Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Чек ара: Тажикстандын талаш тилкедеги курулушу


Баткендеги “Башкы” суу бөлүштүрүүчү түйүнү.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жагдай чыңалган бойдон калууда. Тажик тарап “Башкы” (Головной) суу бөлүштүргүч түйүнүнө жакын жерге траншея казып, цемент куйганын улантууда.

Ал ортодо кыргызстандык айдоочулардын автоунааларына таш ыргытылган учурлар да катталды. Бул жагдай мурдагы сүйлөшүүлөрдө жетишилген келишимдерге шек жаратууда.

Кайрадан “Башкы” тилкеси

Төрт ай мурда жаңжал чыккан “Башкы” (Головной) деп аталган суу бөлүштүрүүчү тилкедеги жаңы окуя 21-августта башталды. Кыргызстандын расмий органдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү анда тажик тарап траншея каза баштаганын кабарлашкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы эскертүү бергенден кийин Тажикстан ишти ошол күнү кечинде токтоткон. Бирок 22-августта казылган чуңкурду цемент менен бекемдөө уланган.

Чек ара кызматы бул күнү тараткан билдирүүсүндө аймактагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлап, окуяга байланыштуу сүйлөшүү уланып жатканын билдирди:

Кыргыз-тажик чек арасындагы "Башкы" суу тосмосунун башка жагынан көрүнүшү.
Кыргыз-тажик чек арасындагы "Башкы" суу тосмосунун башка жагынан көрүнүшү.

“Чек арага жакын жердеги санкцияланбаган жер казуу жана куруу иштери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуулары өтүп жатат. Бүгүн, болжол менен 11:15тер чамасында тажик тарап “Башкы” суу бөлүштүрүүчү жайынын айланасында бир күн мурда Ак-Суу дарыясынын батыш тарабында казылган траншеяларга цемент куюу үчүн тактайчаларды орнотуу ишин уланткан. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул чек ара сызыгына жакын жерде курулуш иштерин жүргүзүүнү токтотуу боюнча мурда жетишилген келишимдерди тажик тарап бузган биринчи факт эмес экенин белгилейт”, - деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы кабарлагандай, Тажикстан тарап аталган жайда бир нече экскаватор, беш КамАЗ машинеси менен иш алып барууда. Курулуш иштерин коңшу өлкөнүн Исфара шаар башчылыгы жүргүзүп жатканы да айтылган.

Буга удаа эле 22-августка караган түнү Баткендин Көк-Таш айылында Кыргызстан тарапка таш ыргытуу фактысы катталган. Андан кыргызстандык айдоочулардын машинелери жабыр тартты.

Баткен райондук администрациясынын башчысы – аким Учкунбек Жоробаев “Азаттыкка” буларды айтты:

Баткендин Көк-Таш айылы.
Баткендин Көк-Таш айылы.

“Баткен районунун “Башкы” суу бөлүштүргүч түйүнүнө жакын аймакта тажик тарап инженердик курулмаларды жүргүзүп жатат. Облустук жана райондук деңгээлдердеги сүйлөшүүлөрдө чек аралаш аймактарда сүйлөшүүсүз капиталдык курулуштарды курбоо боюнча макулдашуу болгон эле. Ошондуктан азыркы курулуш иштерин токтотуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Ал эми Ош-Баткен-Исфана жолундагы окуя, түнкү саат 00:30дар чамасында болгон. Белгисиз жарандар кыргызстандык эки автоунаага таш ыргыткан. Анын натыйжасында “Мерседес-Бенц” жана “Хонда-Стрим” үлгүсүндөгү автоунаалардын терезелери талкаланган. Бул окуя боюнча да тажик тарапка билдирүүлөр берилген, чек арачылардын деңгээлинде жолугушуу болуп жатат. Алар боюнча териштирүүлөр уланат”.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш "Башкы" тилкесинде башталган. Андан 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Эки айдан соң, 28-29-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров иш сапар менен Дүйшөмбү шаарына барып, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго жолуккан. Башка маселелердин сырткары андагы сүйлөшүүлөрдө чек ара темасы да кеп болгон.

Бирок андан бери аймакта чыңалган кырдаал жакшырган жок. Жарандарга, ал тургай кыргыз чек арачыларына карата да бир нече жолу ок атылды, таш ыргытылды. Ошол эле “Башкы” тилкесине коңшу өлкө камера орнотууга барып, ал бир сыйра талаш жаратты.

“Чек ара чечилип жатат”

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы “Башкы” суу бөлүштүрүүчү жайы стратегиялык аймак, ал Ички иштер министрлигинин атайын кайтаруусунда турат. Түйүндөн Кыргызстандын аймагына да, Тажикстандын аймагына да суу берилет. Анын айланасында тынымсыз чыр чыгып турганы ушундан.

Экс-депутат Исхак Масалиев тажик тарап суу бөлүштүрүүчү түйүндүн айланасына курулуш иштерин баштап жатса, демек ага кыргыз тарап да уруксат берген болушу мүмкүн деп эсептейт:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“Бул боюнча суроону президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге бериш керек. Алар “баары жакшы” деп айтып жатпайбы. Демек соңку окуяларда Тажикстан тарап өз алдынча кадам жасаган эмес, жашыруун макулдашуулар болушу мүмкүн. Андай болбосо биздин чоңдорубуз эчак эле тополоң салмак. Менин коркконум, кыргыз тарап алардын курулуш иштерине уруксат берип койгон окшойт. Тажик тарап деле тактала элек жер тилкесине курулуш баштап жибергидей келесоо эмес да. Алар да кайсы бир нерсеге таянып ушундайга барып жатышса керек. Эгерде чындап негизсиз, бир тараптуу ушундай аракеттерге барып жатса анда аны “достукка туура келбеген” кадам деп атап, тиешелүү жоопту бериш керек болчу”.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек.

Президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун Дүйшөмбү шаарындагы кездешүүсүндө 32 чакырым жер тилкеси боюнча эки тарап макулдашууга келгенин тажик мамлекет башчысы айткан. Июлдун аягында тараптардын топографиялык топтору дагы 40 чакырымдай жер боюнча документке кол коюшкан.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарындагы жолугушууда. 29-июнь, 2021-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарындагы жолугушууда. 29-июнь, 2021-жыл.

Бирок жер тилкелери боюнча президенттер кабыл алып, аны парламент бекиткен учурда гана такталды деп саналат. Кыргызстандын лидери бул процесс жакын арада ишке ашат деп ишендирүүдө.

21-августта Ысык-Көл облусунда эл менен жолуккан учурда президент Садыр Жапаров берген убадаларынын бири чек араны чечүү экенин эске салып, аны президенттиктин биринчи мөөнөтүндө ишке ашыра турганын айткан.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө.
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө.

"Силердин ишенимиңерди биринчи мөөнөтүмдө толук актаганга аракет кылам. Менин максатым Кумтөр сыяктуу элдин байлыгы болгон кен байлыктарды элге иштетүү болчу. Аны ишке ашырдым десем жаңылышпайм. Андан кийин чек ара маселесин чечүү эле, өзбек туугандар менен 99% чечип алдык. Бир гана маселе тажик туугандар менен турат, аны менен да жакынкы арада чечебиз деп ойлойм. Үчүнчү тилегим - Кыргызстанды сырткы карызынан кутултуу".

Кантсе да адистер арасында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны тактоо иштери дагы көп жылдарга созулушу мүмкүн деп эсептегендер арбын. Муну чечүү көбүнчө коңшу өлкөнүн президенти Эмомали Рахмондун маанайына жана саясатына көз каранды экени белгиленип жүрөт.

Эксперттер талдайт: Тараптар мунаса таба алабы? 1-июль, 2021-жыл

Чек ара: тараптар мунаса таба алабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:47:13 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG