Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Евробиримдик Орусияга байланышы бар киберчабуулдарды айыптады


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел. 20-сентябрь, 2021-жыл. Нью-Йорк.

Евробиримдик шаркетке мүчө бир катар мамлекеттерге жасалган киберчабуулдар үчүн Орусияны айыптап, "жоопкерчиликтүү мамлекеттин" эрежелерин сактоого чакырды.

"Айрым биримдикке мүчө мамлекеттер Ghostwriter деп аталган киберчабуул болгонун каттап, аны Орусия менен байланыштырышты. Мындай нерсе кабыл алынгыс. Анткени ал биздин демократиялардын баалуулуктарына, принциптерине, аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздукка коркунуч жаратууга багытталган", - деди шаркеттин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел 24-сентябрда.

Бул билдирүүдөн бир ай мурда Германиянын башкы прокурору немис саясатчыларына каршы багытталган киберчабуулдарды иликтеп баштаган. Германиянын тышкы иштер министри чабуулдарды Москвадан көргөн.

Орусия мындай дооматтарды четке кагууда. Боррелдин айтымында, Ghostwriter киберкампаниясы Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин парламентине, өкмөт мүчөлөрүнө, саясатчыларына, журналисттерге каршы багытталган.

Германия жана башка мамлекеттер Орусияны буга чейин да киберчабуулдарга айыптап келишкен. Москва мындай айыптоолорду мойнуна алган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG