Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:09

Тажик жана өзбек киночулары акыркы 30 жылда биринчи жолу биргелешип кино тартат


Тажикстан жана Өзбекстандын кинематографисттери соңку 30 жылда биринчи жолу биргелишип фильм тартууну макулдашты. Биринчи долбоор тажик жана өзбек адабиятынын классиктери Нуриддин Абдуррахман Жами жана Алишер Навои тууралуу болмокчу.

Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы жазды. Съемка 15-кылымдагы эки улуу акындын жашоосунда маанилүү роль ойногон Самарканд менен Ооганстандын түндүк-батышындагы Герат шаарында боло турганы айтылган.

"Тажикфильм" киностудиясынын директорунун орун басары Толиб Габуллозода биргелешип тасма тартуу маселеси өткөн аптада Ташкентте талкууланганын билдирген.

"Сценарийин ким жазат, кайсы режиссерго ишеним берилери 4-5 күн катуу талкуу болду. Акыркы чечим чыга элек", - деген ал. Тажик тарап сценарий боюнча кинематографисттер бирлигинин төрагасы Сафар Хакдодду жана режиссер Файзуллохи Файзаны сунуштаган.

Тийиштүү топ Самаркандга барып, кино тартууга ылайык жерлерди аныктап келген. Бирок Герат шаарын талибдер басып алгандан кийин ал жакта тасма тартуу маселеси суроо жараткан. Өзбек тарап Самарканддан алыс эмес жерге Гератка окшош квартал курууну чечкен.

Герат провинциясын талибдер 12-августта басып алган.

Дээрлик 30 жылдан бери тажик жана өзбек киночулары бир да жолу биргелишип фильм тарткан эмес. Сафар Хакдоддун айтымында, совет учурунда "Тажикфильм" жана "Өзбекфильм" бир борбордон каржыланып, режиссерлор биргелешип иштешкен.

Өзбек актерлору Тажикстанда, тажиктер Өзбекстанда тартылган учурлар көп болгон.

Буга чейин кыргыз-өзбек киночулары "Делбирим" тасмасын чогуу тарткан. Фильм Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору Өзбекстандын “Узбеккино” улуттук агенттиги менен бирге Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” ("Кызыл жоолук жалжалым") повестинин негизинде тартылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG