екатеринбургда кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташып, анда 57 кыргызстандык кармалып, жарымынан көбү бошотулган. 12 кыргызстандык миграциялык эрежелерди сактабай жүргөнүнө байланыштуу 2 миң рублдан айып төлөп, сот залынан бошотулган.

2019-жылы 7-октябрда Новосибирскиде тескерисинче борборазиялык эмгек мигранттары базарга келген куралчандарга каршы таш, союл көтөрүп чыгып, жаңжалдан беш адам жаракат алган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG