Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Чек аранын жабыктыгы студенттерди арабөк абалда калтырды


Кыргызстандагы чет элдик студенттер.
Кыргызстандагы чет элдик студенттер.

"Азаттыктын" тажик кызматы Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алган 100дөн ашуун тажикстандык студенттерге Бишкекке келүүгө уруксат берилбей жатканын жазып чыкты. Расмий Бишкек бул маселеге байланыштуу атайын долбоор иштелип жатканын айтууда. Быйыл апрелдин аягы, майдын башында Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу толук жапкан болчу.

Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигиндеги булак "Азаттыктын" тажик кызматына Кыргызстанда билим алган студенттер быйыл кире албай калганын билдирген. Алар Тышкы иштер министрлиги аркылуу Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен байланышканын, бирок жооп ала электигин айтып беришкен.

Кыргыз тарап бул маалыматка кечирээк комментарий берди. Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин 20-сентябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда окуп жаткан, окууга тапшырган жана мугалим болуп иштеген Тажикстандын жарандарына байланыштуу Министрлер кабинетинин буйругунун долбоору иштелип чыккан. Ал тажик жарандарына Кыргызстандын аймагынан чыгууга жана өлкө ичинде жүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган. Бул документ этникалык кыргыздарга да тиешелүү.

Ушул тапта буйруктун долбоору тийиштүү мамлекеттик органдардан макулдашуудан өтүп жатканы белгилүү болду. Министрлик Тажикстанга бул тууралуу маалымат берилгенин кошумчалады.


Кыргызстанда тажик студенттери студенттер куугунтукка кабылганы тууралуу маалымат быйыл июль айында, Баткенде кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан кийин да чыгып, Билим берүү жана илим министрлиги муну четке каккан.

Ал кезде Тажикстандын билим берүү министри Махмадюсуф Имомзода Кыргызстанда билим алган тажикстандык студенттерди алып кетүү иштери жүрүп жатканын, жаңжалдан кийин студенттер коркутуп-үркүтүү көбөйгөнүн айтып, мекенине которулуу үчүн арыз бере баштаганын билдирген.

“Окууну мекенинде улантууну каалагандар бизге кайрылса болот деп министрликтин сайтына жарыяладык. Министрликке абдан көп кайрылуу түштү, биз аларга сөзсүз жардам беребиз. Жакында Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси менен сүйлөштүм. Кыргыз окуу жайларынан документ алууда көйгөй жаралган студенттер элчиликке кайрылса болот", - деген Имомзода.


Тажикстандын Билим берүү министрлиги кыргыз окуу жайларында билим алган студенттерге өз мекениндеги университет-институттардан башка кесиптик багыттарда орундарды сунуштаган. Бирок студенттер ага макул болушкан эмес.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги буга дароо реакция жасап, өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алып жаткан тажикстандык студенттер куугунтукталган деген билдирүүлөрдү төгүндөгөн. Чек арадагы чыр-чатакта тажиктерге Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жетекчилиги тарабынан колдоо көрсөтүлгөнүн жарыялаган. Ошондой эле тажик студенттеринен куугунтуктоого кабылганы боюнча арыз-даттануу түшкөн жок деген жүйө келтирген.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-2021-окуу жылында Кыргызстанда Тажикстандын 2 миңдей жараны билим алган.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон. Кандуу калабада Кыргызстанда 36 адам көз жумуп, ондогон турак-жай, социалдык объектилер талкаланган. Тажик тарап 19 киши каза тапканын маалымдаган.

Жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек араны бир тараптуу жапкан. Анын качан ачылары азырынча беймаалым.

Негизи коронавирус пандемиясы башталганга чейин өлкөдө 20 миңдин тегерегиндеги чет элдик студент окучу. Алардын басымдуу бөлүгү медициналык билим алуу үчүн келген индиялык жана пакистандык жаштар. Андан тышкары Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан, Түркмөнстандан дагы келип окушат.

Ички иштер министрлиги 2021-жылы тараткан маалыматта пандемия башталгандан бери чет элдик студенттердин саны 5 миңге кыскарганы айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG