Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:19

Москвадагы мушташ, диаспоранын аракети


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташып, жүздөй киши кармалды.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев Москвада кыргыз-тажик жарандарынын калайман мушташынан улам "бейбаштык" беренеси менен иш козголгонун билдирди.

Полиция 103 адамды кармаган жана алардын 70тен ашыгы Кыргызстандын жарандары. Аларга каршы үч тажик жараны полицияга арыз жазган.

Жанбаев буга чейин Москвада Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын калайман мушташы тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө берген.

Анын ырасташынча, өлкөнүн жарандары ич ара араздашкан, бирок калайман мушташка айланып кетпеши үчүн полиция чара көргөн.

“Орусиянын полициясы менен чогуу чыгып түнү менен профилактикалык иштерди кылдык. Полиция мушташ болуп кетпесин деп кыргыздарды да, тажиктерди да милиция бөлүмдөрүнө алып барган. Негизи мушташ бешинчи күнү болгон. Бильярд ойногон жерде урушуп кетишкен экен. Азыр ишти полиция териштирип жатат”, - деген Жанбаев.

Жанбаевдин сөзүнө караганда, жума күнкү мушташта Кыргызстандын жараны бычак жеген, абалы жакшы.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин малымат катчысы Назгүл Жусубакунова окуяга катышкан кыргыз жарандарына юридикалык жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

“Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү окуя боюнча иш алып барууда. Учурда Орусия Федерациясынын тиешелүү органдары күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарына туруктуу негизде юридикалык жана консулдук жардам көрсөтүп жатат” , - деди Жусубакунова.

Орус медиасы 11-июлда калайман мушташта Кыргызстандын эки жараны бычакталганын жазган. Буга байланыштуу топтолгон кыргызстандыктар менен тажикстандыктарды полиция кууп таркатканын, жыйынтыгында 100дөй киши кармалганын билдирген.

Социалдык тармактарда кармоо учуру тартылган видеолор, бычак жеген кыргызстандыктын сүрөтү тарап жатат.

Кыргызстандык Осмон учурда Орусияда курулушта иштейт. Ал апрель айында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуядан кийин мигранттар арасында ачык болбосо да тымызын тиреш бар экенин айтып берди.

“Чек арадагы болгон окуядан кийин соцтармактарда “алар иштеткен кафе-ресторандарга барбагыла, кокус иштеп атсаңар жумушуңарды таштап кеткиле” дегендей билдирүүлөр тарап кеткен. Ушундай маалыматтарды окуй берсең маанайың бузулуп, ичиң муздай түшөт экен. Москвадагы акыркы окуяны түздөн-түз чек арага байланыштуу деп айта албайм. Бирок кандайдыр бир таасири болгондуктан дароо калайман мушташка айланып кетти окшойт”.

Москвадагы Баткен коомунун жетекчиси Элмира Эшанова мындай иштердин алдын алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзбөсө мушташ дагы кайталанышы мүмкүн деп кооптонот.

"Жапырт мушташ боюнча уктук. Жети облус коомунун жетекчилери тайпада талкуулап, бул көрүнүш андан ары курчуп кетпесин деп аракет жасап жатабыз. Өткөн аптанын соңунда жаштар бильярд ойногон жерде бир нерсе талашып кетишкен экен. Эки кыргыз бала бычак жептир. Кечээ ушул Кузьминки деген райондо ошол жаңжалды териштирүүгө чогулгандар мушташты деп жатышат. Бул иштин алдын албаса, эки тарап бирдей түшүндүрүү ишин жүргүзбөсө, ар жерде майда тиреш боло берип күчөп кетиши мүмкүн. Ансыз деле жаңжалдан кийин элдин маанайы жакшы эмес".

Бирок Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Раимбек Аттокуров мушташка апрель айынын соңунда кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалды себеп катары кароо туура эмес деген пикирде. Ал соңку окуяга байланыштуу кыргыз жана тажик диаспора өкүлдөрү жолугуп, жаштарга түшүндүрүү ишин биргеликте жүргүзгөнү жатканына токтолду.

Райымкул Аттокуров.
Райымкул Аттокуров.

“Биз диаспоралар аркылуу окуяны тактап жатабыз. Жаштар арасында пикир келишпестик болуп кеткен экен. Анан териштирүү үчүн Кузьминкиден жолугушуп, мушташа кетиптир. Ал жерден “Тез жардам” менен алып келген жарандарды да тактап жатабыз. Үч-төрт жараныбыз жеңил жараат алып ооруканада экен. Абалдары туруктуу дешти. Бул окуядан кийин тажик диаспорасынын аттуу-баштуу инсандары менен жолукмай болдук. Ал жерге окуяга тиешеси бар жарандарыбызды да ала барууну пландап жатабыз. Күнөөсү барларды ошол жерден аныктап, кимден кандай ката кеткенин талкуулайбыз. Андан тышкары ынтымакты бекемдөө боюнча иш-чара өткөрүүнү сүйлөштүк. Бул эми жаштар арасындагы эле пикир келишпестик. Саясатташтырып, "апрель айындагы чек арадагы окуянын таасири бар" деп айтканга да болбойт. Ал окуядан кийин тажик диаспорасынын өкүлдөрү менен бир нече иш-чарларды уюштуруп, мамилени чыңдоо багытында жолугушуу өткөргөнбүз. Буга чейин да майда-чүйдө пикир келишпестиктер болуп турчу. Мындай көп киши катышкан жаңжал болгон эмес. Москвада 500 миңдей (расмий эмес маалыматта андан да көп – ред.) кыргызстандык бар. Тажикстандыктардын саны мындан көбүрөөк. Бул жерде мыйзамды сыйлап, эрежесин так карманып жашашыбыз керек. Жолугушууда жаштарга ошону жеткиргени жатабыз".

Буга чейин 19-майда да Москвада кыргыз-тажик жарандары мушташканын орус басылмалары жазышкан. Андагы маалыматтарда уруш 18-майда кечинде Москванын түштүк-батышындагы кафелердин биринде болгон.

Мушташка эки өлкөнүн 15 чакты жараны катышып, ооруканага алты адам түшкөнү кабарланган. Полиция териштирүү ишин жүргүзүү үчүн тогуз адамды кармап кеткен. Алардын экөө миграциялык мыйзамды бузганы үчүн административдик, жетөө майда бейбаштык менен жазага тартылган.

«Калайман мушташ кафеде жеке келишпестиктерден чыккан, турмуш-тиричилик маселесине байланыштуу болгон» деп билдирген күч органдарындагы булактар.

Ал эми кыргыз диаспорасындагы маалыматтар боюнча уруш Москванын Вернадский көчөсүндө тажик улутундагылар иштеткен «Райхан» деп аталган кафеде болгон. Шейшембиде кечке маал ал жайга кыргыз балдар барып, кафеде иштеген кыргызстандык кыз-келиндерден бул жерден кетүүнү талап кылышкан. Мындан улам чыр чыгып, полиция кызматкерлери чакырылган.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги консулдук кызматкерлер окуядан кийин полиция бөлүмүнө чукул барышканын, урушка тажик жарандары катышпаганын билдирген.

Апрелдин соңунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Москвадагы кыргыз диаспора башчылары Орусиядагы кыргызстандыктарды сабырдуулукка, тажикстандык мигранттар менен чыр-чатактан алыс болууга чакырышкан. Ошондой эле уруш-талаштын алдын алуу үчүн тажикстандыктар топтолгон же алар иштеткен ашканаларга, дүкөндөргө, коомдук жайларга баруудан кармануу сунушталган. Кыргыз диаспора өкүлдөрү тажик диаспорасынын өкүлдөрү менен да жолугушуу өткөрүп, Орусия иштеп жүргөн мекендештерин ынтымакка үндөшкөн.

Соңку маалыматтар боюнча Орусияда 750 миңдей кыргызстандык миграцияда жүрөт. Ал эми Орусияда иштеген тажикстандыктардын саны бир миллионго жетет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG