Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Бешимов: бийлик ооган кыргыздарына жардам бериши керек


Аскар Бешиов.

Тажикстандын улуттук "Ховар" агенттигинин маалыматы боюнча, 14-июлга карата талибдерден коркуп Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Андемин айылынан Тажикстанга кире качкан этникалык кыргыздардын саны 347 кишиге жетти. Алардын 177си балдар.

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов аларды Кыргызстанга өткөрүп алуу керектигин айтып, парламентте демилге көтөрдү.

Ал тапта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги памирлик кыргыздар тууралуу маалымат текшерилип жатканын билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, аймактагы шарттын катаалдыгынан, байланыштын начардыгынан кандайдыр бир так, кеңири маалымат алууга мүмкүн болбой турат. Ошондой эле, ооган кыргыздарын Кыргызстанга алып келүүгө аракет жасалып жатканы кабарланды.

Ушул маселе боюнча тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Аскар мырза, мына соңку күндөрү эле Ооганстандын Памиринен жүздөгөн боордошторубуз Тажикстанга качып кирди. Алардын маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Кыргыз бийлиги качкын боордошторуна кантип жардам бере алат?

- Кыргызстан Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүп этникалык кыргыздарды убактылуу жайгаштыруу маселесин чечиш керек. Экинчиден – аларды Кыргызстанга алып келүүгө даяр экенибизди билдиришибиз зарыл. Биз өзүбүздү мамлекет деп эсептесек боордошторубузга жардам беришибиз керек. Анткени этникалык кыргыздар да жакшы турмуштан улам качкын болуп аткан жери жок.

- Оогандык качкындар эл аралык коомчулуктун баш оорусу болуп турат. Кыргызстан памирлик кыргыздарга көмөк көрсөтүү үчүн эл аралык уюмдардан жардам сурай алабы?

- Биз, Кыргызстан биринчи өзүбүз жардам берип, даярдыгыбызды көрсөтүшүбүз керек. Ошондон кийин эл аралык коомчулук да кайдыгер болуп четте карап турбайт. Өзүбүз эч кандай аракет кылбай эле эл аралык уюмдардын колун карап байкуш болбошубуз керек. Үчүнчү-төртүнчү кадам катары эл аралык коомчулуктан жардам күтсөк болот. Андан кийин аларга эмнеге муктаж экенибизди айтабыз. Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча комиссариатынан тышкары фонддору да бар. Алар да кайдыгер эмес. Анткени мамлекетибиздин абалын көрүп турушат. Болгону алар бул маселе боюнча Кыргызстандын көз карашын күтүп атат. Биз аны аныктап алсак жардам берет.

- Ооган кыргыздарын Түркиянын Ван өрөөнүнө алып кетүү демилгеси да көтөрүлүп жатыптыр. Ушул маселеде расмий Бишкек кандайдыр бир роль ойной алабы?

- Албетте. Вандык да, ооганстандык да кыргыздардын ата мекени Кыргызстан. Биз биринчи аларга көңүл буруп, гуманитардык жардам жөнөтүп иштешкенден соң кийинки кадамдар аныкталат. Аларды каякка жайгаштыруу, жөнөтүү маселелери чечиле баштайт. Бул маселе боюнча Түркия менен да сүйлөшсө болот. Бардыгы тең бул окуялар жакшы турмуштун артынан эмес, согуштун айынан болуп жатканын түшүнүп турушат.

- Ушул күндөрү Ташкентте АКШ+Борбор Азиянын беш мамлекетинин жыйыны өтүп жатат. Ушундай эл аралык платформада кыргыз бийлиги оогандык качкын кыргыздардын маселесин көтөрүп, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бура алабы? Дегиле жыйынтык күтсө болобу?

- Расмий маалыматтар боюнча Ооганстанда жүргөн кыргыздардын саны 10 миңге жетпейт. Ага салыштырмалуу Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын бир миллиондон жарандары жүрөт. 10 миңдей кыргызстандыкты көчүрүп, жардам кылуу колубуздан келет да. Ал эми Ташкентте өтүп жаткан жыйында жалпы эле коопсуздук маселеси каралууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG