Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Cадыр Жапаров атуулдук алууну жеңилдеткен жарлыкка кол койду


Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.
Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгын алуу тартибин жөнөкөйлөтүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, чет өлкөдөн же СССРдин учурунда алган паспортунун, кайрылман күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү бүтүп калгандар, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, жоголуп кеткен же жарактан чыккандар, 18 жашка чыгып, бирок ар кандай себептерден улам Кыргызстандын жарандыгын ала электер, Кыргызстанда төрөлүп, ата-энеси жарандык алганга чейин эрезеге жеткендерге Кыргызстандын жарандыгы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте берилет.

Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин маалыматына караганда, өлкөдө беш миңдей этникалык кыргыздар ким экенин аныктаган документи жок жүрөт. Ушундан улам алар укуктук макамга ээ боло албай, медициналык тейлөө, социалдык жеңилдиктерден кыйналып келишет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG