Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:00

Чет элдиктерге мамиленин четин көргөзгөн чыр


Шах Аббас Али Бишкектеги күндүзгү стационарда.
Шах Аббас Али Бишкектеги күндүзгү стационарда.

Чүйдө пакистандык ыктыярчынын сабалышына шектүү үч адам кармалды.

Токмоктолгон пакистандык жаран Шах Аббас Али ыктыярчы катары Бишкектеги стационарларда иштеп жаткан.

Ал 19-июлда Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанынан жергиликтүү тургундар сабап кеткенин айтып арызданган.

Пакистандык ыктыярчынын сабалышына шектүү үч адам кармалганы тууралуу 21-июлда Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупова "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, Чүй облустук жана Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери бул окуяга катышы бар деп Ысык-Ата районунун 31 жаштагы бир тургунун жана Бишкек шаарынын 30 жаштагы эки тургунун кармады:

Нургүл Нусупова.
Нургүл Нусупова.

"Бул факт Аламүдүн РИИБнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча катталган. Аламүдүн РИИБнүн Тергөө кызматында сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат".

Нусупова белгилегендей, кылмышты териштирүү иши министрликтин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынган.

Милициянын маалыматына караганда, 19-июлдун кечинде Пакистандын 22 жаштагы жараны арыз менен кайрылып, Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында аны бейтааныш бирөөлөр эч себепсиз сабаганын билдирген жана аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Ушундай эле арыз менен дагы үч адам кайрылган. Милиция окуя болгон жерге дароо барганда баары таркап кетишкени маалым болгон.

Белгисиз кишилерден токмок жегендердин арасында Пакистандын жараны, ыктыярчы катары Бишкектеги стационарларда иштеп жаткан Шах Аббас Али да болгон.

Бишкектеги Эл аралык университетке караштуу Медицинанын эл аралык жогорку мектебинин 5-курсунун студенти Алинин мушташ учурунда мурду сынган. Ал окуя боюнча буларга токтолду.

Шах Аббас Али.
Шах Аббас Али.

“Достор менен эс алууга барганбыз. Бир бала келип "Бул биздин жер, кеткиле. Өз жериңерге барып, каалаганыңарды кыла бергиле" деп уруша баштады. Биз аны сабырдуулукка чакырып, тийишпей кетип калышын сурандык. Ал бир аздан соң беш-алты баланы ээрчитип кайра келди. Дароо эле сабай баштады. Мен милицияга арыз менен кайрылдым. Эми калганын мамлекет көзөмөлдөп, адилеттүү чечим чыгарат деп үмүттөнөм”.

Шах Аббас Али Бишкектеги №95 мектептин базасында ачылган күндүзгү стационарда 15-июлдан бери ыктыярчы катары, бейтаптарга жардам берип иштеп жаткан.

Ал пандемия күч алганда дарыгерлер жетпей жатканынан улам акысыз иштеп бере турганын айтып, президентке кайрылган. Жергиликтүү балдардан таяк жегенден кийин студент күндүзгү стационардагы ишин токтоткон.

Али мурда деле жергиликтүү балдар тарабынан ар кандай кысымга туш болуп келгенин айтууда.

“Мурда деле ушинтип тийишкендер болуп турчу. Бирок алар эч качан мушташып же бизди сабачу эмес. Азыр менин мурдум сыныптыр, досумдун башы жарылып, дагы бир досумдун көз айнеги сынып, аз жерден калды. Менин кыргыз досторум көп. Бирөө күн алыс чалып, акыбалымды сурап, акча, тамак-аш жагынан дайыма жардам берип турат. Чогуу футбол да ойнойбуз. Эми ар бир өлкөдө ар кандай адамдар бар. Мен ыктыярчы болуп иштей баштагандан бери рахмат айтып, "эмне жардам керек болсо кайрылып тур" деген кыргызстандыктар көп. Азыр мурдум сынып, күндүзгү стационарга да бара албай калдым. Коронавирус күчөп, дарыгерлер жетишпей жатканда кыргыз элине жардам кылайын дегем. Азыр дарыгерлер мурдума операция жасатуу керек экенин айтышты”, - деди ал.

Расмий маалыматтар боюнча Бишкекте билим алып жаткан 8700дөй пакистандык, 9 миңден ашык индиялык студенттер бар. Алардын көбү Эл аралык университеттин медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алат.

Жарандык активист Улан Үсөйүн Индия, Пакистандан келген студенттер дайыма дискриминацияга кабылып келгенин, жогорудагы окуя ачыкка чыгып, коомчулукка билинген фактылардын бири экенин айтты:

Улан Үсөйүн.
Улан Үсөйүн.

“Кыргыз коомунда дискриминация аябай күчтүү. Бир эле чет элдиктерге эмес, аялдарга, башка аймакта жашагандарга, өңү-түсүнө карата дискриминация кылышат. Ал эми чет элдиктер тууралуу айта турган болсок, аларды үчкө бөлүп карашат. Мисалы, Европадан келгендерге ак жүздүү болгону үчүнбү турист катары мамиле кылып көп тийишпейт. Экинчиси - Түркиядан келген студенттер. Алар менен көбүнчө кыздарга байланыштуу чыр-чатак чыгып келген. Үчүнчүсү - Индия жана Пакистандан келген студенттер. Булар дискриминацияга көп кабылат. Бул абдан өкүнүчтүү. Анткени алардын жытына, өңүнө, өздөрүн алып жүргөнүнө карата ар кандай сөздөр менен кысым жасап, айрым учурда кол көтөргөндөр да бар. Бул - биздин коомдо толеранттуулук жок экенин көрсөтөт. Мындай окуялардын алдын алуу үчүн биринчи кезекте балдардын билим деңгээлин жогорулатуу зарыл. Адам укугу эң биринчи орунда экенин балдарга жашынан үйрөтүү керек. Анткени түшүнүгү тар, билимсиз адамдар гана башкалардын өңү-түсүнө, динине карап бөлүп-жарат. Бул студенттер Кыргызстандын экономикасына салым кошуп, каражат алып келип, окуп жатышпайбы”, - деди Улан Үсөйүн.

Активист мындай учурда мыйзам деңгээлинде катуу чаралар көрүлүп, мыйзам бузгандар жазага тартылышы керек экенин кошумчалады.

Кыргызстанда чет элдиктерди талап-тоногон, сабаган фактылар буга чейин да катталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG