Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

Гонконгдо демократиячыл гезиттин жетекчилери кармалды


"Apple Daily" басылмасынын жетекчилери кармалган учур, 17-июнь 2021-жыл.
"Apple Daily" басылмасынын жетекчилери кармалган учур, 17-июнь 2021-жыл.

Гонконгдун полициясы 17-июнда демократиячыл "Apple Daily" басылмасынын кеңселеринде рейд өткөрүп, гезиттин беш жогорку жетекчисин кармап кетти. Алардын арасында басылманын башкы редактору Райан Лоу менен аткаруучу директору Чунг Ким Хун да бар.

"Apple Daily" Гонконгдогу Кытайдын саясатына каршы чыккан демократиячыл жүрүштөрдү колдогон популярдуу гезит. Басылманын маалыматына караганда, бейшемби күнү таң эрте 100дөй коопсуздук кызматкери гезиттин баш кеңсесине келип, аймакты курчоого алган.

Полиция бул гезиттин жетекчилеринин кармалышын шаардын улуттук коопсуздук мыйзамынын бузулушу менен түшүндүрдү. Ошондой эле бийлик гезиттин жетекчилерин "чет өлкө же тышкы элементтер менен ымала түзгөн" деп айыптап жатат.

Гонконгдун бийлиги "Apple Daily" басылмасынын кеңселеринде ушуну менен экинчи жолу операция өткөрдү. Былтыр август айындагы биринчи рейддин жыйынтыгы менен гезиттин кожоюну, демократиячыл жүрүштөрдү колдогон миллиардер медиа магнат Жимми Лайга айып тагылган. 73 жаштагы Лай демократиячыл жүрүштөргө катышканы үчүн 14 айлык абак жазасын өтөп жатат.

Британия 23 жыл мурда Гонконгду өзгөчө укуктарга ээ, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайдын карамагына өткөрүп берген. Бээжин Гонконгду “бир өлкө, эки система” формуласына ылайык башкара турганын, ички саясатына кийлигишпей, кеңири автономия берерин убада кылган. Бирок соңку бир канча жылдан бери Гонконгдо Кытайдын борбордук бийлигинин өктөм саясаты күчөгөнүн айткан демократиячыл жарандардын каршылык акциялары маал-маалы менен уланып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG