Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

Депутат Тажикстанга кире качкан оогандык кыргыздарды алып келүүнү сунуштады


Бейшеналы Нурдинов
Бейшеналы Нурдинов

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов Ооганстандан Тажикстанга кире качкан этникалык кыргыздарга жардам берүү керектигин айтты. Ал мындай демилгени парламенттин 15-июлдагы жыйынында көтөрдү.

“Президентке айтып, аларды түз бизге (ред: Кыргызстанга) өткөрүп алууга аракет кылбайлыбы. Алар эптеп оогандыктардан качып чыгып, эми ортодо ал жактан да жаман жерге түшүп калышты. Азыр башпаанек издеп атышыптыр. Аларга жардам көрсөтпөйлүбү”, - деди Нурдинов.

Тажикстандын улуттук "Ховар" маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, 14-июлга карата талибдерден коркуп Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Андемин айылынан Тажикстанга кире качкан этникалык кыргыздардын саны 347 кишиге жетти. Алардын 177си балдар.

Маалыматка караганда, ооганстандык кыргыздарды тажик чек арачылары гуманизм принцибинен улам Тажикстандын аймагына киргизишкен. Качкындар Мургаб районуна жайгаштырылды. "Ховар" агенттиги алардын жанынан 3,5 кг ашык баңгизат табылганын жазды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты 14-июлда тактап жатканын билдирген. Азырынча комментарий бере элек.

Соңку жумаларда “Талибан” кыймылы Ооганстандын үчтөн бир бөлүгүн, анын ичинде Тажикстан менен чектешкен аймактарды өз карамагына алышкан. Буга чейин ооган өкмөтүнүн миңдей аскери Тажикстандын аймагына өтө качкан. Расмий Дүйшөмбү чек арага кошумча 20 миңдей аскер тартылганын маалымдады. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG