Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Сирияда соттолгон кыргыз жарандарынын балдарын мекенине кайтаруу маселеси талкууланды


Сирия. (2020-жылы тартылган иллюстрациялык сүрөт).
Сирия. (2020-жылы тартылган иллюстрациялык сүрөт).

Сириянын Тышкы иштер министрлиги бул өлкөдө соттолгон кыргыз жарандарынын балдарын мекенине кайтарууга жардам берет. Бул тууралуу Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы алкагындагы эки тараптуу жолугушууда тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге Сириянын башкы дипломаты Фейсал Мекдад билдиргенин 24-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Министрлер балдарды кайтаруу маселесин жана Сириядагы соңку кырдаалды талкуулашты.

Руслан Казакбаев Кыргызстан бул өлкөдөгү саясий көйгөйдөн улам жаралган гуманитардык кризиске байланыштуу тынчсыздануу билдирип жатканын айтты жана Сириядагы бардык тараптарды абалдан тынчтык жолу менен чыгууга үндөдү.

Быйыл жазында Кыргызстан «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен 79 кыргызстандык баланы кайтарган.

Кыргызстандан кетип, Сирия менен Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында жүргөн кыз-келиндердин көпчүлүгү күйөөсүн ээрчип баргандар экенин 16-февралда диний радикализмди алдын алуу боюнча иштеген «Азия Групп» фонду билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG