Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Чек арада окуучулар аралашкан чыр иликтенет


Кыргыз-тажик чек арасы. Баткен. Максат айылы. Май, 2021-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы. Баткен. Максат айылы. Май, 2021-жыл.

Кыргызстандык эки мектеп окуучусун 23-сентябрда белгисиз кишилер Тажикстанга алып кирип кетип, алар бир күндөн кийин мекенине кайтарылды. Аларды бошотуу тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөргө Баткен жана Согд облустарынын башчылары, чек ара кызматтарынын аймактагы жетекчилери катышты.

Лейлек районунун Жаштык айылынын 16 жаштагы эки тургунун жана Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Тажикстан тараптан келген белгисиз кишилер 23-сентябрда өздөрү тарапка алып кетишкен.

УКМКнын баштапкы маалыматына ылайык, өспүрүмдөр шарттуу чек ара тилкесинде аткезчилердин жүгүн автоунаага жүктөөгө жардам берип жатышкан. Өспүрүмдөрдү кармап кетүүгө Тажикстандын күч органдарынын катышы бар-жогу такталып жатканын билдирди.


Бул окуя боюнча Тажикстан тарап расмий маалымат бере элек.

Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында Лейлек районунда жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипке өттү.

Тажикстанда бир күн кармалып, кое берилген балдардын биринин атасы Азам Гапаров “Азаттык” байланышканда буларды айтты.

“Тажикстандык кищинин спринтери менен кыргыздын спринтерине жүк жүктөп жатышкан экен. "Чечилбеген жерден чек арадан өттү" деп кармап кетишиптир. 10-класста окуган үч баланын бир качып кутулуптур. Аткезчилик жүктү тажиктерге, кыргыздарга дагы жүктөп жатышкан экен. Балам машыгууга барам деп кеткен болчу”, - деди Гапаров.

Ушул эле күнү, 23-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен башка бир аймакта (Баткен районунда) мектеп окуучулары чырдаша кетип, кыргызстандык төрт окуучу, тажик тараптан эки бала менен бир чоң киши жабыр тарткан.

Баткен районунун акими Учкун Жоробаев 23-сентябрда Көк-Таш айылынын Дахма аймагында кыргызстандык төрт окуучу сабалганын билдирди.

Анын айтымында, 8-класстын төрт окуучусу мектептен кайтып келатканда Тажикстандын 11-классынын 30га жакын окуучусу аларды уруп койгон. Жабыркаган кыргызстандык окуучуларга ошол эле күнү алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген.

Учкунбек Жоробаев мушташтан жабыркагандар ооруканадан тийиштүү медициналык жардам алып, үйүндө дарыланып жатканын билдирди.

“Эки тараптын ички иштер органдары өз аймагында окуяны териштирүү, тактоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Жергиликтүү бийлик мындан кийин окуучулардын, тургундар арасында улут аралык касташууну алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрөт. Окуя болгон жердеги кыргыз-тажик мектептеринин мугалимдеринин ортосунда жолугушуу болуп жатат. Бүгүн, Лейлек районунда облустук деңгээлде жергиликтүү бийликтин жолугушуусу болду”, - деди аким.

Ал эми "Азаттыктын" тажик кызматы Чорку жамаатынын Сомониён айылынын тургундарына таянуу менен Көк-Таш айылында жашагандар мектептен келаткан тажик балдарды таш менен урганын жазды. Тажикстандын Чорку жамаатынын жетекчиси Шукурхон Насриев буларды билдирген.

“Балдар сабактан кайтып келе жатканда Сомониён айылы менен коңшу жайгашкан Баткендин Көк-Таш айлынын бир нече тургуну эч себепсиз балдарга таш ыргыткан. Азыр биз бул окуяны териштирүүдөбүз”, - деген Насриев.

Маалыматка караганда эки бала, бир киши жергиликтүү ооруканага түшкөн. Алардын башы жарылып, мурду, тиши сынганы кабарланды.

Бул окуядан кийин Баткен районунун акими, райондук ички иштер бөлүмүнүн, атайын кызматтын райондук бөлүмүнүн жетекчиси Тажикстандын Исфара районунун башчысы жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жолугушту. Жыйынтыгында эки тарап чек ара аймагында жашаган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мыйзам бузгандарга чара көрүү тууралуу макулдашканы кабарланды.

Буга чейин, 6-сентябрда Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну, сегиз баланын атасы Кубанычбек Акматовду кармап кеткен. Кармоо учурунда жанынан болжол менен 100 кг кокон чайыры (ферула) чөбү табылганы айтылган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Акматов Үч-Дөбө айылы тарапка дары чөп чогултуп барганын, аны транзит жолдон кармап кетишкенин жана ага тажик жарандарына чөптү мыйзамсыз сатууга аракет кылган деген айып коюлганын маалымдаган.

Бул окуя боюнча эки өлкөнүн облустук ички иштер башкармалыктарынын башчылары сүйлөшкөн. Тажик тарап кармалган кыргызстандык жаран Дүйшөмбү шаарында экенин айтса, анын атасы Кожент шаарында үй камагында деп ырастаган.

Кубанычбек Акматов 20-сентябрда Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

Биринчи коопсуздук керек

Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрованын пикиринде, чек ара маселесине эки өлкө башчылары батыл аралышып, бир жаңсыл чечилмейин абал жеңилдебейт.

“Быйыл акыркы эки айда эле бир нече чыр чыгып кетти. Мына эми балдар таяк жеди. Канча убакыт ый, чыр менен жашайбыз? Көк-Ташта тикен зым тартууга да болбойт. Маселени чечүүгө эки өлкө башчыларынын каалоосу болсо, аралаш жайгашкан участокторду алмашуу керек. Антпесе элдин чыдамы түгөнүп баратат”.

16-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн (ЖККУ) лидерлеринин саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ооган көйгөйүнөн тышкары кыргыз-тажик чек арасы боюнча да маселе көтөргөн.

"Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн, ачык жана демократиялуу мамлекет. Өзүнүн көз карандысыздыгынын алгачкы күндөрүнөн тартып коңшу өлкөлөр жана дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен жалпы ырааттуу, достук, ынак коңшулук жана тең салмактуу саясатты жүргүзүп келет. Өлкөлөр ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жолу, саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана сүйлөшүү столунда чечүү зарылдыгы боюнча Кыргызстандын көз карашы өзгөрүүсүз калат".

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 980 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган. Президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун Дүйшөмбү шаарындагы кездешүүсүндө 32 чакырым жер тилкеси боюнча эки тарап макулдашууга келгенин тажик мамлекет башчысы айткан.

Июлдун аягында тараптардын топографиялык топтору дагы 40 чакырымдай жер боюнча документке кол коюшкан. Бирок, чек арадагы жер боюнча алгач президенттер кол коюп, аны парламент кабыл алгандан кийин такталды деп эсептелет.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова чек араны тактоо татаал жана узак маселе экенин белгилеп, ага чейин бийлик чек арада жашаган элдин коопсуздугуна көңүл бурушу зарыл деп эсептейт. Эл өкүлүнүн пикиринде, ириде күч түзүмдөрүнүн ишин жакшыртып, жергиликтүү тургундардын жашоосуна шарт түзүү менен түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек.

“Чек ара татаал, жерди тактоо оор маселе экенин билебиз. Мамлекет башчысы, жергиликтүү бийлик жакшы иштеши керек. Биринчи кезекте жергиликтүү тургундарга шарт түзүүнү ойлонолу. Эл коркуп турат. Түшүндүү иштери менен психологдор дагы иштеши керек”, - деди эл өкүлү.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр-чатактар байма-бай катталып турат. Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жараат алган, жүздөгөн имараттар кыйраган. Тажик тараптан 19 киши каза болуп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Тараптар кагылышуу үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналгандардын иши Баткен облусунун Лейлек райондук сотунда 17-сентябрда каралган. Анда Тажикстандын эки жараны - Абдурозик Каххоров менен Аскар Юнусов өмүрүнүн аягына чейин камалган. Аларды Кыргызстандын күч органдары быйыл майда кармашкан.

Аларга көмөктөшүүгө айыпталган Кыргызстандын үч жаранынын ишин Лейлек райондук соту 21-сентябрда карап Акмалжон Исоевди 15 жылга, Аюбжон жана Амонжон (фамилиялары азырынча "Азаттыкка" маалым эмес) аттуу айыпталуучуларды сегиз жарым жылга кескен.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG