Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Талибдер кылмыш үчүн колун кескен тажрыйбаны киргизүүгө ниеттенүүдө


"Талибан" кыймылын негиздөөчүлөрүн бири Нуриддин Тураби.
"Талибан" кыймылын негиздөөчүлөрүн бири Нуриддин Тураби.

"Талибан" кыймылы (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) Ооганстанда кылмыш кылгандарды катуу жазалаган практиканы кайра киргизүүнү пландап жатат.

Кыймылдын негиздөөчүлөрүнүн бири Нуриддин Тураби Associated Press агенттигине курган маегинде сөз колун кесүү жана өлүм жазасы тууралуу болуп жатканын айткан.

"Колун кесүү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл", - деген Тураби жазанын мындай түрү кылмышты токтотууга таасирдүү ыкма экенин айткан. Анын белгилешинче, мындай тажрыйба коомчулуктун алдына ачык ишке ашырылабы же жокпу азырынча чечиле элек.

Талибдер бийликте турган учурда Ооганстанда киши өлтүрүүгө өлүм жазасы берилген. Уурулукка баргандардын колу, талап-тоноочулук кылгандарын колу-буту кесилген. Бул жаза жалпы коомчулук алдында, Кабулдагы стадиондо ишке ашырылып келген. Учурда Тураби талибдер түзгөн өкмөттө Түрмө кызматын жетектейт.

"Бардыгы бизди стадиондо жазалоо үчүн сынга алышкан. Бирок биз башка өлкөлөрдүн жазалоо мыйзамдары тууралуу эч нерсе айткан эмеспиз. Биздин мыйзамдарыбыз кандай болушу керектигин айтып, эч ким кийлигише албайт. Биз исламда кандай болсо ошондой кылабыз, Куранга ылайык мыйзамдарды жазабыз", - деген Тураби маегинде.

Кыргызстанда тыюу салынган радикал кыймыл Ооганстандын аймагынын басымдуу бөлүгүн жана 15-августта Кабулду өз көзөмөлүнө алып, бийлигин орноткон.

Алардын бийлигин дүйнөнүн бир да өлкөсү тааный элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG