Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Талибандан качкан оогандар Тоолуу-Бадахшанда

Ооганстандын түндүгүндөгү уездердин көпчүлүгүн талибдер басып алгандан кийин миңдей киши Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусуна качып өттү. Облус бийлигинин маалыматына караганда, качкындарга башкалка берилип, тамак-аш менен камсыздап жатышат.

“Качкындар үчүн керектүү шарттардын баарын түздүк. Алар тамак-аш менен камсыздалып, убактылуу башкалка берилди. Азыркы кезде гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча эл аралык кайрымдуулук уюмдары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, - деп айтылат облустук администрациядан келген маалыматта.

Акыркы айларда Ооганстанда талибдердин чабуулу күчөдү. Бул АКШ баштаган коалициялык күчтөр Ооганстандан чыгарылып жаткан учурга туш келди. Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, талибдер тажик чек арага чектеш аймактардын 70 пайызын көзөмөлүнө алды. Эки миңдей ооган аскерлери Тажикстандын аймагына чегинүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG