Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Хорогдо дагы ок атылды, жарадарлар бар


Хорог. 27-ноябрь, 2021-жыл.
Хорог. 27-ноябрь, 2021-жыл.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда митингге чыккандар үч күндөн бери тарай элек. 27-ноябрда да Хорогдо кагылышуу болуп, бир нече адам жараат алганы кабарланды. Дүйшөмбү окуя тууралуу расмий маалымат бере элек.

“Озоди” радиосунун өздүк булактары жаңжалдан бир нече адам жабыркаганын маалымдаган. Айрым булактар төрт адам жараат алды десе, башкалары эки киши жараат алганын жазууда. Тажикстандын расмий бийлиги бул окуя боюнча маалымат бере элек.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботов 27-ноябрда Хорогдо чогулгандар менен жолугуп, аларды аянттан тарап кетүүгө чакырган.

Алишер Мирзонаботовдун жанында энергетика министри Далер Жума жана аймактагы сөзү өтүмдүү кишилердин бири Хурсанд Мазоров болгонун “Озоди” радиосу жергиликтүү элге таянып жазды.

Алишер Мирзонаботов.
Алишер Мирзонаботов.

“Ал чогулгандарга жолугуп, акимчиликтин имаратына кайтып баратканда нааразы болгон эл кыйкырып суроо беришти. Айрымдары анын жолун тосуп, таш ыргытышты. Аларга жооп иретинде бери жактан ок атылды”, - деди атын атагысы келбеген тургун.

Бадахшандагы жарандык коомдун төрагасы Бахтовар Бахтиеров Хорогдо кайрадан ок атылганын ырастады. Анын айтымында облус жетекчиси Алишер Мирзонаботов элден жолду ачууну талап кылган.

“Облус башчысы окуяны тийиштүү органдар иликтей турганын айтты. Бирок чогулган эл макул болбой, анын отставкага кетишин талап кылышты”, - деди Бахтиеров.

Бул күнү Дүйшөмбүдө тажик бийлигин жактаган ондогон адамдар Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгүнүн алдына чогулду.

Алар Хорогдогу кагылышуу учурунда каза тапкан күч кызматкерлеринин сүрөтүн көтөрүп чыгып, "Бадахшан - Тажикстандын бир бөлүгү", "Күнөөлүүлөр жазалансын" деген ураандарды чакырышты.

Күбөлөрдүн "Озодиге" билдиришинче, чогулгандар БУУнун өкүлчүлүгүнүн имаратынын дарбазасын каккылаган.

Дүйшөмбүдө ондогон адамдар БУУнун өкүлчүлүгүнүн алдына чогулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00

Аларды укук коргоо органдарынын кызматкерлери токтоткон эмес. Күбөлөр "Озодиге" окуя болгон жерде таанымал кинооператорлор жүргөнүн байкаган да кабарлашкан.

Акция өтүп жатканда уюштуруучулардын алдына бадахшандык 10 адамдан турган топ келген. Алар чогулгандар көтөрүп турган плакаттарды айрып, жаңырган талаптарга нааразылык билдиришкен.

БУУнун өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына чогулгандар.
БУУнун өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына чогулгандар.

"Чыр чыккан учурда милиция эки тараптан жыйырмадай адамды машинага салып кетти. Калгандары бат эле тарашты", - күбөлөрдүн бири ""Озодиге".

Тажикстанда уруксатсыз митингге чыгууга тыюу салынган. Мындай митингдер мурда БУУнун Европадагы же башка өлкөлөрдөгү Тажикстандын элчиликтеринин алдында өтүп келген.

Хорогдогу башаламандык

Тажикстандын Хорог шаарындагы 25-ноябрда болгон тополоңдо үч адам набыт кетип, онго жакын демонстрант ар кандай деңгээлде жараат алганын "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматы өздүк булактарына таянып жазды.

Кагылышуудан жабыркагандар арасында коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкери бар.

Тажикстанда 25-ноябрда күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда 29 жаштагы Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин ондогон адамдар нааразылык билдирип митингге чыккан.

Алар маркумдун сөөгүн Тоолуу Бадахшан автоном облусунун администрациясынын имаратына алып келип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну бийликтен талап кылган. Ошондой эле Москвадагы Тажикстандын элчилигинин алдында нааразылык билдирген жүздөгөн адамдар чогулган.

26-ноябрь күнү эртең менен нааразылык акциясы уланып, Хорогдун жана анын тегерек-четинин ондогон тургундары Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун акимчилигине келишти. Митингчилер түндү акимчиликтин жанындагы аянтта өткөргөнү кабарланды. Алар менен жергиликтүү бийлик жетекчилеринин ортосунда сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат жок.

Кечээ кечинде обладминистрациянын имаратынын алдында нааразылык билдирип чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда кагылышуу болду.

“Озоди” радиосунун булактары бир нече киши жараат алып, экөө облустук ооруканада каза тапканын билдирген.

26-ноябрда Гүлназар Муродбеков алган жараатынан каза тапкан. Ага Гүлбиддин Зиёбековду кармоо операциясы учурунда ок тийгени айтылды.

Хорогдогу нааразылык акциясы. 25-ноябрь, 2021-жыл.
Хорогдогу нааразылык акциясы. 25-ноябрь, 2021-жыл.

Башаламандык учурунда жараат алгандардын үчөө Улуттук коопсуздук кызматынын жергиликтүү кызматкерлери. Андан тышкары милиция жана прокуратура кызматкери жараат алганын УКМКнын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы башкармалыгы жергиликтүү телеканал аркылуу билдирди.

Бийлик жергиликтүү тургандарды “мыйзамсыз аракеттерге барбоого” чакырды.

Башаламандыкка себеп болгон кармоо операциясы

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун прокуратурасы 25-ноябрда Шохдар айылында оор кылмыштар боюнча айыпталган Гүлбиддин Зиёбековду кармоо операциясы өткөрүлгөнүн тастыктады.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Зиёбековго “Уюшкан топ тарабынан барымтага алуу”, “Улуттук, расалык, диний кастыкты козутуу” деген беренелер менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

"2020-жылдын 1-февралында Зиёбеков жана дагы бир нече адам Рошткала районунун прокурорунун жардамчысы А. Абирзоданы барымтага алып, Анжим жана Баржангал айылдарында сегиз саат бою кыйнап, сабашкан",- деп маалымдады прокуратура.

Рошткаланын тургундарынын бири “Озоди” радиосуна Зиёбеков прокуратура кызматкерин барымтага албаганын, аны сабаганын айткан. "Буга прокурор жардамчысынын жергиликтүү тургунга интимдик мамилени сунуштаганы себеп болгон" деген жергиликтүү тургун. Ошол эле маалда прокурордун жардамчысын жергиликтүү жаштардан турган топ суракка алып жаткан видео интернетке жарыяланды.

Тоолуу Бадахшан. 25-ноябрь, 2021-жыл.
Тоолуу Бадахшан. 25-ноябрь, 2021-жыл.

“Ал кезде Тоолуу Бадахшан автоном облусунун мурдагы башчысы Ёдгор Файзов чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечкен. Прокурор видео кайрылуу жасап, Бадахшандын тургундарынан кечирим сураган”, - дейт “Озоди” кабарчысы менен маектешкен тургун.

Көзөмөл органы тараткан билдирүүдө, Зиёбеков кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөтүп, мыйзамсыз көтөрүп жүргөн “Макаров” үлгүсүндөгү пистолеттен ок чыгарганы айтылат. Бирок Зиёбековдун жакындары расмий маалыматтарды төгүндөп, эч кандай каршылык болбогонун айтып жатат.

Окуянын күбөлөрүнүн бири Гүлбиддин Зиёбеков башына ок тийип, Шохдардан Хорогго бараткан жолдо каза болгонун айтты.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун тургундары күч түзүмдөрү кылмышка шек саналган кишини “эсен-соо колго түшүрбөгөнүнө” нааразылык билдирип чыкты. Хорогдогу митингчилер күч түзүмдөрүнүн зомбулугуна каршы чыгып, 2012-жылдагы окуялардын кайталанышынан кооптонуп жатканын билдирүүдө. Анда күч түзүмдөрүнүн атайын операциясында расмий маалыматтар боюнча 23 аскер кызматкери жана 21 жайкын тургун набыт болгон.

Тажикстан элчилигинин алдындагы нааразылык

Москвадагы Тажикстандын элчилигинин алдына чогулгандар.
Москвадагы Тажикстандын элчилигинин алдына чогулгандар.

25-ноябрда кечинде бул маалыматты уккан Тоолуу Бадахшан автоном облусунан келгендер Москвадагы Тажикстандын элчилигинин алдына чогулду. Москва полициясынын маалыматында, дипмиссияны кайтаруу күчөтүлгөн.

Москвадагы митингдин катышуучуларынын бири Ораз Вазирбеков “Озоди” радиосуна тажик дипломаттарынан так жооп ала электигин, ошондуктан Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдындагы колдоо акциясы улана турганын айтты.

“Биз Тажикстандын элчиси менен дээрлик эки сааттай сүйлөштүк. Хорогдо эки жергиликтүү тургундун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү таап, жоопкерчиликке тартууну, шаардагы бардык тосмолорду алып салуу жана облус менен уюлдук байланышты калыбына келтирүүнү талап кылдык. Бул талаптар аткарылбаса, Москвадагы нааразылык акциясы улана турганын айттык”, - деди Вазирбеков.

Москвадагы элчиликтин алдына чогулгандардын бири “Озоди” радиосуна билдиргендей, Хорогдогу митингден кийин бийлик Тоолуу Бадахшан автоном облусунда интернет жана мобилдик байланышты өчүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG