Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:14

Кытай чек арадан автоунааларды өткөрүү боюнча Кыргызстанга талап койду


Кыргыз-Кытай чек арасындагы “Торугарт” бекети аркылуу жүк ташыган автоунаалар. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-Кытай чек арасындагы “Торугарт” бекети аркылуу жүк ташыган автоунаалар. Архивдик сүрөт.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев Кыргызстан менен Кытайдын чек ара бекеттеринен күнүгө 30-35 гана автоунаа өткөрүлүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал 12-июлда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтып, себебин мындайча түшүндүрдү:

“Кытай менен сүйлөшүүдө алар Кыргызстанда калктын 70% эмделиши (ред: коронавируска каршы) керек деген маселени коюп атышат”.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында негизги кыймыл “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттеринде болот.

11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1,2 миллион доза Sinopharm вакцинасы келди. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов июль айынын аягына чейин дагы 1,2 миллион доза Кытайдан вакцина келерин кабарлады.

29-мартта башталган коронавируска каршы эмдөөдөн өлкө боюнча 130 миңге чукул киши өттү. (BTo)

XS
SM
MD
LG