Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

Чек ара жаңжалында каза болгон Мадинанын аты жаңы шаарчага берилди


Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалда набыт болгондордун жакындары үчүн курулуп жаткан үйлөрдүн ачкычы 16-сентябрда ээлерине тапшырылды.

Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Шаарчага чек ара чырынын курмандыгы болгон 12 жаштагы окуучу кыз, Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанованын аты берилип "Мадина шаарчасы" деп аталды.

“Алардын (жаңжалда набыт болгондор - ред.) мекен үчүн жасаган эрдиги эч качан унутулбайт. Бул үйлөрдө мамлекет үчүн күйгөн, өз элин сүйгөн жана мекенди көздүн карегиндей сактаган, уул-кыздарыбыз тарбиялансын", - деди президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев.

Ачкыч тапшыруу аземине чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, мамлекет башчынын коомдук иштери боюнча кеңешчиси Ассоль Молдокматова катышты.

Жаңы шаарчадагы үйлөр
Жаңы шаарчадагы үйлөр

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон кыргызстандыктардын жакындары үчүн Баткендин Чет-Булак конушуна 36 жаңы турак жай курулган. Баткен шаардык мэриясы үйлөр бардык шарттары менен төрт бөлмөдөн турарын, короосу 6 сотых экенин билдирген. Аймакта бала бакча жана сейил бак да болору кабарланган. Үйлөрдү "Каганат инвест" компаниясы куруп жатат.

Мадинанын өмүрүн уурдаган миномет огу
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:12 0:00

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында 28-августта үйлөрдүн курулушу менен таанышкан.

Баткендеги чек ара чырында 12 жаштагы окуучу кыз, Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанова кандай жагдайда каза тапкан. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, Мадина апасы жана сиңдиси үчөө качып келе жаткан учурда 10 метр алыстыкта минометтун огу жарылган. 12 жаштагы кыз ооруканага жетпей көз жумган.

28-29-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болду. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, Башкы прокуратуралары кылмыш иштерин козгошкон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG