Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Тажикстандын "Талибандан" кооптонуусуна негиз барбы?


"Талибандын" желегин кармап турган Тажикстандын жараны.
"Талибандын" желегин кармап турган Тажикстандын жараны.

Талибдердин бийликке келиши менен "Ансоруллах" (Кыргызстанда террорчул уюм деп таанылып, тыюу салынган) жамааты да жанданды. Тажикстандын бийлигин басып алууну көздөгөн бул кыймыл менен "Талибандын" максаты бирби?

Тажикстандын расмий өкүлдөрү талибдер менен бирге согушуп жүргөн тажик тектүү согушкерлер чек араны кесип өтүп, өлкө аймагына кирип келүүнү пландап жатат деген таризде ар кандай маалыматтар келип жатканын айтышууда.

Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлү “Азаттыктын” тажик кызматына мындай маалымат ар кайсы булактардан келип жатканын ырастады.

“Бизге ушундай маалымат келип жатат. Бул ишке ашабы, жокпу белгисиз. Бирок кандай болбосун биз чек аранын аркы жагында коркунучтар бар экенин көрүп жатабыз жана аларга туруштук берүүгө камданып турабыз”,-деген атын атагысы келбеген расмий өкүл 22-сентябрда.

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасы 1400 чакырымды түзөт. Жай айларында талибдер Ооганстандын түндүк аймактарын басып алгандан бери Тажикстан да өз аскерлерин күжүрмөн даярдыкта кармап турат.

Июнь айында 25 жаштагы тажик тектүү Мохаммад Шарипов талибдер басып алган Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясынын чек арага жакын жайгашкан беш аймагын көзөмөлдөө үчүн аймак башчы болуп дайындалган. Буга байланыштуу Дүйшөмбүнүн коопсуздук кызматтары тынчсыздануусун билдирген эле.

"Ансоруллах" жамаатынын мүчөсү, Махди Арсалон деген ат менен белгилүү Мухаммад Шарипов.
"Ансоруллах" жамаатынын мүчөсү, Махди Арсалон деген ат менен белгилүү Мухаммад Шарипов.

Тажикстандын коопсуздук булактары Махди Арсалан деген ат менен да таанымал Шарипов талибдер бийликти алган соң, Кабулга барып "Талибандын" лидерлери менен сүйлөшүп кайтканын айтышкан.

Шарипов Бадахшанга бир апта мурун кайтып келгенин жашыруун калгысы келген жергиликтүү тургундар “Азаттыкка” кабарлаган. Ооганстандын мурдагы аскер кызматкери билдиргендей, тажик тектүү талибдер Тажикстандын чек арасын бузуп кирүүгө оңой жолдорду издеп, маалымат топтошууда.

"Шахиддер батальону"

Ооганстандагы талибдер көзөмөлдөгөн “Бахтар” медиа каражаты 22-сентябрда Бадахшан провинциясында "Лашкаре Мансур - шейиттер батальону" түзүлгөнүн кабарлады. Бул кыймыл Ооганстандын жаңы башчыларына каршы коркунучтарга туруштук берүү максатында түзүлгөн.

Тажикстандын чыгышындагы Тоолуу Бадахшан облустук администрациясынын маалымат катчысы Голиб Ниятбеков Ооганстан тараптан аскердик чабуулдар болушу ыктымал деген имиштер бар экенин "Озоди" радиосуна ырастады.

Ошол эле учурда "Талибандын" басма сөз катчысы Забиулла Мужахид согушкерлер Тажикстандын аймагына кирүүгө даярданып жатат деген божомолду четке какты. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунуна берген маегинде ал “Ооганстандын аймагын анын коңшуларына зыян келтирүү үчүн колдонууга эч кимге уруксат берилбейт” деп билдирди.

Июнь айында Мужахид Шарипов Тажикстан менен чектеш аймактарды көзөмөлдөө максатында облус башчы болуп дайындалганын да четке каккан. Анткени менен күбөлөр Арсалан Шарипов Куфаб, Хвахан, Маймай, Нурсай жана Шекай аймактарын көзөмөлдөп турганын кабарлашууда.

Жай айларында "Талибан" кыймылы Ооганстандын түндүгүн басып алган соң тажик президенти Эмомали Рахмон тажик-ооган чек арасына кошумча 20 миң аскерди тартып келүүгө буйрук берген. Жакында эле Тажикстандын куралдуу күчтөрү Орусия менен биргеликте Жамааттык Коопсуздук келишими уюмунун алкагында өз аймагында аскерий машыгууларды өткөргөн.

ЖККУнун аскерлери тажик-ооган чек арасына тик учактан көз салууда.
ЖККУнун аскерлери тажик-ооган чек арасына тик учактан көз салууда.

"Талибан" Кабулдагы бийликти алган соң, Рахмон “эгер жаңы түзүлгөн ооган өкмөтү тажик тектүү ооганстандыктардын кызыкчылыгын эске албаса, Дүшөмбү ал өкмөттү тааныбай турганын” эскерткен.

"Ансоруллахтын" жанданышы

"Талибан" коңшу өлкөлөрдү кооптонууга негиз жок деп ынандырып келгени менен, Тажикстан дагы деле жүздөгөн тажик тектүү согушкерлерден кооптонуп турат. Шарипов жана анын жоокерлери Кыргызстанда да, Тижикстанда да тыюу салынган "Ансоруллах" жамаатынын мүчөлөрү.

"Ансоруллах" жамаатын Тажикстандын мурдагы оппозициясынын өкүлү командир Амриддин Табаров негиздеген. Анын негизги максаты Дүйшөмбүдөгү бийликти басып алуу болгон.

Шарипов Тажикстандын жарандарын "Талибанга" кошулууга үндөп келгени менен белгилүү. Тажикстандын коопсуздук кызматынын өкүлү Шарипов 200дөй тажикстандыкты "Талибандын" катарына кошууга себепкер болгонун айтат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG