Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Чек ара: жаңжалда уурдалган мал-мүлк кайтарыла элек


Максат айылындагы милиция бөлүмү. Баткен облусу.
Максат айылындагы милиция бөлүмү. Баткен облусу.

Чек арадагы жаңжалда уурдалган ондогон автоунаа менен жүздөгөн мал-жандыктарды Тажикстан тарап Кыргызстанга кайтара элек. Жергиликтүү бийлик кыргызстандыктардын жоголгон мүлкү жана малдары кошуна өлкөдө экенин ишенимдүү айтып жатат. Тажикстан тарап аны четке кагууда. Сүйлөшүү аракетинен азырынча майнап чыккан жок. Карапайым калк өкмөткө үмүт артып турган чагы.

Тажикстанга чектеш Максат айылынын тургуну Алмаз Эшимбетов жазында трактор сатып алганда бүтүндөй кыштак сүйүнгөн. Себеби, айылда трактор жок болгондуктан, талаа иштерине башка жактан жалдап иштетишчү.

Бирок Алмаздын жана айылдаштарынын кубанычы эки айга да жетпеди. Апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда трактор жоголду.

"Алты балам бар. Трактор менен тирилик кылып, аларды багайын дегем. Анын табылышына үмүтүм да өчүп баратат. Тажикстанга киргенден кийин аны бөлүп-бөлүп металлоломго тапшырып жиберишсе керек. Ошентсе да мамлекеттен үмүтүм бар", - деди Эшимбетов.

Ал тракторду 315 миң сомго сатып алган, каражаттын жарымы карыз эле.

Максат айылынын дагы бир тургуну Насиба Максытованын үйүнөн да жеңил автоунаа, бир уй жана төрт кой жоголгон.

"“Волксваген Пассат” үлгүсүндөгү машине эле. Короодо калган. Автоунаанын номурун таштап, өзүн Тажикстанга айдап кирип кетишкен. Майыптыгы бар баламды ошол машинеде райондун борборуна дарыгерге ташыйт элек", - деди Максытова.

Учурда Орусияда иштеп жүргөн Лейлек районунун Достук айылынын тургуну Сыймык Эмилбековдун жүк ташыган автоунаасын айдап кетишкен. Эмилбеков жүк ташуучу машинеси насыяга алынганын, бийлик өкүлдөрү Тажикстандан алып келүүгө аракет көрбөй жатканын айтты.

“Бастырып киргенде жалпы тогуз жүк ташуучу унааны айдап кетишкен. Милиция жакында чыгат деп айткан. Төрт айдан бери жок. Насыяга алган элек, насыяны ошол унаа менен иштеп жабат элек. Тажикстандын атайын кызматынын колунда деп уктук”.

Чек ара жаңжалында жергиликтүү эл жанын аман сактап калуу үчүн коопсуз жакка убактылуу кетүүгө аргасыз болгон. Ок атылып, үйлөр талкаланып жаткан кезде эч кимде мал-мүлкүн алып кетүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкуловдун айтымында, куралдуу кагылышта Тажикстан тарапка жети жүк ташуучу, 36 жеңил автоунаа жана 509 бодо мал айдалып кеткен. Алардын бири да кайтарыла элек.

Алмазбек Рахманкулов
Алмазбек Рахманкулов

"Үч жүк ташуучу автоунаа жаңжалга чейин кирген экен. Төртөөнү кийин айдап кирип кетишкен. Мен Гафуров районунун акими менен сүйлөшкөм. Жалпы 36 жеңил машине, бусиктер, "Портер" үлгүсүндөгү автоунаалар бар. Бүгүнкү күнгө чейин бирөөсү да чыкпады. Бир нече жолу жолугушуу учурунда айттым, аким андай техника жок деп жатат", -деди аким.

Рахманкулов Тажикстандын Гафуров районунун акимине кат менен кайрылганын, бирок жооп бере электигин кошумчалады. “Азаттык” азырынча Тажикстандын органдарынан бул жаатта маалымат ала алган жок.

Кыргыз бийлиги жеке ишкерлердин колдоосунда тургундарга жаңы үй куруп, бизнес ээлерине акчалай жардам берүүдө. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жоголгон автоунаа жана мал-жандыктардын саны өкмөткө жиберилгенин айтты:

"Бул боюнча өкмөттө комиссия иштеп жатат. Жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүнүн биринчи этабын аяктады. Жабыр тарткан ишкерлерге 200 миң сом жардам жана үч жылга 200 миң сом ссуда берилди. Кийинки этапта жоголгон мал-мүлктөрдү калыбына келтирүү жагы каралат".

Экономикалык маселелер боюнча серепчи Эркин Абдыразаков жаңжалдан бери төрт ай өткөнү менен, жоголгон мал-мүлктүн бири да табылбаганын “бийликтин чабалдыгы” деди:

Эркин Абдыразаков
Эркин Абдыразаков

"Памирдеги кыргыздарды алып келебиз деп көкүрөк кагабыз. Адегенде бийлик мамлекетибиздин туруктуу жарандардын кызыкчылыгын коргоп албайбы. Бийликтин сүйлөшүүлөрүнүн пайдасын көрбөдүк. Парламент депутаттары трибунада кыйкырбай, кошуна өлкөдөгү депутаттар менен сүйлөшсө, балким маселелерди жайгаруунун жолдору табылмак".

Эркин Абдыразаков жаңжалда жоголгон мал-мүлк маселеси чек арада жаңы чыңалууларга себеп болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.


Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) курман болгон, 180ден ашуун адам жаракат алган.

Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгогон.

Такталбаган чек ара маселесинен улам Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагындагы айылдарда чыр-чатак соңку жылдары арбын катталууда. Ондогон кишинин өмүрү кыйылган коогадан бери мамлекеттик жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болгону менен маселе чечиле элек.

Баткен: Эгемендик чек арадан бекемделет
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:36 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG