Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 20:01

ЖАМУнун өсүшү менен өксүгү


ЖАМУнун кире бериши.

Жалал-Абаддагы мамлекеттик университетке быйыл кабыл алынган студенттердин 40 пайызын чет өлкөлүк жаштар түзөт.

Кийинки убакта бул окуу жайында Өзбекстандан, Тажикстандан жана Индиядан келген студенттердин катары калыңдап жатат. Алардын басымдуу бөлүгү медицина багытында билим алат. Адистер Кыргызстандагы окуу акысынын арзандыгы жана билим берүү системасынын жөнөкөйлүгү чет өлкөлүк студенттердин келишине шарт түзүп жатканын белгилешет.

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунан келген 24 жаштагы Эралы Махмаджанов Жалал-Абад мамлекеттик университетинин биология адистигинде окуп жатат. Жалал-Абаддагы окуу жайына ал тааныштарынан маалымат алып, окууга тапшырган. Мугалимдин үй-бүлөсүндө чоңойгон Эралы университетти Жалал-Абаддан бүтүрүп, Өзбекстанга диплом менен кайтсам деген тилеги бар.

Эралы Махмаджанов.
Эралы Махмаджанов.

- Жалал-Абаддагы окуу жайында менин айылдаштарым эки жылдан бери окуйт, - деди ал. - Алгач мен окуу жайы тууралуу маалыматты ошолордон алдым. Термез мамлекеттик университетине тесттик баллым жетпей, окууга кабыл алынбаган үчүн бул жакка келүүгө туура келди. Окуу базасы, окутуучулардын сабак өтүшү жакшы экен. Ата-энем Өзбекстанда мугалим болуп иштейт. Мен да Жалал-Абад мамлекеттик университетин аяктап, педагог болгум келет. Лекциялар кыргыз тилинде болгондуктан бир аз кыйналып жатам. Орус жана кыргыз тилдери курстарына баруудамын. Окуу акысы бул жерде 40 миң сомго чейин болсо, бизде 9 млн. сумду түзөт.

Эралы сыяктуу быйыл Өзбекстандан келген 20 студент университеттин биология кафедрасында кыргыз жаштары менен бирге билим алууда. Былтыр бул адистикке эки гана өзбекстандык студент келген.

Жалал-Абад мамлекеттик университетине быйыл 2,5 миң жергиликтүү жана 1100гө жакын алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген студенттер кабыл алынган. Алардын басымдуу бөлүгү Индия менен Өзбекстандан келген жаштар. Окуу жайынын проректору Атабек Алибаев анын себебин мындайча түшүндүрдү:

Атабек Алибаев.
Атабек Алибаев.

- Чет өлкөлүк студенттер негизинен медицина, экономика, чет тилдер жана педагогика багытындагы адистиктерге тапшырып жатышат. Бизде Индиядан, Пакистандан, Шри-Ланкадан, АКШдан, Франциядан жана Африка өлкөлөрүнөн келип окуган жаштар да бар. Себеби алар күн мурунтан окуу жайыбыздагы шарттар менен тааныш болушкан. Экинчиден, ал мамлекеттерде медицина адистерине болгон талап күч, ошондуктан бизге келип окуп жатышат. Окуу акысы да бизде аларга караганда бир топ төмөн.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде учурда сырттан келген 1800гө жакын студент билим алууда. Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу кийинки жумада аяктаса, алар мындан да көбөйүшү мүмкүн. Булардын негизги бөлүгү медицина факультеттеринде билим алышат.

Университеттин проректору Атабек Алибаевдин айтымында, окуу жайында бир жылдык окуу акысы жергиликтүү студенттерге караганда 1,5-2 эсе жогору болот. Алибаев студенттердин 70 пайызын Индия, Пакистан өңдүү чет өлкөлөрдөн келгендер түзөөрүн айтып, аларды окутуунун шарттарын түшүндүрдү:

- 12 жылдык мектеп программа менен келген чет өлкөлүк студенттер бизде беш жылдык программа менен дарылоо ишинде окушат. Негизинен буларга атайын тил билген окутуучулар сабак берип жатышат. 1-2-курстагы студенттерге англис тилинде, калган жогорку курстагыларга орус тилинде сабактар өтүлөт. Анткени алар бизге келген соң тил үйрөнүп, жогорку курска келгенде өздөштүрүп калышат.

Анткен менен кийинки убакта аймактагы жогорку окуу жайына тапшырган жергиликтүү студенттер жыл сайын азайып барат. Ал түгүл бюджеттик орунга берилген 250 жолдомо да араң толуп жатканын байкоого болот. Адистер учурда инженердик-техникалык багыттагы адистиктерге жаштар келбей калганын айтып жатышат. Техника илимдеринин доктору жана профессор Абдиуматкадыр Аширалиев буларды айтты:

Беш жыл бою жогорку окуу жайында окуп, диплом колго тийген соң ишсиз калып жатышат. Ошондуктан баары утурумдук ишке же чет жакка кетип, аймактагы университеттерге эч ким келбей калды.

- Бизде жогорку окуу жайын бүткөн соң жумушка орноштуруу системасынын жоктугу көпчүлүк жаштарды миграцияга кетирүүдө. Беш жыл бою жогорку окуу жайында окуп, диплом колго тийген соң ишсиз калып жатышат. Ошондуктан баары утурумдук ишке же чет жакка кетип, аймактагы университеттерге эч ким келбей калды. Келечекти ойлоп университеттер сырттан келген жаштарды кабыл алып жатат. Антпесе университеттин турмушу, биздин оокатыбыз токтоп калчудай. Бир кезде кыргыз жаштары мелт-калт болуп окуган Спутник кичи шаарчасындагы агрардык техникалык факультеттин имаратында 80% индустар жашайт. Мен өзүм окуткан энергетикадан башка, инженердик багытка азыр такыр студенттер келбей калды. Кыргыз тилинде сүйлөшүүгө, кыргыз тилин угууга зар болуп калдык.

Анткен менен Кыргызстанда жогорку окуу жайларындагы окутуунун, анын ичинде айрыкча медициналык билим берүүнүн сапатына сын көп. Өлкөнүн башкы кардиохирургу, профессор, Жалал-Абадагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башчысы Калдарбек Абдраманов чет өлкөлүк студенттерди медицина жаатында окутуу чоң бизнеске айланып баратканына кейиди:

Калдарбек Абдраманов.
Калдарбек Абдраманов.

- Кыргызстандагы көпчүлүк жогорку окуу жайларында медициналык кадрларды даярдай турган өздүк базасы жана клиникасы жок туруп кантип чет өлкөлүк студенттерге билим берип жатканына таң каласың. Аймактардагы жана Бишкектеги жогорку окуу жайларынын деңгээли төмөн туруп, кайсыл максаттарда аларды алып келип окутуп жатканы белгисиз. Менин түшүнүгүмдө бул жерде чоң бизнес жана акча роль ойноп жатат. Экинчиден, биздегидей жеңил шарт аларга да ыңгайлуу болуп, документ алыш үчүн гана келип окуп жаткандыр. Мен адис жана окутуучу катары чет өлкөлүк студенттерди алып келип окутуп жатышканына уялам. Кантип ушуларды окуттук деп диплом берип жатабыз? Чоң акча болгон жерде кесипкөйлүк роль ойнобой калат экен. Буга мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнүшү керек. Кайсы бир убактарда эл аралык деңгээлде уят болуп калышыбыз мүммүн. «Кыргызстанда медициналык кадрларды окутушат, бирок деңгээли өтө начар экен» деши мүмкүн. Мисалы, мен иштеген медициналык факультеттин кафедрасына 300дөй чет өлкөлүк жана 9 гана жергиликтүү студент өтүптүр. Анда окуу жайы кимдер үчүн иштеп жатат? Медициналык окуу жайларында талап боюнча 40тан ашык клиникалык дисциплина бар. Алардын ар биринде жок дегенде мен сыяктуу илимдин кандидаттары, докторлору, тажрыйбалуу адистер болушу зарыл. Бирок медициналык окуу жайларына лицензия берүүдө буга көңүл бурулбай жатат. Бизде эл аралык деңгээлдеги кадрларды даярдап жаткан соң намыс да болушу керек, уялышыбыз зарыл.

Медициналык билим алууну максат кылып келген чет элдик студенттердин басымдуу бөлүгү индиялык жаштар. Индиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлагандай, Кыргызстанда жалпысынан 9 миңдей индиялык студент окуйт. Алардын көбү Эл аралык университеттин Медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алышат.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, 11 окуу жайы медициналык билим берүү боюнча лицензия алган. Алардын төртөө мамлекеттик (Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академия, Кыргыз-Орус славян университети, Ош жана Жалал-Абад мамлекеттик университеттери), экөө мамлекеттик-жеке менчик (Эл аралык университеттин Медицина жогорку мектеби, Ататүрк-Ала-Тоо университети), калган бешөө (Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет, Азия медициналык институту, Эл аралык медициналык университет, Илимий-иликтөө медико-социалдык институту, «Адам» университети) менчик болуп саналат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG