Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Тажикстан "Головнойдун" жанына видеокамера орнотту


 Кыргыз-тажик чек арасындагы "Головной" суу тосмосу.
Кыргыз-тажик чек арасындагы "Головной" суу тосмосу.

Тажикстан чек арадагы чырга себеп болгон видеобайкоочу камераны кайрадан “Головнойго” жакын жерге орнотконун жарыялады. Баткен облустук бийлиги Кыргызстан көзөмөлдөп турган суу бөлүштүрүүчү жайга эч кандай камера орнотулбаганын, ага жол берилбей турганын айтып жатат.

Тажикстандын Исфара шаарынын аткаруу комитетинин төрагасы Баховаддин Баходурзода 19-июлда видеобайкоочу камера “Головнойдон” он метрдей Тажикстан тараптагы даракка орнотулганын “Озоди” радиосуна билдирди.

"Видеобайкоочу камера суу бөлүштүрүүнү жана суунун деңгээлин көзөмөлдөө үчүн зарыл. Камера эки өлкөнүн чек арасын аныктабайт. Ал эми суу бөлүштүргөн жай тууралуу эки тарап кол коюлган макулдашууларга ылайык өзүнө алган милдеттемелерди так аткарып жатат".

Баховаддин Баходурзода башкы суу бөлүштүргөн жайда эки тарап өз милдеттерин так аткарып, макулдашууга ылайык иш жүрүп жатканын да кошумчалаган. Мындан тышкары Ак-Суу дарыясынын суусун 55% Тажикстан, 37% Кыргызстан, 8% Өзбекстан пайдаланып жатканын да белгилеген.

Тажикстандын Исфара районунун жетекчилигинин “Головнойго” кайрадан видеобайкоочу камераларды орноткону тууралуу билдирүүсү кыргыз коомчулугунда, соцтармактарда, чек аралаш айыл тургундары арасында бир топ талкууну жаратты. Анткени апрелдеги адам өмүрүн алган чек ара чатагы тажик тараптын “Головнойго” көзөмөл камерасын орнотуу аракетинен келип чыккан.

Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Маруфхан Тулаев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, чыр чыккан жерди кыргыз аскерлери кайтарып турганын билдирди. Ал видеокөзөмөл орнотулбаганын, жакын арада эле эки тараптын облустук деңгээлде жолугушуусу өткөнүн айтты.

"Мурдагы жаңжал болгон жерге, суу бөлүштүргөн "Головнойго" эч кандай видеобайкоо орнотулган жок. Орнотулбайт, ага жол да бербейбиз. Учурда "Головнойду" Кыргызстандын аскерлери көзөмөлдөп турат. Тажик тарап видеобайкоо орнотуу тууралуу бизге билдирме да берген эмес. Алар Тажикстандын аймагына, аскерлери жайгашкан тилкелерге камераларды орноткон болушу мүмкүн".

Исфаранын жетекчилигинин чек арада видеобайкоочу камераларды орноткону боюнча билдирүүсүнөн кийин “”Головнойду” Кыргызстандын ички аскерлери көзөмөлдөп турганын, ал жерде абал туруктуу экенин Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Мекеменин маалымат катчысы Дамира Юсупова мындай түшүндүрмө берди:

“Ак-Сай айыл аймагынын "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы стратегиялык аймак болгондуктан, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тарабынан атайын кайтарууга алынган. 2021-жылдын 28-апрель күнү кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал жерге орнотулган видеокөзөмөлдөр таш ыргытууда талкаланып, жараксыз болгон. Бүгүнкү күндө жабыркап, талкаланган үйлөр кайрадан калыбына келтирилип, эки элдин ортосундагы чыр-чатактын алдын алуу максатында эки тарап тең өз аймактарына видеокөзөмөлдөрдү орнотушкан. Азыркы учурда аталган аймакты ИИМ кайтарып, толук көзөмөл жүргүзүп турат, абал туруктуу.

Өткөн жумада Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын тактоо боюнча эки тараптуу жумушчу топтун кезектеги отуруму Бишкекте өттү. Анда атайын протоколго кол коюлуп, чек араларда талаштуу деген тилкелерди алмашуу болгон эмес.

Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев буларды айтты:

“12-июлдан баштап 17-июлга чейин Бишкекте кезектеги жолугушуу өттү. Жакшы манайда өттү. Чек араларды тактоо боюнча жылыштар бар. Акыркы үч жолу өтүп жаткан жолугушууда маанай жакшы жагына өзгөрдү десем болот. Жерлерди алмашуу болгон жок, бирок протоколго кол коюлду. Алмашчу аймактарга азыр жете элекпиз. Бирок жакшы жылыш болуп жатат”.

Апрель айынын соңундагы эки тараптын куралдуу тирешинен эки тараптан 55 адам октон каза таап, бир топ чыгым болгондон кийин чектеш аймактарда бир топко чейин чыңалуу турду. Андан кийин дагы ок атышуу болуп кетип, Кыргызстандан бир чек арачысы каза тапты.

Чек арадагы чыңалуу эми гана аз-аздан жеңилдеп баштаган учурда кайрадан видеокамералардын орнотулганы тууралуу билдирүү бир аз ыңгайсыздык жаратканын активист Базарбай Масеитов белгиледи.

“Тажик тараптын маалыматында камераны өздөрүнүн аймагына орноткону айтылып жатат. Мурабдары кирип, сууну көзөмөлдөп турганына тоскоолдук да жок экен. Анан эмне үчүн мурдагы чырга себеп болгон камераны орнотуу зарылдыгы чыкты? Экинчиден, ал жердин чек арасы аныктала элек. Макамы тактала элек жерге эки тараптан кандайдыр бир аракеттерди жүргүзүүгө болбойт деп эки тарап макулдашкан. Демек, бул мыйзамсыз аракет. Мурдагы жерге орнотулбай, тажиктердин бактарынын арасына орнотулганы бир аз жоошутат. Бирок нараазылык жаратат".

Ушул жылдан 28-30-апрель, 1-май күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал "Головной" суу сактагычында тажик тараптын видео байкоочу кармера орнотуусунан улам тутанып, ал куралдуу кагылышка айланган. Анда 36 кыргызстандык курман болгон, ондогон турак-жай талкаланып, өрттөлгөн. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген.

Куралдуу жаңжалдан бери кыргыз-тажик чек араларын тактоо боюнча эки тараптуу комиссиянын үч жолу олтуруму өтту.

Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облустарынын жетекчилери абал турукташып, чыңалуу жеңилдегенге чейин жума сайын жолугушуп, маселелерди талкуулап, чечүүнү макулдашкан.

Куралдуу жаңжалдан кийин Дүйшөмбүдө эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу өткөн. Жолугушууда чек ара маселелерине байланышкан эч кандай документ кабыл алынган эмес.

Тажикстанда 22-июлда Ооганстандагы соңку кырдаалдан улам армиянын күжүрмөн даярдыгын текшерүү үчүн бир күндүк аскердик машыгуу өткөдү.

Ага өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндөгү 100 миңден ашык аскер жана 130 миңдей резервдеги жоокер катышып, ондогон аскердик техника колдонулганы айтылды.

Тажикстан эмки айдын башында Ооганстан менен чек арасына жакын аймакта Орусия жана Өзбекстан менен бирге аскердик машыгуу өткөргөнү жатат.

Чек ара: тараптар мунаса таба алабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:47:13 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG