Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Элчилик: Москвадагы мушташта төрт кыргыз жараны бычак жеген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвадагы мигранттардын калайман урушу тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, бильярд клубдардын биринде белгисиз бирөөлөр Кыргызстандын төрт жаранын бычактап кеткен.

"Алардын "Тез жардам" кызматы алып кетип жатканда тартылган сүрөттөрү социалдык тармактар аркылуу тарап кеткен жана айрым кыргызстандыктар буга байланыштуу мекендештерин "Кузьминки" метросунун жанына чогулууга чакырышкан. Анда кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда калайман уруш чыгып, ага 180дей адам катышкан. Полиция тополоңго катышкан 103 мигрантты кармап кеткен жана алардын 72си кыргыз жарандары",-деп айтылат маалыматта.

Элчиликтин кызматкерлери камалгандардан кабар алып, аларга юридикалык жана башка жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев кыргыз-тажик жарандарынын калайман мушташынан улам "бейбаштык" беренеси менен иш козголгонун маалымдаган.

Орус медиасы 11-июлдагы калайман мушташта Кыргызстандын эки жараны бычакталганын жазган. Буга байланыштуу топтолгон кыргызстандыктар менен тажикстандыктарды полиция кууп таркатканын, жыйынтыгында ондогон киши кармалганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG