Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

Чек ара чырында курман болгон Хажиевдин сөөгү жерге берилди


Чек ара чырында курман болгон Хуснидин Хажиев.
Чек ара чырында курман болгон Хуснидин Хажиев.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда курман болгон кыргызстандык жоокер Хуснидин Хажиевдин сөөгү 10-июлда өзү туулуп-өскөн Лейлек районунун Бешкент айылында жерге берилди. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдирди.

27 жашында окко учкан Хуснидин Хажиевдин артында кош бойлуу аялы, эки жаштагы уулу калды.

8-июлда Лейлектеги Көк-Жайлоо (Чашмагильдан ашуусу) аймагында кыргыз-тажик чек арасында атышуу болгон. Анда тажик тарап Хуснидин Хажиевдин сөөгүн жана прапорщик Умаровду Тажикстанга алып кирип кеткен. Эки тараптын сүйлөшүүлөрүнөн кийин тажик тарап 9-июлда Хуснидин Хажиевдин сөөгүн, 10-июлда прапорщик Умаровду Кыргызстанга өткөрүп берди.

Кыргыз тарап бул окуяга тажик чек арачыларын күнөөлөгөн. Тажикстандын улуттук "Ховар" маалымат агенттиги тажик чек арачыларына таянып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз түрдө Тажикстандын аймагына өтүү аракети негиз болгонун жазган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG