Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

“Эскертүү иретинде ок атылды”: Хорог боюнча расмий билдирүү


Парвиз Орифзода "Бадахшон" телеканалындагы түз эфирде. 27-ноябрь, 2021-жыл
Парвиз Орифзода "Бадахшон" телеканалындагы түз эфирде. 27-ноябрь, 2021-жыл

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун прокурору Парвиз Орифзода Хорог шаарындагы тополоң боюнча түшүндүрмө берди.

Прокурордун айтымында, шаардагы негизги аянтта топтолгон митингчилер облус жетекчисинин тарап кетүү өтүнүчүн угушкан жок жана Гүлбиддин Зиёбековдун өлүмү боюнча иликтөө башталганы тууралуу билдирүүсүнө нааразы болушту.

Бул тууралуу облус прокурору кечээ кечинде “Бадахшон” телеканалындагы түз эфир учурунда айтты. Нааразылык билдиргендер облус жетекчисине жана өкмөт өкүлдөрүнө “кол салды”, жыйынтыгында парламент депутаты Азиз Гиёзода “жаракат алды” деди прокурор

"Эркин Европа/Азаттык" (Озоди) радиосунун тажик кызматынын өздүк булактары парламент депутаты жаракат алганын тастыктады. “Озоди” кабарчысы менен маектешкен тургундардын бири:

“Депутат Гиёзода облус өкүлдөрү менен чогуу эл алдына чыкты. Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жетекчисин көздөй таш ыргытышканда ал дагы жаракат алды. Буга жооп кылып асманга ок атылды”,-деп айтып берген.

Мунун алдында жарандык коомдун айрым өкүлдөрү “Озоди” радиосуна Хорогдун борбордук аянтындагы 27-ноябрдагы атышуудан кеминде төрт киши жараат алганын кабарлаган. Бирок облус прокурору түз эфир учурунда бул тууралуу эч нерсе айткан жок. Парвиз Орифзода түз эфирде Хорогдун борбордук бөлүгүндө ок атуу фактысы болгонун тастыктап, “эскертүү иретинде асманга ок атылган” деди.

Алишер Мирзонаботов. 5-ноябрь, 2021-жыл.
Алишер Мирзонаботов. 5-ноябрь, 2021-жыл.

Ишембидеги Хорогдогу окуялар боюнча “Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү”, “Бийлик өкүлүн мазактоо”, “Бейбаштык”, “Ден соолукка атайлап оор залал келтирүү” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Окуя 27-ноябрда түштөн кийин курчуп кетти. Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жетекчиси Алишер Мирзонаботов митингчилерди аянттан чыгып кетүүгө чакырган. Аянттагылардын айрымдары аны укпагыла деп, отставкасын талап кыла баштады деди “Озодинин” өздүк булактары.

Нааразылыктын үчүнчү күнү

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда үч күндөн бери нааразылык уланууда. 25-ноябрда болгон тополоңдо үч адам набыт кетип, онго жакын демонстрант ар кандай деңгээлде жараат алганын "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматы өздүк булактарына таянып жазган. Кагылышуудан жабыркагандар арасында коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкери бар.

27-ноябрда митингге чыккандар нааразылык учурунда каза болгон ошол эки адамдын сөөгүн көтөрүп чыгышты.

Жарандык коомдун өкүлү Бахтовар Бахтиёоровдун айтымында, каза болгондордун сөөгү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча жерге берилбейт.

Ушул эле күнү башкалаа Дүйшөмбүдө тажик бийлигин жактаган ондогон адамдар Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгүнүн алдына чогулган. Алар Хорогдогу кагылышуу учурунда каза тапкан күч кызматкерлеринин сүрөтүн көтөрүп чыгып, "Бадахшан - Тажикстандын бир бөлүгү", "Күнөөлүүлөр жазалансын" деген ураандарды чакырышты.

Күбөлөрдүн "Озодиге" кабарлашынча, чогулгандар БУУнун өкүлчүлүгүнүн имаратынын дарбазасын каккылаган. Аларды укук коргоо органдарынын кызматкерлери токтоткон эмес. Окуя болгон жерде бир нече тажрыйбалуу операторлор барган.

27-ноябрда митингге чыккандар нааразылык учурунда каза болгон эки адамдын сөөгүн көтөрүп чыгышты.
27-ноябрда митингге чыккандар нааразылык учурунда каза болгон эки адамдын сөөгүн көтөрүп чыгышты.

Ошол маалда акция уюштургандардын алдына бадахшандык 10 адамдан турган топ келген. Алар чогулгандар көтөрүп турган плакаттарды айрып, алардын талабына нааразылык билдиришкен. Мындан кийин милиция эки тараптан тең жыйырмадай кишини кармап, алып кеткен. Акциянын калган катышуучулары тараган.

Башаламандыкка себеп болгон кармоо операциясы

Тажикстанда 25-ноябрда күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда 29 жаштагы Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин ондогон адамдар нааразылык билдирип митингге чыккан.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Зиёбековго “Уюшкан топ тарабынан барымтага алуу”, “Улуттук, расалык, диний кастыкты козутуу” деген беренелер менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

"2020-жылдын 1-февралында Зиёбеков жана дагы бир нече адам Рошткала районунун прокурорунун жардамчысы А. Абирзоданы барымтага алып, Анжим жана Баржангал айылдарында сегиз саат бою кыйнап, сабашкан",- деп маалымдады прокуратура.

Рошткаланын тургундарынын бири “Озоди” радиосуна Зиёбеков прокуратура кызматкерин барымтага албаганын, аны сабаганын айткан. "Буга прокурор жардамчысынын жергиликтүү тургунга интимдик мамилени сунуштаганы себеп болгон" деген жергиликтүү тургун. Ошол эле маалда прокурордун жардамчысын жергиликтүү жаштардан турган топ суракка алып жаткан видео интернетке жарыяланды.

“Ал кезде Тоолуу Бадахшан автоном облусунун мурдагы башчысы Ёдгор Файзов чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечкен. Прокурор видео кайрылуу жасап, Бадахшандын тургундарынан кечирим сураган”, - дейт “Озоди” кабарчысы менен маектешкен тургун.

Көзөмөл органы тараткан билдирүүдө, Зиёбеков кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөтүп, мыйзамсыз көтөрүп жүргөн “Макаров” үлгүсүндөгү пистолеттен ок чыгарганы айтылат. Бирок Зиёбековдун жакындары расмий маалыматтарды төгүндөп, эч кандай каршылык болбогонун айтып жатат.

Окуянын күбөлөрүнүн бири Гүлбиддин Зиёбеков башына ок тийип, Шохдардан Хорогго бараткан жолдо каза болгонун айтты.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун тургундары күч түзүмдөрү кылмышка шек саналган кишини “эсен-соо колго түшүрбөгөнүнө” нааразылык билдирип, үч күндөн бери тарабай жатат. Хорогдогу митингчилер күч түзүмдөрүнүн зомбулугуна каршы чыгып, 2012-жылдагы окуялардын кайталанышынан кооптонуп жатканын билдирген. Анда күч түзүмдөрүнүн атайын операциясында расмий маалыматтар боюнча 23 аскер кызматкери жана 21 жайкын тургун набыт болгон.

Хорог - Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору, автоном аймак Кыргызстандын Чоң-Алай району менен чектеш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG