Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Эрдогандын сөзүнөн кийин Орусияда Түркиядан келген азыктардан вирус табылды


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган (оңдо) жана Украинанын президенти Владимир Зеленский (солдо).
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган (оңдо) жана Украинанын президенти Владимир Зеленский (солдо).

Орусиянын "Россельхознадзор" мекемеси Түркиядан алынып келинген мөмө-жемиштерден коркунучтуу монилиоз жана помидордон вирус табылганын кабарлады.

23-сентябрда мекеменин өкүлдөрү Түркиянын Айыл жана токой чарба министрлигинин Азык-түлүк башкармалыгы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Орус бийлиги "продукциянын фитосанитардык коопсуздугун жогорулатууну" талап кылды. "Россельхознадзор" Түркиядан ташылып келген жашылча-жемиштерде пестициддердин деңгээли жогору экенин белгилеген.

Бул маалыматтар Орусия менен Түркиянын лидерлеринин жолугушуусуна бир нече күн калганда пайда болду. 29-сентябрда Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган Сочиде жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү айтылган. Түрк президенти сүйлөшүүлөрдүн темасы Сириядагы абал жана эки тараптуу мамиле болорун айткан.

Режеп Тайып Эрдоган 22-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун 76-Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөп, Крым аннексиясын тааныбай турганын жана Украинанын аймактык бүтүндүгү менен эгемендигин коргоо маанилүү экенин айткан.

20-сентябрда Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Крым аймагында Мамлекеттик Думага болгон шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.

Орусия ар кайсы өлкөдөн тамак-аш ташып келүүгө бир нече жолу чектөө киргизген жана жана муну тышкы саясаттын куралы катары колдонот.

2014 -жылы Евробиримдик Крымды аннексиялап алганына байланыштуу Орусияга каршы санкцияларды киргизген. Орусия буга жооп иретинде биримдиктин өнүмдөрүнө тыюу салган. Башында санкция бир жылга киргизилип, кийин узартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG