Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Чечилбеген чек ара, арасат абалдагы студенттер


Иллюстрациялык сүрөт. Тажикстан, студенттер. 2019-жыл, 12-март.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуган тажикстандык студенттер куугунтукталды деген маалыматты четке какты. Ага чейин Тажикстандын Билим берүү министрлиги студенттерди мекенине алып кетүү аракети жүрүп жатканын билдирген.

Тажикстандын билим берүү министри Махмадюсуф Имомзода өткөн жумада маалымат жыйын куруп, Кыргызстанда билим алган тажикстандык студенттерди алып кетүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Министрдин айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин студенттер коркутуп-үркүтүү көбөйгөнүн айтып, которулуу үчүн арыз бере баштаган.

“Окууну мекенинде улантууну каалагандар бизге кайрылса болот деп министрликтин сайтына жарыяладык. Министрликке абдан көп кайрылуу түштү, биз аларга сөзсүз жардам беребиз. Жакында Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси менен сүйлөштүм. Кыргыз окуу жайларынан документ алууда көйгөй жаралган студенттер элчиликке кайрылса болот", - деди Махмадюсуф Имомзода.

Кыргызстандын Билим берүү министрлиги 19-июлда тажик министринин айтканын төгүндөгөн билдирүү таратты.

“Билим берүү жана илим министрлигине жана тийиштүү жогорку окуу жайлардын жетекчилигине ушул жылдын апрелинен тартып азыркыга чейин Тажикстандын жарандары – студенттери тарабынан куугунтуктоо тууралуу кандайдыр бир даттануу түшкөн эмес. Анын үстүнө кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак маалында Тажикстандын жарандарына Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жетекчилиги тарабынан зарыл колдоо көрсөтүлгөн. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу окуу жараяны көпчүлүк жогорку окуу жайларда дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режимде жүргүзүлдү”.

Кыргызстандын Билим берүү министрлиги тараткан маалыматка ылайык, 2020-2021-окуу жылында тажикстандык 1932 студент билим алган. Алар негизинен Ош мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Борбордук Азиядагы Америка университети, Нарындагы Борбор Азия университетинде окушат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин айрым тажик маалымат каражаттары кыргыз бийлиги тажикстандык студенттерди, анын ичинде жергеталдык кыргыз жаштарды да өлкөдөн чыгарып жатканын жазышкан.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тажик жарандарын депортациялоо же өлкөдөн чыгаруу аракети болбогонун, коңшу мамлекеттин сайттары жазган 42 адам өз эрки менен мекенине кеткенин билдирген.

Анда Тажикстандын Билим берүү министрлиги атайын билдирүү таратып, Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттерди чагымга алдырбай, окууларын улантууга чакырган.

Борбор Азиядагы Америка университетинде 3-курста окуган тажикстандык студент Назарбахт Ефтова чек ара жаңжалынан кийин тажикстандык студенттердин жашоосу тууралуу буларга токтолду.

Назарбахт Ефтова
Назарбахт Ефтова

“Жеке өзүм коркутуп-үркүтүүгө кабылган жокмун. Бирок көчөдө ушундай учурга кабылган тааныш балдар болуптур. Мисалы, чек ара чатагы учурунда мен тааныган тажикстандык балдар үйдөн чыкпай калган. Мен азыр Москвадамын, чек ара ачылары менен Кыргызстанга барып окуумду улантам. Аял кишиге эч ким эч нерсе дебейт, бирок эркек кишиге мамиле бир аз бөлөк окшойт. Мен билгенден Борбор Азиядагы Америка университетинде эч кимдин которулуп кетүү ниети жок. Бирок тааныштарым Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара маселеси башталганда эле башка окуу жайда окуган бир топ студент которулуп кетти деп жатышкан”.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталганга чейин 20 миңдин тегерегиндеги чет элдик студент окучу. Ички иштер министрлиги 2021-жылы тараткан маалыматта пандемия башталгандан бери чет элдик студенттердин саны 5 миңге кыскарганы айтылган.

Чет өлкөлүк студенттердин басымдуу бөлүгү медициналык билим алуу үчүн келген индиялык жана пакистандык жаштар. Андан тышкары Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан, Түркмөнстандан дагы келип окушат.

Кыргызстанда билим алып жаткан тажикстандык студент Назарбахт Ефтованын айтуусунда, тажикстандык студенттердин Кыргызстандын окуу жайларына тапшыруусунун негизги себеби – билим берүүнүн сапаты.

“Билим берүүнүн сапаты жакшы. Мисалы мен БААУда окуйм, эч маселе жок, билим берүү эң жогорку деңгээлде. Ага кошумча Бишкек шаары дагы ыңгайлуу, кымбат эмес”.

Анткен менен чет өлкөлүк студенттер акча табуунун булагына айланып кеткени дагы айтылып жүрөт. Айрыкча индиялык жана пакистандык студенттер билим алган медицина тармагындагы окуу жайларга нааразычылык көп.

2020-жылдын октябрь айында Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын "кара тизмеге" киргизип, муну билим берүү сапатынын төмөндүгү менен түшүндүргөн.

Кыргызстан лицензиялык көзөмөлдү күчөтүүнү убада кылып, эки тараптуу жолугушуулардан кийин Пакистан кыргыз окуу жайларын кара тизмеден чыгарды.

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев чет өлкөлүк студенттердин көп болушу экономикага гана салымын кошпостон, мамлекеттин имиджине дагы жакшы таасирин тийгизерин белгиледи.

Эмил Үмөталиев.
Эмил Үмөталиев.

“Билим берүү тармагынын өнүгүшү элге пайдалуу жана өнүгүүнүн эң алгачкы көрсөткүчүнүн бири. Эгер билим берүү башка элдин дагы суроо-талабына жооп берсе ал өлкөнүн ийгилиги. Демек, Кыргызстандын билим берүүсү башкалардын ишеничине ээ, жаштарга түзүлгөн ыңгайлуулук жогору экенин билдирет. Билим берүүнүн экспорту бардык өлкөнүн үмүтү. Буга жетиш оор, биз аз болсо дагы ошого жетишип жатабыз. Кыргызстанга чет өлкөлүк студенттердин келүүсүнүн эң негизги себеби - эркин жашоо. Жаштардын талабы бийик болот. Бирок Кыргызстанда болуп жаткан оорчулуктар билим берүүгө дагы таасир этип жатат, ошол эле коррупция”.

Кыргызстанда чет элдиктерди талап-тоногон, сабаган фактылар маал-маалы менен катталып турат.

Өткөн жылы “каралуу июль” күндөрү Бишкектеги стационарда ыктыярчы болуп иштеген пакистандык Шах Аббас Алинин сабалышы чоң талкуу жараткан.

Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучусу Эмил Жороев чет өлкөлүк конокторго болгон мамилени оңдоого чакырды.

Эмил Жороев
Эмил Жороев

“Кыргызстанда туризмди өнүктүрүп, ошонун негизинде өнүгөбүз деп максат коебуз. Бир чети чет өлкөлүк студенттерге билим берип, акы төлөтүү экономикалык чоң мааниге ээ деп эсептейбиз. Бирок жаман мамилеге кабылган чет өлкөлүк студенттер тууралуу канча жолу айтылып келе жатат? Пакистандык, индиялык студенттер кабылган кайгылуу окуялар болгон. Булардын алдын алуу үчүн жаштарды тарбиялап, көп улуттуулукту, ар-түрдүүлүктү тааный билишибиз керек. Тажикстандык студенттерди коркутуу чек ара жаңжалына тиешеси болбошу деле мүмкүн. Мындай окуялар бизде туруктуу байкалып келе жаткан нерсе”.

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери июндун аягында Дүйшөмбү шаарында жолугуп, чек ара маселесин талкуулашкан. Бирок ал боюнча атайын документ кабыл алынган эмес. Эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу тобунун кезектеги жолугушуусу 12-17-июлда Бишкекте өттү. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду. Тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстанда өтөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Чек ара жаңжалынан кийин май айында Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу толук жапкан.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG