Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Бадахшанда абал тынч эмес


Тоолуу Бадахшандын борбору-Хорог шаарындагы каршалык акциялары. 27-ноябрь, 2021-жыл.
Тоолуу Бадахшандын борбору-Хорог шаарындагы каршалык акциялары. 27-ноябрь, 2021-жыл.

Тоолуу Бадахшанда тажик бийлиги жергиликтүү элден “каршылык акцияларына катышпоо тууралуу” тилкат алып жатканы кабарланды. Андай тилкаттын биринин көчүрмөсү интернетке тарады.

Бул арада аскердик күчтөр Хорогдо памирликтердин лидерлерин кармоо боюнча атайын операцияга даярданып жатканы айтылууда. Бул жакта көптөн бери тирешкен бийлик кырдаалдын чыңалып жатканы тууралуу кабарды төгүндөгөн да, ошол эле кезде ырастаган да эмес.

Ири операцияга даярдык

Былтыр күз айында 25-ноябрдагы каршылык акцияларынан бери ажырым күчөп, чыңалып турган Хорог шаарында жергиликтүү эл менен тажик бийлигинин тиреши уланууда.

17-февралда “Озоди” тажик кызматы Хорогдо жергиликтүүлөрдөн “каршылык көрсөтүү иш-чараларына катышпоо тууралуу” тилкат алынып жатканын кабарлады. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлү муну төгүндөгөн да, ошол эле кезде ырастаган да эмес.

Ал эми Интернеттеги Pamir Blogs YouTube каналы Хорогдо абал чыңалганын айтып, күч түзүмдөрү атайын операцияга шылтоо табыш үчүн шаар аралап, чагым салганын кабарлады. Жарандардан жапырт тилкат алынып, лидерлерин бийликтин колуна салып берүүгө каршы топторго катуу басым жасалып жатканы айтылды.

“Тоолуу Бадахшан автоном облусунда муниципалдык жана мамлекеттик мекемелерде иштегендерди жапырт түрдө тил кат берүүгө мажбурлоо башталды. Ал тилкаттар жарандарды ар кандай каршылык акцияларына катышпоону, түнкү күзөткө чыгуудан жана бейформал лидер Мамадбокир Мамадбокировду колдоодон баш тартууга милдеттендирет. Бул кагаздарга кол коюудан баш тарткандарды жумуштан айдайбыз деп коркутуп жатышат. Бул чаралардын негизги максаты жергиликтүү калктын ыркын кетирип, андан соң кийинки этапка – атайын операцияга өтөрү белгилүү”, - деп кабарлады Pamir Blogs YouTube каналы.

Дүйшөмбү памирликтерге памирлик генералды каршы койду

Маалымат боюнча тажик бийлиги Тоолуу Бадахшандагы каршылык көрсөтүү кыймылынын башында турган бейформал лидерлерди жана аларга караштуу топторду кармоо боюнча атайын операцияны даярдап, аны жетектөөгө түбү памирдик генерал Абдулло Навжувоновду дайындаган.

Жакындан бери чет өлкөлөрдө жашаган памирликтер Тоолуу Бадахшанда дагы бир жолу кан төгүүгө жол бербөөнү суранып, дүйнөлүк лидерлерге кайрылуу жолдой башташты. Алардын бири, Москвада жашаган памирлик Шами Каладоров Путинден Рахмонго таасир этүүнү сурап, видео кайрылуу жасады.

“Тажикстандын өзүнүн ичинде памирликтерди аябай эзип жатышат. Эч бир айыбы жок адамдарды суроо-сопкутсуз атып салышууда. Ал эми кырдаалдын курчушуна айыптуу деген кызмат адамдарын соттоо тууралуу талап койгонубузда күздө митингчилерге карай ок чыгарышты. Кармалгандарды кыйнап, терроризмге айыпташууда. Төрт айдан бери Тоолуу Бадахшан автоном облусун обочолонтуп, интернетти бөгөп, каалагандай мыйзамсыздыктарды жасап жатышат. Биздин тажик президентине Памирдеги согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу видео жана кат жүзүндө кайрылууларыбыздын баары жоопсуз калууда. Тажикстанда бийлик биздин үнүбүздү уккусу жок”.

Колго түшүүдөн баш тарткан лидерди коргогон эл

Тажик бийлиги Тоолуу Бадахшандын бейформал лидери отставкадагы полковник Мамадбокир Мамадбокировду жана анын алты шеригин уюшкан кылмыштуулукка айыптап, колго түшүп берүү үчүн бир жума убакыт берген. Бирок полковник андан баш тартып, аягына чейин турарын айткан болчу.

“Бүгүн силер бизди террорист атап, Хорогго көп сандаган атайын аскер бөлүктөрүн киргиздиңер. Аларды чек араларды чыңдап, кайтарууга койсо болбойт беле? Мен силерге эскертем. Элди тынч койгула. Мен элимди эч качан сатпайм. Өз элим үчүн өлүмгө даярмын. Эл-журт, алардын уятсыз жана жалганчы телеканалдарына ишенбегиле. Бизди азыр кайрадан курчоого алышты. Элим, бир муштумга түйүлүп биригели! Анан алар эмне кыла аларын көрөбүз. Бүгүнкү түн кооптуу. Тагдыр чече турган учур. Биз азыр бардыгына даярбыз. Бирок бизде курал жок. Биз таш менен коргонобуз. Биз силерди таш менен кууп чыгабыз. Кире турган болсоңор, татыктуу жообун аласыңар”, - деди Мамадбокир Мамадбокиров.

Мындан сырткары Хорогдо 7-февралдан бери памирликтер күч түзүмдөрүнүн жергиликтүү лидер Мамадбокировдун тобун кармоо боюнча атайын операциясына каршы туруп, күнү-түнү нөөмөт уюштурганы айтылган.

Хорогдун мэри Ризо Назарзода шаардыктардан "балдарын нөөмөткө жөнөтпөөнү, дөңгөлөктөрдү өрттөп, жолдорду бөгөөгө жол бербөөнү" өтүнүп кайрылган.

"Озоди" радиосунун Хорогдогу булактары шаарда аскер күчтөрү көбөйгөнүн ырастап, бийлик ири операцияга даярданып жатканын айтышты. Ал эми Тоолуу Бадахшандын жергиликтүү бийлиги абал тынч экенин айтып, бирок шаарда аскердик аракеттерге даярдык көрүлүп жатканын ырастаган да, жокко чыгарган да жок.

Былтыр 25-ноябрда тажик күч түзүмдөрү Шохдар айылында атайын операция жүргүзүп, жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөн. Анан жүздөгөн адам Хорогдогу акимчиликке чогулуп, аны өлтүргөн күч кызматкерлерин жазалоону талап кылышкан.

Каршылык акциясы беш күнгө созулуп, милициянын атайын отряды күч колдонуп, андан жабыркагандар болгон. Бийлик айыптууларды жазалоого убада бергенден кийин митинг таркаган. Бирок ошондон бери анын жазалоо убадасы ишке ашкан эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG