Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

ЖАМК: Чыңгыз Жумагулов абактан чыкты


Чыңгыз Жумагулов.
Чыңгыз Жумагулов.

Кылмыш дүйнөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун жаза мөөнөтү аяктап, 12-июлда абактан чыкты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы "Азаттыкка" ырастады.

Маалыматка караганда, Бишкектин Биринчи май райондук соту Чыңгыз Жумагулов боюнча 2020-жылдын 19-июнунда өкүм чыгарган. Судья Адылбек Эсенбаев аны Жазык кодексинин 43-беренеси ("Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү") жана 248-беренеси ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") менен коюлган айып боюнча актаган. Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен күнөөлүү деп таап, беш жылга кесилген. Мамлекеттик айыптоочулар аны 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.

39 жаштагы Жумагулов Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектелип 2020-жылы 11-апрелде кармалган. №1 тергөө абагына камалган. Кийинчерээк Чүйдөгүтүрмөлөрдүн бирине которулган.

Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG