Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Оогандык 77 кыргыз Тажикстанга кире качты


Памирлик кыргыздар. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстанда жашаган ондогон кыргыздар “Талибан” кыймылынын чабуулдарынан качып, Тажикстанга жер которууга аргасыз болгонун коңшу өлкөнүн мамлекеттик “Ховар” жаңылыктар агенттиги 14-июлда кабарлады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул кабарды тактап жатканын билдирди.

Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме берилип жазылган жаңылыкка ылайык, 13-июлда Ооганстандын Бадахшан провинциясына караштуу Вахан аймагындагы Андемин кыштагында жашаган 77 кыргыз Тажикстандын Мургаб районуна өтүп келишкен. Алардын арасында 26 эркек, 20 аял, 31 өспүрүм бар.

“Учурда качкындар Мургаб районунун Кызыл-Работ айыл округуна караштуу Андемин жана Чек-Дөбө аймактарына жайгаштырылды. Качкындар өздөрү менен кошо мал-жандыктарын айдай келишкен. 1000дей майда жандык, 300 топоз, үч төө жана 30 жылкы”, - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Ооганстанда жашаган айрым кыргыздар Тажикстанга өтүп келип жатканын мургабдык кыргыздар да ырасташууда. Тажикстандан Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздар менен иштешкен, “Кызматташуу” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Зайнидин Тагаев Тажикстанга 40 үй-бүлө жер которушу мүмкүндүгүн “Азаттыкка” айтты.

“Ооган Республикасына караштуу Чоң Памир жана Кичи Памир тараптан 40 үй-бүлө, этникалык кыргыздар Чек-Дөбө өрөөнү аркылуу Тажикстандын Мургаб районуна бет алып, өтүп жатат деген маалымат бар. Учурда мургабдык туугандар менен телефон аркылуу байланышып, 40 үй-бүлөнүн тагдырын сурап жатабыз. Анткени Ооганстан менен Тажикстандын Чек-Дөбө өрөөнүндө эч кандай маалымат болбой жатат”, - деп билдирди Тагаев.

Кыргызстандын Кабулдагы элчилигинин маалыматы боюнча, Ооганстандын Чоң Памир жана Кичи Памир аймактарында кыргыздардын саны 2 миңдин тегерегинде. Мындан тышкары Ооганстандын Мазари-Шариф, Кабул, Бадахшан, Кундуз, Гилменд шаарларында да кыргыздар бар.

Памирден Кыргызстанга көчүп келип, Бишкектеги жогорку окуу жайда окуп жаткан Турганбай Абдулвахид уулу памирлик кыргыздардын бир бөлүгү Тажикстанга көчүп кетип жатканын, буга Ооганстандын Бадахшан провинциясында талибдердин чабуулдары күчөгөнү себеп болгонун “Азаттыкка” айтты.

“Качкандардын өздөрү менен байланыша албадык. Бирок Памирде калган бир кыргыз байке “малдарын айдап, жүктөрүн жүктөп, азыктарын көтөрүнүп алып, кадимкидей эле Тажикстанга өтүп кетишти” деп айтты. Бирок Тажикстандын кайсы жеринде экени белгисиз болуп жатат. Байланыш жок. Алардын көчкөнүнүн себеби Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу. Абал күндөн-күнгө күчөп жатат. Памир Бадахшан облусуна карайт. Талибдер ошол провинциянын райондордун алды. Памирге жакындап калды. Бир нече күндөн кийин Памирге деле чыгып барса керек. Ошонун алдын алып эле, алар көчүп кетишти. Максат ошол эле болду”, - деди ал.

Памирдин кыргыздар байырлаган аймагы.
Памирдин кыргыздар байырлаган аймагы.

Турганбай Абдулвахид уулу тажик тарап айтып жаткан 77 кыргыз бир эле Андемин аймагынын жашоочулары экенин, мындан тышкары башка эки ашуу аркылуу ашып кеткен кыргыздар бар экенин, алар тууралуу маалымат жоктугун кошумчалады. Ошондой эле, Тажикстанга жер которгон оогандык кыргыздарды Кыргызстанга алып келүү зарылдыгын баса белгиледи.

“Чоңдор бул кабарды алса, аларды Кыргызстанга алып келиши керек. Эгер антпесе, аларга кыйын болот. Малдары жоголот. Каза тапкандар болушу мүмкүн. Зыян тартышат. Кыргызстанга өткөрүп берсе жакшы. Ошондуктан кыргыз мамлекети буга чара көрөт деген ишеничтебиз”, - деди Турганбай Абдулвахид уулу.

Кантсе да бул кабар “Талибан” кыймылы Ооганстандын түндүгүндөгү, анын ичинде Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектеш бир топ аймактарды четинен ээлеп алып жаткан учурга туура келүүдө. Буга чейин Ооганстандын жүздөгөн аскерлери жана жайкын тургундары талибдерден кооптонуп, Тажикстандын аймагына кире качкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Кабулдагы кыргыз элчиси Мирослав Ниязов ооган кыргыздары коңшу өлкөгө жер которгону тууралуу маалымат тактала турганын билдирди.

“Мен тактап көрөйүн. Болуп калса, кандайдыр бир кокустук менен болуп калышы мүмкүн... Талибдер кыргыздар менен да, ооган бийлиги менен да жакшы жашайт. Бул так маалымат. Талибдер да кыргыздар жашаган жерге, Улуу Памирге, Кичи Памирге чыкпайт. Талибдер да, бийлик да кыргыздарга эч качан кол көтөргөн жок. Негизи кыргыздарга эки тараптан тең мамиле жакшы”, - деп билдирди Ниязов.

“Талибан” кыймылы АКШ баштаган эл аралык коалициянын күчтөрү май айынан тарта Ооганстандан чыгып кете баштагандан бери чабуулдарын күчөттү. Буга чейин Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан ооган-тажик чек арасын бекемдөөгө жардам сураганы белгилүү болгон. Учурда америкалык аскерлер Ооганстандан чыгып кеткенден кийин ооган армиясы талибдердин чабуулдарына туруштук бере алабы деген суроо көпчүлүктүн көңүл борборунда турат.

"Памирлик кыргыздар талибдерден корко баштады"

2002-жылы НАТО күчтөрүнүн катарында Ооганстанда согушкан, учурда Дүйнөдөгү памирлик кыргыздар бирикмесинин жетекчиси Бүнямин Токер бир күн мурда "Азаттыкка" курган маегинде памирлик кыргыздар Тажикстандын аймагына кире качканын, кыргыздардын арасында коронавиурс менен ооругандары бар экенин айтты.

- "Талибан" кыймылынын согушкерлери Памир менен чектеш Сарат деген жерге чейин келгени айтылып жатат. Алар кыргыздардын мал-жанын санап, жазып кеткени белгилүү болду. Талибдер кыргыздарга "коркпогула, тийбейбиз" дешиптир, бирок Памир деген тоонун башы. Ал жерде байланыш, оорукана же мектеп жок. Андыктан памирлик кыргыздардын башына бир иш келсе, биз кабардар деле болбой калабыз. Мен акыркы жолу өткөн апталарда сүйлөшкөнүмдө, Памирдеги туугандар "Тажикстандын Сарыкол, Мургаб аймактарына кире качтык" деп айтышкан. Андан бери байланыш жок.

- Бала-бакыра, мал-жан менен качкан болсо, катаал шарттарда абалдары кандай болду экен?

- Алар менен акыркы жолу байланышканымда, дээрлик көпчүлүгү коронавирус болуп ооруп жатышкан. Же тоонун башында дарыгер жок. Шаарга түшөлү десе, талибдер менен согуш жүрүп жатат. Айтор, эми Тажикстанга кире качкан болсо, ал жерде бири-бирине оору жугузуп, абалдары жакшы болбой турат го.

- Ал эми Ооганстандын башка шаарларында да кыргыздар бар эмеспи? Учурда алардын жагдайы кандай болду экен?

- Ооба, Ооганстандын башка шаарларында да кыргыздар жашайт. Мазари-Шариф, Кабул, Бадахшан, Кундуз, Гилменд шаарларында жашашат. Алар университетти бүтүрүп, айрымдары мамлекеттик кызматтарда иштешчү. Бирок азыр "Талибан" кыйымылынын басымынан коркуп, "кандай болуп кетер экенбиз" деп турушат. Баары кооптонуп, "жолу табылып, Кыргызстанга кетсек" деген 10 чакты үй-бүлө бар.

- Ооганстанда "талибдердин тизмесине кирип калыптыр" деген сөз бар экен, ал эмнени түшүндүрөт?

- Буга чейин чет өлкөлүктөр менен иштешкен же ооган бийлигинде кызмат өтөгөн 30 миңге жакын кишинин тизмеси "Талибан" кыймылынын колунда бар экенин ал өлкөдө жашаган бардык эл билет. Талибдер эми күч алса, алар бул тизме менен кимдин кайсыл жерде жүргөнүн оңой эле таап алат. Памирлик кыргыздардын арасында да мамлекеттик кызматта иштегендер болгондуктан, алардын да коопсуздугу да коркунучта. Алар кыйноолорго же куугунтуктоого кабылышы мүмкүн.

- Сиз Түркияда жашайт экенсиз. Ооганстандагы кыргыздарга бул жаңжалдан чыгуунун жолдорун издеп жатасызбы?

- Учурда Бадахшандын Файзабад деген жеринде жашаган кыргыз үй-бүлө оор абалда турат. Ал районду талибдер алып коюшкан. Кыргыздар менен сүйлөшкөнүмдө, "кырдаал курч, көчөгө чыга албайбыз, мамлекеттик кызматта иштегендерди куугунтуктап жатышат" деп айтышты. Паспортторду колуна алгандар менден жардам сурашты.

Андыктан Кыргызстанга виза алышса, акырындап көчүп келели деген ойлору бар. Мен тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Кыргызстандын Анкарадагы элчилигине кайрылдым. Алар Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги менен байланышып, маселени көтөрдүк. Эми Ооганстандагы кыргыз үй-бүлөлөр элчилик аркылуу Кыргызстанга келүүнү гана көздөп жатышат. Анткени, ал өлкөдө мындан кийин жашоо шарт жакшырып кетет деген үмүт калбай калганын айтышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG