Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Чыңгыз Айтматовдун аты Ташкенттеги көчөгө коюлду


«Делбирим» тасмасында башкы каармандарды ойногон артисттер Адиз Ражапов жана Мадина Талипбек.
«Делбирим» тасмасында башкы каармандарды ойногон артисттер Адиз Ражапов жана Мадина Талипбек.

Бул тууралуу Өзбекстандын Жазуучулар бирикмесинин төрагасынын биринчи орун басары Минхажидин Мирзо Ошто эки өлкөнүн акын-жазуучуларынын жолугушуусунда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы Өзбекстанда салтанаттуу түрдө белгиленген.

- Жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгы бизде салтанаттуу түрдө белгиленди, - деди ал. - Ташкенттеги борбордук көчөлөрдүн бирине Айтматовдун аты ыйгарылды. Ошондой эле Ташкент шаарындагы мектептердин бирине да аты коюлду. Өзбекстандын Жазуучулар бирикмеси тарабынан бир канча мамлекеттик денгээлдеги иш-чаралар уюштурулду. Муну менен өзбек эли кыргыз элинин маданияты, тарыхы, тили менен жакындан таанышты деп айтсам болот.

Мирзонун маалыматы боюнча, залкар жазуучунун 90 жылдыгына карата анын чыгармаларын Өзбекстандагы 20га жакын театр сахналаштырышкан.

19-20-июнь күндөрү Ош шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандык акын-жазуучулардын жолугушуусу өтүп жатат. Жолугушууга коңшу мамлекеттен Жазуучулар бирикмесинин мүчөлөрү келишти. Иш-чарада айтылган маалыматка караганда, кыргыз жазуучуларынын чыгармалары оөбек тилине, өзбекстандык жазуучулардын чыгармалары кыргыз тилине которулмакчы.

Буга чейин Өзбекстандагы гезит-журналдарда кыргыз акын-жазуучулары Тоголок Молдонун, Аалы Токомбаевдин жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары өзбек тилинде жарыяланган.

Былтыр залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде кыргыз жана өзбек киночулары биргелешип «Делбирим» тасмасын тартышкан. (MdN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG