Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:09

Рахмон: армияны коңшуларга каршы колдонбойбуз


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон аскердик парадды кабыл алды. Дүйшөмбү шаары. 22-июль, 2021-жыл.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон аскердик парадды кабыл алды. Дүйшөмбү шаары. 22-июль, 2021-жыл.

Тажикстанда Ооганстандагы соңку кырдаалдан улам армиянын күжүрмөн даярдыгын текшерүү үчүн 22-июлда бир күндүк эң ири машыгуу өттү. Ага жүз миңден ашуун аскер катышты. Парадды кабыл алган президент Эмомали Рахмон коңшу мамлекеттерге каршы өз армиясын колдонбой турганын айтты.

22-июль күнү таңкы саат төрттө Тажикстандын баардык гарнизондордо аскердик айгай салынып, армиянын күжүрмөн даярдыгын текшерүү үчүн бир күндүк машыгуу башталды. Ага Коргоо министрлиги, Улуттук гвардия, Ички иштер министрлиги, Коопсуздук комитети жана башка күч түзүмдөрүнүн 100 миңден ашуун аскери, резервдеги 130 миңдей жоокер катышты.

Расмий бийлик мындай текшерүү эгемен Тажикстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлүп жатканын билдирди.

Жергиликтүү басылмалар "Чек ара-2021" деп аталган машыгууга ондогон аскердик техника тартылганын жазды. Ошондой эле, запастагы 20 миңдей жоокер менен офицер "чек ара аскерлеринин катарын толуктоо" максатында ооган-тажик чек арасына жөнөтүлдү.

Президент Эмомали Рахмон Улуттук гвардияга барып, аскердик парадды кабыл алды. Ал аскерлердин алдында сүйлөп жатып, коңшу Ооганстанда кырдаал абдан оор жана бүдөмүк болуп турганын айтты. Ошондой эле, расмий Дүйшөмбү "эч качан коңшу мамлекеттердин ички ишине кийлгишпей турганын" билдирди.

"Биз өз аскерлерибизди эч качан кошуна мамлекеттерге каршы колдонбой турганыбызды ишенимдүү билдиребиз. Тескерисинче, коңшуларыбыз менен тынч кырдаалда кызматташуу үчүн аларда бейпилдик болушуна кызыкдарбыз", - деди Рахмон.

Ооган-тажик чек арасына бараткан орусиялык танктар. 20-июль, 2021-жыл.
Ооган-тажик чек арасына бараткан орусиялык танктар. 20-июль, 2021-жыл.

Ошондой эле, 5-10-август күндөрү ооган чек арасына жакын жайгашкан Харб-майдон аскердик полигонунда Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен машыгуусу өтөрү күтүлүп жатат. Буга чейин Москва Ооганстанда кырдаал курчуй турган болсо, Москва өнөктөш мамлекетке өз колдоосун көрсөтөрүн, тажик-ооган чек арасына жакын жайгашкан орус аскердик базасынын да мүмкүнчүлүктөрүн колдоно аларын билдирген.

“Биз Тажикстан менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда (ЖККУ) өнөктөшпүз. Ал жакта биздин аскердик базабыз бар. Эгер Тажикстанга чабуул болсо, албетте, бул ЖККУ чукул карай турган маселеге айланат. Уюмдун катчылыгынын өкүлдөрү тажик-ооган чек арасына барышты. Бул визиттин жыйынтыгында аймактагы кырдаал Туруктуу кеңештин отурумунда каралды. Президент Путин соңку күндөрү Тажикстандын жана Өзбекстандын лидерлери менен байланышып турду. Биз милдеттемелерибизди аткарабыз”, - деп Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров июль айынын башында айткан.

Тажикстандын аймагында Орусиянын 201-аскердик базасы бар. "Интерфакс" белгилегендей, бул - Орусиянын чет жактагы эң ири аскердик объектиси.

30-июлдан 10-августка чейин өзбек-ооган чек арасына жакын жайгашкан Термез шаарынын жака белинде өзбек-орус биргелешкен аскердик машыгуулары өтөрү боолголонуп жатат.

Соңку эки ай ичинде ооган-тажик чек арасына жакын аймакта Кабулдун күчтөрү менен талибдердин ортосундагы салгылашуулар күч алды. Жоочулар ондогон райондорду өз карамагына алышкан. Ал маалда миңден ашуун ооган аскерлери Тажикстанга кире качууга аргасыз болушкан. “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү 9-июлда Москвага барган. Алар маалымат жыйынында Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек арасын бузбай турганын билдиришкен.

Тажик-ооган чек арасынын жалпы узундугу 1350 чакырымды түзөт. Расмий маалыматтарга караганда, анын теңинен көбү талибдердин көзөмөлүнө өткөн.

"Талибан" кыймылы Ооганстанда АКШ баштаган эл аралык коалициянын күчтөрү чыгарылып баштаган май айынан тарта өз чабуулдарын күчөттү. Коалиция аскерлеринин баарын сентябрдын орто ченине чейин чыгарып кетүүнү көздөп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG