Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Индиялык дарыгер дооматка калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мындан алты ай мурун Индияда бооруна операция жасалган 12 жаштагы өспүрүм 24-декабрда Бишкекте каза тапты.

Эки күн мурда индиялык трансплантолог дарыгер Абидипа Чаудри Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына сурак берип чыккан. Баланын операциядан кийинки абалына байланыштуу ата-энеси арыз жазган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы чет өлкөлүк дарыгер шаардык милициянын тергөө кызматында Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлүнүн катышуусунда суракка алынып, коё берилгенин, факт боюнча териштирүү иштери уланып жатканын кабарлады.

12 жаштагы Курманбек 24-декабрда Бишкектеги ооруканада көз жумду. Маркумдун таятасы Бактияр Шермаматов баланын өлүмү үчүн индиялык дарыгерлерди айыптады:

- Индияга кызым менен күйөө балам барган. Дарыгер баланын айыгып кетишине 95 пайыз кепилдик берген. Биз ишенип, 38 миң доллар төлөгөнбүз. Операция жасалгандан үч күндөн кийин баланын абалы оорлошо баштады. Анан дарыгерлер “операция жакшы жасалбай калды” деп айтышкан. Кийин коркутушкан. “Баланы тезирээк алып кетип калгыла, эгер бул жерде өлүп калса, моргдун өзүндө эки жума жатып калат. Ал жакка да акча төлөйсүңөр” дешкен. Бул жакка келгенде бала эки ай жашады. Барбаган ооруканабыз калган жок. Жазып берген бардык дарыларын өз маалында берип жаттык. Аябай жакшы карадык. Дарыгердин Бишкекте экенин укканда “Курманбекти карап бериңиз, абалы начарлап кетти, дары жазып бериңиз” дедик. Ал “мен бара албаймын, киши көрүп атам” дегенинен биз милицияга арыз жазып кайрылдык. Курманбек 24-декабрда саат төрттө каза болуп калды. Акчаны өндүрөлү деген максатта эмес, кыргыздар мындан кийин да ушундай абалда калбашы керек. Мен муну менен токтоп калбаймын.

12 жаштагы өспүрүмдүн бооруна жарым жыл мурун Индиянын Дели шаарындагы “Жейпи” аттуу ооруканада операция жасалып, эки айдан кийин жакындары Бишкекке алып келишкен. Ата-энеси баланын тамак ичип жатканы тартылган видеону “бала жакшы болуп калды” деген таризде 11-декабрда “WhatsApp” аркылуу дарыгерге жөнөтүшкөн. Бирок акыркы кездери “бейтаптын абалы оңолбой жатат” деп тынчсызданган ата-эне бул үчүн индиялык дарыгерди күнөөлөп, 23-декабрда милицияга арыз менен кайрылган. Ошол арыздын негизинде индиялык трансплантолог Абидипа Чаудри Бишкек шаардык милиция бөлүмүндө сурак берип чыккан. Кесибине байланыштуу Бишкекке байма-бай каттап жүргөн трансплантолог болжол менен эки саатка созулган сурактан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Бул тууралуу чет өлкөлүк дарыгердин Бишкектеги атын атагысы келбеген расмий өкүлү билдирди:

- Дарыгер сурактан экинчи операцияны акысыз жасап берээрин айтып чыгыптыр. Ага чейин кармап тура беришкен экен. Булар мени да “сен ушул врачтарды ушул жакка алып келип, кабыл алып, анан адамдарды алып барып өлтүртүп келип атасың. Сен акча жасап жатасың, биринчи кезекте сени камайбыз” деп жатышат. Мен аларды түшүнүп турам. Чычалап эле ар кимге асылып жатышат. Мен аларды жада калса жөнөткөн эмесмин да. Алар Индияга жайында аялы кыргыз Икрам деген индус аркылуу барышкан экен.

Өкүлдүн айтымында, индиялык трансплантолог Абидипа Чаудринин 13 жылдык тажрыйбасы бар, белгилүү адис. Чаудри Индияда боор алмаштыруу боюнча дарыгерлердин сап башында турат. Бул жолу да бейтаптар менен жолугушуу максатында Бишкекке келген.

- Ал Индияда боор алмаштыруу боюнча адистердин сап башында турат, - деди ал. - Жакында эле үч айлык баланын боорун алмаштырып, бул окуя Индияда кызуу талкуу жараткан. Айына бери дегенде эле он операция жасайт. Каза болгон баланын жакындары баланын айыгып кетерине 95 пайыз кепилдик бергенин айтып жатышат. “95 пайыз кепилдик берилди” деген сөз – “мен 100 адамды операция кылсам, ошонун ичинен бешөө каза болушу мүмкүн. Калган 95и тирүү калат” деген сөз да. Булар болсо ошону түшүнбөй жатпайбы.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин Эл аралык байланыш секторунун жетекчиси Осмон Масалиев Индияда белгилүү деп эсептелген дарыгердин кыргызстандык бейтаптарды дарылап жүргөнүнөн кабары жок болуп чыкты.

- Бул дарыгер жеке компания тарабынан келген окшойт, - деди ал. - Бул Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу келген дарыгер эмес. Бул дарыгердин сапары бизде катталган эмес. Коммерциялык максат менен келген болушу мүмкүн. Индиянын Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу да жөнөтүлгөн эмес. Бизге башка өлкөлөрдөн келишимдин алкагында келишет. Мисалы, быйыл Кувейттен көп дарыгерлер келишти. Алар расмий түрдө келгендиктен, аэропорттон тосуп алгандан баштап, ушул жерде жүргөн сапарын министрлик уюштуруп берет.

Ошто билим алган индиялык студенттер.
Ошто билим алган индиялык студенттер.

Кыргызстанда медициналык билим алууну максат кылып келген чет элдик студенттердин басымдуу бөлүгүн индиялык жаштар түзөт. Индиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлагандай, Кыргызстанда жалпысынан тогуз миңдей индиялык студент окуйт. Алардын көбү Эл аралык университеттин Медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алышат.

Кыргызстандык бейтаптар өлкөдө жасоо мүмкүн болбогон түрдүү операцияларга негизинен Түркияга барышат. Бул үчүн эки өлкөнүн ортосунда жеңилдиктер камтылган келишимдер бар. Мындан тышкары, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдөн дарыгерлер келип, акысыз операцияларды жасап турушат. Маселен, 2018-жылы Кувейттен келген 32 делегат Кыргызстандын жарандарына төрт күн бою бекер операция жасаган.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, акыркы кезде чет өлкөлүк дарыгерлер Бишкекте жеке компанияларын көп ача башташты. Адистер анын негизинде медициналык туризм кулач жайганы менен ден соолугунан ажырап калгандар аз эмес экенин белгилеп жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG