Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:23

Орусия тажик-ооган чек арасында тозот курууну каржылайт


Тажик-ооган чек арасы
Тажик-ооган чек арасы

Тажикстандын Ооганстан менен чек арасында Орусиянын көмөгү менен чек ара тозоту курулат. Бул тууралуу Орусия президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Анда Кабулов Орусия чек ара тозотун куруу үчүн каражат бөлүп берип, учурда курулуш башталганын айткан. Аталган объект кайда салынып жатканы жана канча каражат бөлүнгөнү маалымдалган жок.

Май айында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Дуйшөмбүгө сапары учурунда Москва тажик-ооган чек арасын бекемдөөгө жардам берери айтылган болчу.

Соңку жумаларда “Талибан” кыймылы Ооганстандагы бир нече аймакты, анын ичинде Тажикстан менен чектешкен райондорду өз карамагына алды. Мындан улам Ооганстандагы жарандар, аскерлер коңшу өлкөлөргө качып кирип жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG