Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 09:41

Чек ара: өзгөрбөгөн абал, түпөйүл болгон эл


Баткендин Тажикстанга чектеш Миң-Булак айылы. Архивдик сүрөт.

Өткөн апта соңунда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан кыргызстандык 27 жаштагы чек арачы набыт болду. Аймакта эки жарым ай мурда 55 кишинин өмүрүн алган эки өлкөнүн чек ара жаңжалынан бери чыңалуу сакталып турат. Жергиликтүү тургундар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн абал көп деле өзгөрбөгөнүн айтышууда.

Чек арадагы чатакта 27 жаштагы уулунан ажырап, кан жутуп олтурган Тойчубай Хажиев эки тарапты тиреше бербей, эпке келүүгө чакырды.

“Уулум алты жылдан бери чек арачы болуп кызмат өтөп келген. Ал мекенди коргоо үчүн ант берген. Эч кимди күнөөлөй албайм. Тагдыры ушундай экен, мекен үчүн шейит кетти. Бирок акыркы учурда чек арада да тез-тез чыр чыгып, кооптуу болуп калды. Менин оюмча, эки тарап да сүйлөшсө болот. Тиреше бергенден иш жылбайт да. Келишип, кошуналык мамиле менен жашашыбыз керек. Тынч жашоо керек баарыбызга”, - деди ал.

Чек арачы Хуснидин Хажиев 8-июль күнү эртең менен атасына чалып: "Бүгүн кезметим бүтөт, эртең үйгө барам" деп айткан экен. Кечке жуук жакындарына суук кабар келген.

Чек ара чырында курман болгон Хуснидин Хажиев.
Чек ара чырында курман болгон Хуснидин Хажиев.

Ал беш бир туугандын кенжеси эле. Артында эки жаштагы уулу жана кош бойлуу жубайы калды. Бийлик каза болгон чек арачынын үй-бүлөсүнө Баткен шаарынан үй бере турган болду.

Окуя боюнча эки тараптан тең кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды. Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймактагы жергиликтүү бийлиги, укук коргоо кызматтары, чек арачылар абалды курчутпоо, алдын алуу үчүн кызматташууга аракет кылууда.

Чыңалууга алып келген эң башкы маселе - чек аралардын такталбаганы жана табигий ресурстардын талашы экенин Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев белгиледи.

Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода.
Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода.

“Биз тажикстандык кесиптештер менен жума сайын жолугушуп жатабыз. Өткөн жумада суу маселелери боюнча жолугушуп сүйлөшкөнбүз. Мындан тышкары күч кызматтары, район жетекчилерине дагы ушундай эле тапшырма коюлган. Эки тарап чатакты, тирешүүлөрдү болтурбоо чарасын көрүп жатабыз. Бизде азыр калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Чек арада биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө бир аз эрте деп турабыз. Сентябрь айынан баштап эки тарап ич ара жолугушууларды, биргелешкен кеңешмелерди өткөрүүнү пландаганбыз. Негизи эле чек аранын эки тараптуу такталбаганы, аныкталбаганы чатактарга алып келүүдө. Өткөн жумадагы окуяда дагы тоолуу аймакта чек араны билбестиктен курал колдонулуп кетти”.

Соңку чек арадагы ок атышуу боюнча дагы тараптардын пикири эки ача болду. "Ховар" агенттиги Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме берип "кыргызстандык төрт чек арачы мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп келгенин" жазып чыккан. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы "ок атышууга тажик чек арачылары себепкер" деп айтты.

Апрель айындагы эки тараптан 55 кишинин өмүрүн алган куралдуу кагылышудан кийин эки өлкө президенттери жолукту. Чек араны тактоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жолугушуулары өттү. Бирок, чыңалган абал сакталууда.

“Апрелде чоң жоготуу болду. Андан кийин мына өткөн жумада бир аскер каза болуп, бири жарадар болду. Бирок чек арада абал мурдагыдай эле турат да. Эч сезилерлик жылыш, макулдашуулар болгон жок. Чек арадагы эл коопсуздугунан кооптонуп башка аймактарга кете баштайт. Андай болсо чек ара аймактарында маселе жаралат. Биздин бийлик окуядан кийин натыйжалуу аракеттерди жасашы керек эле. Качанга чейин мындай болуп эскеребиз, көңүл айтылат, анан кала беребиз?”, - деп суроо салды лейлектик активист Элдияр Жээналиев.

Бийлик да, жергиликтүү эл дагы чек ара такталып, тосмолонсо, мындай окуялар кайталанбайт эле деген пикирде. Бирок чек араны такташуу заматта бүткөрө салчу жумуш эмес.

Жунусбек Каразаков.
Жунусбек Каразаков.

“Бизде азыр чек араны чечүүдөн башка жолду көрө албай жатабыз. Кандай болгон күндө да чек араны тактоону тездетүү зарыл. Чек арадагы мамилелер так, даана бекитилген эреже менен жүрүш керек. Кайсыл жерден кандай шартта кирип-чыгабыз? Кантип карым-катнаш кылабыз? Так эреже болуш керек. Анын бир эле жолу - чек араны тактап, тосмо тартуу. Кайсыл жер кимдики - баары билиши керек”, -деди Баткендин тургуну Жунусбек Каразаков.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Жыл өткөн сайын жер, суу, жайыт талаштан чыккан чатактын арты айыгышкан мүнөзгө өтүп баратат дейт серепчилер. Апрелдин соңундагы жаңжал бүтүндөй регионду сестентти.

Өткөн айдын соңундагы Дүйшөмбү шаарындагы Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери катышкан сүйлөшүүдө чек ара боюнча документ кабыл алынган эмес.

Чек араларды тактоодо эки тараптын негизги талашы кайсыл карта менен, кайсыл юридикалык документке негизделип иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келет.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG