Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Масадыков Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болду


Таалатбек Масадыков.
Таалатбек Масадыков.

Таалатбек Масадыков Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 12-июлда кабарлады.

Коопсуздук кеңеши өлкө башчынын коргонуу саясаты жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. Ага президент төрагалык кылат.

Таалатбек Масадыков аталган кеңеште Жапаровдун орун басары болду. Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын Марат Иманкулов аркалайт.

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматы жаңы негизделди.

Таалатбек Масадыков 1961-жылы Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылында төрөлгөн. 1984-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун бүтүргөн, эл аралык байланыштар боюнча адис. 1984-1986-жылдары СССР Коргоо министрлигине караштуу Москвадагы аскердик институтта окутуучу болгон. Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Азия жана Африка өлкөлөрү институтунда кандидаттык диссертациясын жактаган. 1987-жылы Ооганстанда котормочу, уруулар маселеси боюнча адис болуп эмгектенген.

2000-жылы Лондондогу экономика жана саясий илимдер мектебине тапшырып, билим алган. Эки жылдан кийин Улуттар Уюмунун Саясий маселелер боюнча департаментине чакырылган. Андан кийинки 13 жыл бою Ооганстан, Пакистан, Иран боюнча иштеп, 2014-жылдын аягында мекенине кайтып келген. 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG