Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Чек ара: Баткенде эки жаран өмүр бою кесилди, үчөөнүн соту уланууда


Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Терек айылы. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде чек ара жаңжалына байланыштуу кармалган Тажикстандын эки жараны өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилди. Аларга көмөктөшүүгө айыпталган Кыргызстандын үч жаранынын иши боюнча өкүм чыга элек. Быйыл апрелдин аягындагы жана майдын башындагы окуяда эки тараптан тең ондогон жарандар каза болуп, үйлөр жана башка объектилер өрттөлгөн.

Соттук иштин деталдары

Куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналган беш кишинин иши Баткен облусунун Лейлек райондук сотунда каралууда. Сот отурумдарынын көбү күбөлөр келбей калганына байланыштуу улам жылдырылып отуруп, 13-14-15-сентябрдагы процесстерде алгачкы чечимдери чыкты.

Тажикстандын эки жараны Абдурозик Каххоров менен Аскар Юнусов Жазык кодексинин 380-беренеси – “Тынчтыкка каршы кылмыштар” жана 391-беренеси – “Мародёрлук” боюнча айыптуу деп табылды. Сот экөөнү тең өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну чечти.

Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замир Ормонов “Азаттыкка” иштин деталдары тууралуу кийинчерээк кенен маалымат берилерин билдирди.

“Өкүмдүн текстин даярдай элек окшойт. Ошондуктан алар мага бере алышпай жатат. Кагазы колума тийсе эле, сиздерге дароо жиберип коём. Азырынча өзүмдүн колума деле толук маалымат тийе элек”.

Мунун алдында “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчылары айыпталуучулардын жакындары менен байланышкан. Жоопко тартылгандардын бири Абдурозик Каххоровдун аялы Наргис Жабборова алар өздөрү сотко бара алышпаганын, отурумда Кыргызстандын атынан расмий дайындалган адвокат гана катышканын билдирген.

Айыпталуучулардын экинчиси Аскар Юнусовдун атасы Абдулазиз Юнусов болсо журналисттерге берген комментарийинде сотко катышуу үчүн Тажикстандан Кыргызстанга келишкенин, бирок сот жабык эшик артында өткөндүгүн айткан.

“Уулум чатак учурунда куралдуу адамдар менен чогуу видеого түшүп калган экен. Алардын болгон далили ошо видео болуп жатат. Мен келинимди жана неберелеримди сотко алып бардым. Уулумду биз процесс башталганга чейин гана көрө алдык. Өкүмдү окурдун алдында бизди сот залынан чыгарып жиберишти. Сот аларды өмүр бою абакка кескенин бизге адвокат маалымдады. Мен азыр нес болуп турам. Бирок биз өкүм менен макул эмеспиз жана аны жокко чыгарууга аракет кылабыз”, - деди Абдулазиз Юнусов.

Каххоров менен Юнусовду Кыргызстандын күч органдары быйыл майда кармашкан. Алар менен чогуу кыргызстандык үч жаран да колго түшкөн. Жергиликтүү жарандардын аты-жөнү жарым-жартылай гана белгилүү. Бири Акмалжон Исоев 26 жашта, Аюбжон менен Амонжондун фамилиялары жана курагы так эмес.

Мамлекеттин атынан айыпталуучуларга адвокат катары бекилген Мелис Абдураимов менен “Азаттык” байланышканда ал комментарий бере албай турганын айтты.

“Мен адвокаттык этиканын чегинен чыгып, сизге интервью бере албайм. Анткени мен сизди тааныбайм, телефондон ким экениңизди да билбейм. Ошондуктан эч нерсе айтпай турайын. Эгер ишти чагылдырам десеңиз, анда сот отурумуна келип катышыңыз, теманы ошол аркылуу бериңиз”.

Жеке булактар кабарлагандай, кыргызстандык үч жаранга “турак жайларды өрттөө, талап-тоноо иштеринде кошуна мамлекеттин жарандарына жардам берген" деген кине тагылууда. Тагыраагы ушул Борбордук, Арка жана башка айылдардагы объектилердин талкаланып, зыян келтирилишине байланыштуу айып коюлган.

Прокуратура үчөөнүн ар бирин 20 жылдан эркинен ажыратууну соттон өтүндү. Алардын иши боюнча өкүм 21-сентябрдагы отурумда жарыяланары айтылды.

Айыпталган кыргызстандыктардын дайыны

Колго тийген маалыматтарга ылайык, кармалган үч кыргызстандык Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы Борбордук айылынын тургундары. Үчөө тең тажик тектүү.

Акмалжон Исоевдин апасы Рано Исоева “Азаттыктын” тажик кызматына комментарий берип, сот иштери боюнча учкай буларды билдирген.

“Мен соттон "мекенге чыккынчылык кылуу" боюнча айыпты жана "баңгизатты жүгүртүү" боюнча айыптоону алып салууну өтүндүм. Бирок тергөөнүн далилдери жок экенине карабай аны алышкан жок. Акмалжон өзүн күнөөлүү деп эсептебейт. Анын аялы, менин келиним менен неберелерим азыр Тажикстанда, аларга үйгө кайтып келип Акмалжон боюнча көрсөтмө берүүгө уруксат бербей жатышат. Сот отурумдарына жакындардан менден башка эч ким катышпай жатат. Акыркы жолу сотко барганымда эки күбө сотко алып келинбептир. Ошого байланыштуу отурумду башка күнгө жылдырышты. Ага чейин беш киши келип биздин үйдү тинтип кетишти. Формачан эмес, жөнөкөй эле кийимчен экен. Биз алгач киргизбей койсок, эшикти түртүп кирип, текшерип кетишти”, - деген ал.

Акмалжон Исоевдин аялы Махинбону Мукаррами учурда Тажикстандын Бабажан Гафуров районунда, ата-энесинин үйүндө күн кечирүүдө. Балдары да ошол жакта.

Башка айыпталуучулар Аюбжон менен Амонжон да болжолдуу Исоев курактуу, бирок кийинчерээк үйлөнүшкөнү белгиленет.

Лейлек районунун Борбордук айылынын башчысы Эркин Курбанов “Азаттыкка” берген комментарийинде алар жөнүндө мындай маалыматтарды берди:

“Биздин айылда, кыргыз, тажик, өзбек жана башка улуттар жашайт. Бир-эки маале тажиктер турат, өздөрү тажик болгону менен кыргыз жарандары. Ошол кармалган жигиттер баягүнү чатак чыккан учурда жолго чыгып, фото-видеого түшүп калышкан экен. Үчөөнүн тең үй-бүлөсү орто жашайт. Акмалжон карыган апасы менен турат, атасы өтүп кеткен. Аялы, балдары бар. Аюбжондун атасы мурда тракторист болчу, Амонжон да ата-энеси менен турат. Мен билгенден Аюбжон менен Амонжон жаңы эле үйлөнүшкөн. Коюлган айыптар жөнүндө мен эч нерсе айта албайм, аны эми сот чечет”.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 1-майга чейин уланган. Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткен районунун Ак-Суу дарыясындагы "Башкы" же эл оозунда “Головной” деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайда “тажик тарап камера орното баштаган, негизги чыр ошондо башталган” деп кабарлаган. Тажикстандын тиешелүү органдары окуянын түпкү себебин так айтпаганы менен, "чырды кыргыз тарап баштаган" деп билдирген.

Төрт күнгө созулган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала бар) курман болгон, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Согд облусунда 14 турак-жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Калган иштердин баяны

Жазык кодексинин 380-беренеси – “Тынчтыкка каршы кылмыштар” боюнча кылмыш ишин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 29-апрелде козгогон. Бул боюнча сотко чейинки тергөөнү жүргүзүү милдети Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган мекеме аралык тергөө тобуна тапшырылганы маалым.

Мындан сырткары Ички иштер министрлиги өзү Баткендеги окуялар боюнча жалпы дагы ондогон фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Алардын арасында Жазык кодексинин 264-беренеси (“Массалык башаламандык”), 210-беренеси (“Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же талкалоо”), 266-беренеси (“Ээнбаштык”), 358-беренеси (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”), 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча тергөө иштери бар.

Булар Баткен районунун Ак-Сай айылындагы “Башкы” ("Головной") суу бөлүштүрүүчү тилкесинде минометтен атылган октон курман болгон 25 адамдын өлүмү, Лейлек районундагы 12 жаштагы кыздын өлүмү, жолдогу автоунааларды аткылоодон каза болгондор жана башка фактылар жөнүндө.

Бул иштердин жыйынтыгы кандай болду азырынча расмий кабарлана элек. Кылмыштарга байланыштуу жалпы канча киши кармалганы, канчасы жоопко тартылып, канчасына издөө жарыяланганы да белгисиз.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова кандай болгон күндө да кылмыш иштери калыс жана бейтарап иликтениши керек деп эсептейт.

“Быйыл апрелде болгон окуя бул эки мамлекеттин ортосундагы конфликт. Мында Тажикстан да өзүн күнөөлөбөйт, Кыргызстан дагы өз кемчилигин ачык айтпайт. Ошондуктан муну эл аралык комиссия иликтеп, баа бериш керек эле. Эгер өз алдынча иликтейбиз дешсе дагы, өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык комиссиясы иликтөө алып барса болмок. Бирок тилекке каршы, ал дагы, бул дагы болгон жок. Албетте, бул жерде опол тоодой кылмыштар болду, күнөөлүүлөр бар. Бирок аларды иликтөөнүн жыйынтыктары ачык айтылышы керек. Антпесе, жалпы кылмыштар үчүн ошол эки тажикстандык менен үч кыргызстандык эле күнөөлүү болуп калдыбы, же мындан башка да айыптуулар жоопко тартылдыбы белгисиз бойдон калып калат”.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 3-майда тараткан маалыматта, Баткен районунун Көк-Таш айылынын Көчө-Бою аймагында тажик жарандары чагымчылдык кылып, эки тараптын кагылышуусу орун алганы айтылган.

Башкы прокуратура кагылышуудан кийин Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында чек араны бузуп кирип, өлкөнүн эгемендигине кол салып, жай тургундарга, чек арада турган аскерлерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине автоматтан, минометтон, чопкутталган техникадан, аскердик тик учактардан ок чыгарышкан деп кабарлаган.

Кыргызстандын башкы көзөмөл органы тараткан маалыматта Тажикстан аскерлери минометту жана аскердик тик учактарды колдонуу менен “Булак-Башы”, “Капчыгай”, “Достук”, “Миң-Булак” чек ара тозотторуна “Кожожар”, “Кызыл-Бел” чек ара постторуна жана Баткен, Лейлек райондорунун калктуу конуштарына кол салып, аймактарды басып алышканы жазылган.

“Тажикстан Республикасынын аскер кызматкерлеринин бул аракеттери Кыргыз Республикасынын бүтүндүгү менен суверенитетине карата алдын ала пландаштырылган жалаа менен агрессияны айгинелейт. Алардын аракетинде пландаштыруу, агрессивдүү түрдөгү куралданууга даярдык, эл аралык келишимдерди бузуу менен агрессиялык согушту жүргүзүү байкалат”, - деп белгиленген билдирүүдө.

Кыргыз тарап тажик аскерлери Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 2004-жылдын 26-майында түзүлгөн жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндөгү келишимди, тынчтыкта жашоо принциптерин, достук жана кошуналык мамилелерди бузганы үчүн айыптаган.

Баткен облусунда иш алып барган юрист Асылбек Кунгуров бул иштер боюнча мындайча пикири менен бөлүштү:

“Чек арадагы жаңжал боюнча Лейлек райондук ички иштер бөлүмү жана Баткен райондук ички иштер бөлүмү бир топ иликтөө иштерин алып барганынан кабарым бар. Бир нече киши кармалып, бир топ кишиге издөө жарыяланып, тергөө иштери жүрүп жатат. Сотко ашкан иштердин жыйынтыгын көрүп жатабыз. Көпчүлүк кылмышка шектүүлөр маселен, Тажикстандын жарандары болуп табылса, ал өлкө бизге бербейт, бул түшүнүктүү. Бирок алардын тек-жайын аныктап, кылмыштарын далилдеп, сыртынан болсо дагы чечим чыгарып, издөө жарыялап коюш керек. Соттун өкүмдөрүн Тажикстанга жөнөтүп, формалдуу чараларга баруу кажет. Эки тараптуу аракеттерден майнап чыкпаса, андан кийин эл аралык механизмдер бар. Анткени, Интерпол аркылуу же башка линиялар аркылуу алар кийинчерээк болсо да кармалып калышы мүмкүн. Башка маселе, биз соңку чатакты коңшу өлкөдөн жасалган "агрессия" деп бааладык, ондогон адамдар өлдү, үйлөр өрттөлдү. Эртең ошо жабыр тарткан эл “кана кимди кармадыңар, күнөөлүүлөрдү соттодуңарбы?” деп сурайт. Укук коргоо органдарында, бийликте ошого бере турган жооп болуш керек. Окуяга саясий баа бере албасак да, юридикалык баа берилип калышы шарт. Тарых алдында, коом алдында бул азыркы бийликтин бирден-бир милдети болуп калат”.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек.

Президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун Дүйшөмбү шаарындагы кездешүүсүндө 32 чакырым жер тилкеси боюнча эки тарап макулдашууга келгенин тажик мамлекет башчысы айткан. Июлдун аягында тараптардын топографиялык топтору дагы 40 чакырымдай жер боюнча документке кол коюшкан. Бирок жер тилкелери боюнча президенттер кабыл алып, аны парламент бекиткен учурда гана такталды деп саналат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG