Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Президент демилге кылган сот мыйзамдары талкууда


Иллюстрациялык сүрөт.

Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн сот системасына беш жаңы мыйзам сунушталып жатат. Президент Садыр Жапаров демилгечи болгон документтер сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоого багытталганы айтылат. Учурда ал мыйзам долбоорлорун парламенттин тармактык комитети карай баштады.

Беш мыйзамдын мазмуну, сот бийлигинин эркиндиги

Мыйзам жазуу эрежеси боюнча кайсы бир тармактагы мыйзамдын 50% ашыгын өзгөртүү керек болсо, толук бойдон жаңы долбоор даярдалат. Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова жаңы Конституцияга ылайыктоо үчүн сот тармагындагы бир топ мыйзам өзгөртүүгө дуушар болгондуктан, жаңы мыйзам долбоору сунушталганын туура деп эсептейт. Бакирова 13-июлда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитет жыйынында баяндамачы катары депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, беш мыйзамдагы негизги өзгөртүүлөргө токтолду.

Нургүл Бакирова.
Нургүл Бакирова.

“Сотторду тандоо кеңеши Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш деп өзгөртүлүп, мурда 9 мүчө болсо, азыр 12 болуп өзгөртүлдү. Анын төрагасы жана сегиз мүчөсү соттор. Кадр тандоого аябай күчөтүлгөн талап коюлду. Мыйзам чыгаруу демилгесине ээ болдук. Жогорку соттун төрагасынын ыйгарым укуктары кеңейтилди. Мисалы, жергиликтүү соттун төрагаларын дайындайт. Мурда судьялардын жыйыны шайлачу. Азыр төрагалар дайындап жаткандыктан, аларга дагы кошумча жоопкерчилик болуп калды. Тартип комиссиясы мурда 9 мүчөдөн туруп, үчөө президенттин, үчөө Жогорку Кеңештин өкүлү, үчөө соттор болсо, азыр бардыгы соттор болот”.


Нургүл Бакирова Сотторду тандоо кеңеши (долбоордо аны Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш деп өзгөртүү сунушталууда) жана Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн курамы жана санынын өзгөртүлгөнүн мыйзам долбоорунун негизги артыкчылыктары катары атап жатат. Сотторду тандоо кеңеши - судьяларды тандап, президентке сунуштаган кызматты аткарат. Ал эми Тартип комиссиясы - иштеп жаткан судьялардын ишмердүүлүгүн карайт.

Сотторго президент мыйзам жазып берди

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова бул өзгөртүүлөр сот бийлигинин укуктарын кеңейтип, алардын көз карандысыз болушун камсыздай турганын белгиледи. Бирок депутат Кенжебек Бокоев соттор мыйзам демилге кылуу укугуна ээ болгонун эске салып, фемида өкүлдөрүнө президент мыйзам жазып бергенин сындады.

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

"Өзүңөргө тиешелүү болгон беш конституциялык мыйзамды сунуштабастан, бул укукту президентке берип койдуңар. Буга чейин аткаруу бийлиги, президент, Жогорку Кеңеш тебелеп, сот бийлиги эмес, сот системасы кылып келсе, силерде азыр өзүңөрдү жогорку тепкичке көтөрүп алууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Эмнеге пайдаланган жоксуңар же саясий эрк жетпедиби?" - деди депутат.

Төрайым Бакирова “президенттик аппарат соттордун бардык сунуштарын кабыл алып, биргеликте иштелип чыккан” деп жооп берди.
Жыйында парламентарийлерди көбүрөөк соттордун көз карандысыздыгы жөнүндө суроолор кызыктырды. Маселен, эл өкүлү Мирлан Жээнчороев бийликтин эки бутагы болгон парламент, сот өкүлдөрү күч органдарынын басымында калып жатканын белгилеп, буга көңүл бурууга чакырды.

“Мен мыйзам чыгаруу бутагына сокку болуп жатканын айтам. Сот системасы менен мыйзам чыгаруу бийлиги өздөрүн коргой албаса эки орган тең өзүнүн эркиндигин жоготот. Сотторго ишенич төмөн, көз каранды болуп калса анда такыр эле жок калат”, - деди.

Жаңы бийликтин тушунда Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Гүлбара Калиева баш болгон бир нече сотко кылмыш иши козголуп, айрымдары камалды. Ошондой эле, бир нече депутат учурда шектүү катары камакта отурат.

Кыргызстандын эгемендүү тарыхында жаңы келген бийлик сот реформасын ишке ашырууга белсенет, бирок оппозиция өкүлдөрү соттордун колу менен камалып, куугунтукталган учурлар токтой элек. Ал эмес ар бийликтин президенттик аппаратта атайын соттордун көмүскөдө башкарган куратору болору жашыруун деле болбой калган. Укук коргоочу Азиза Абдрасулова абалга мындай баа берди:

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

“Биринчиси, соттордун шайланып жатышы. Президент, Жогорку Кеңеш шайлап жатат. Экинчиси, алардын мөөнөтү. Жогорку кызмат адамдарын, криминалды соттоп жатканда 5 жылдан кийин кайра шайланып келемби деп ойлонушат. Үчүнчүдөн, алардын коопсуздугун ким ойлойт? Бул үч нерсе аткарылмайынча канча мыйзам кабыл алынбасын, алардын эркин болушун камсыздай албайбыз”, - деди укук коргоочу.

Президент Садыр Жапаров 7-июнда Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынында кызуу болуп, иш бөлмөсүнө кире албай жаткан судья тартылган видеону көрсөтүп, сот тармагын реформалоодо бир гана мыйзам эмес, кадр маселеси дагы маанилүү экенин белгилеген.

Жапаров автор катары көрсөтүлгөн беш мыйзам 24-марттан бери коомдук талкууда турат. Алар:

  • “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”;
  • “Судьялардын макамы жөнүндө”;
  • “Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө”;
  • “Жогорку Сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө”;
  • “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзам долбоорлору.

Документтердин мазмунун бул жактан окуңуз.

Сот тармагында маанилүү беш мыйзам кабыл алынып жаткан учур өлкөдө бир нече парламент депутаттары, мурдагы жогорку бийлик адамдары камалып жаткан мезгилге туш келди. Кылмышка шектүү саясатчылардын тарапташтары бийлик сотторду курал катары колдонууда деп сындап жатышат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG