Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

Бийликтин айыптоосу, "Талибандын" талабы


Катар. Доха. Ооган тынчтык сүйлөшүүлөрү. Октябрь, 2020-жыл.
Катар. Доха. Ооган тынчтык сүйлөшүүлөрү. Октябрь, 2020-жыл.

Талибдер абактагы 7000дей согушкери бошотулса, үч айга чейин тынчтык орнотууга убада кылды. Расмий Кабул муну аткарылгыс оор шарт деп атады.

Бийлик "Талибан" ээлеп алган жерлерде элдин мүлкүн кыйратып, калкты караңгылыкка түрткөн эски эрежелерди киргизип жатат деп сындады.

Ооган өкмөтүнүн өкүлү Ахмад Надири "Талибан" үч айга ок атышууну токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн 7 миңдей согушкерин абактан бошотууну талап кылганын билдирди. Болбосо, алар АКШ аскерлерин алып чыгары менен чоң чабуул болорун эскерткен. Надири бул өтө оор шарт экенин белгиледи. Талибдер андан сырткары тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн БУУнун кара тизмесиндеги жоочуларын өчүрүүнү да талап кылууда.

Орусияда экстремисттик жана террордук уюм катары тыюу салынган "Талибан" кыймылынын лидерлери жакында эле Москвага келип, Кремлдин жооптуу аткаминерлери менен жолуккан. "Талибандын" саясий байланыш тобунун башчысы Шахабиддин Делавар Москвадагы маалымат жыйынында үзгүлтүккө учураган тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуунун айрым шарттарын атаган болчу:

Москва. Шахабиддин Делавар. Орусияга иш-сапары менен келген Талибандын өкүлү. 9-июль, 2021-жыл.
Москва. Шахабиддин Делавар. Орусияга иш-сапары менен келген Талибандын өкүлү. 9-июль, 2021-жыл.

"Биздин бүтүмүбүз мындай - эки тараптан тең камактагылар бошотулушу керек. “Кара тизме” өчүрүлсүн. Аймактардын борборлоруна кол салуулар токтосун. Райондор кыйратылбасын. Калктуу конуштарда согуш аракеттери болбосун. Ошентип, оогандар арасында өз ара ишеним орносо, бир жыйынтыкка келүү үчүн сүйлөшүүлөргө 90 күн мөөнөт бөлүнүшү кажет", - деген Делавар.

Былтыр ооган өкмөтү Дохада сүйлөшүү жүргүзүү үчүн беш миңдей жоочуну абактан бошоткон. Бирок ал сүйлөшүү жыйынтык берген эмес.

Тынчтык сүйлөшүүлөрү быйыл жазында Түркияда уланары айтылып, бирок туңгуюкка кептелип, токтоп калган. АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад буларга токтолду:

Залмай Халилзад. АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы.
Залмай Халилзад. АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы.

"Талибан" биз ал жакта турган соңку жылдары эле бир топ прогресске жетишти. Макулдашууга келүүнүн эч бир айласы жок калган эле. Биз соңку бир нече жылдан бери эки тарапты жараштырууга аракет жасадык. "Талибан" АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыкканда гана өкмөт менен сүйлөшүүгө барарын айтты. Биз анын шартын аткарып, саясий жол - тынчтыкты орнотуу идеясын колдодук. Ооганстанда 43 жылдан бери согушуп келген партиялар биринчи жолу сүйлөшө баштаган болчу", - деди ал.

Кабул "Талибандын" жетекчилиги былтыр тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштап, ок атышууну токтотууга убада бергенин билдирди. Бирок быйыл кол салуулар кайра күчөгөн. Ооган өкмөтүнүн өкүлү Ахмад Надири талибдер 29 провинциянын 116 аймагында наркы жарым миллиард долларга барабар мүлктү кыйратты деп сындады:

"260 имарат өлкө тургундарынын менчиги болуп саналат. Алардын бардыгы талкаланды, жардырылды, өрттөлдү. Ошолорго канча деген каражат сарпталды эле. Алардын наркы кеминде 500 млн доллар турат", - деди ооган бийлигинин өкүлү Надири.

Ал эми "Талибан" бийликтин айыптоосун четке какты. Кыймылдын өкүлү Забиулла Мужжахид "Твиттер" барагына талибдер көзөмөлдөгөн аймактарда мамлекеттик, же менчик мүлк жок кылынбаганын жазды. Ал эми Кабул "Талибан" басып алган аймактарда эски эрежелерин киргизип, жергиликтүү калкты кысымга алган учурларды жарыялады. Анын айынан жергиликтүүлөр талибдер ээлеген жерлерди таштап коңшулаш өлкөлөргө орун которуп жатканы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG