Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

Индиялык студенттер окуу бүтсө кетишет


Оштогу индиялык студенттер.
Оштогу индиялык студенттер.

Пандемиянын айынан чек аралар жабылып, аба каттамдары токтоп, Кыргызстанда калып кеткен чет өлкөлүктөр да бар. Алардын басымдуу бөлүгү студенттер. 

Чек аралар жабылып, аба каттамдарынын токтоп калышынан улам жүздөгөн кыргызстандыктар дүйнөнүн ар кайсы жеринде калып кетти. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда. Ошол эле кезде Кыргызстанда калып кеткен чет өлкөлүктөр да бар. Алардын көбү студенттер.

Кыргызстандан чыгып кетүүгө үлгүрбөй калган чет өлкөлүктөр үчүн айрым элчиликтер чартердик рейстерди уюштурууда. Маселен, Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги 19-апрелге жарандарына учак даярдап, бул коммерциялык багыттагы рейстердин калыбына келгенге чейинки эң акыркы мүмкүнчүлүк экенин эскерткен.

Эки жума мурун 29-мартта Орусиянын элчилиги өз жарандарын алып чыгып кетип, андан кийин Бишкектен Москвага жакын арада учак жок экенин «Фейсбукта» жарыялаган.

Ошто «камалган» студенттер

Кыргызстанда калып кеткен бирин-серин туристтер жана жүздөгөн студенттер бар. Бирок алардын так саны белгисиз. Ош шаарынын өзүндө эле 2 миңден ашуун индиялык студент «камалып» калды. Алар Ош мамлекеттик университетинде медицина багытында билим алып жатышат.

Индиялык студенттерди келишим менен окууга киргизген (контрактор) Мушир Мохд бүтүрүүчү курстар үйлөрүнө кеткиси келбей жатканын, анткени алты жыл окуп, биротоло диплом алып кетүүнү пландашканын айтууда:

«Азыр бизде баары жакшы. Бирок студенттер үйлөрүнө кеткиси келип жатат. Анткени эч нерсе кылбай, бекер отурушат. Тамак-аштан да кыйынчылык жаралууда. Башталгыч курстар көчөгө чыккандан да коркуп жатышат. Биз аларга керектүү нерселерди жеткирип берип жатабыз. Элчилик менен күнүгө эле сүйлөшүп турабыз. Бирок азырынча рейс уюштурбай турууга келиштик. Окуу жылы бүтүп, бир жаңсыл болгондон кийин ал жагын ойлонуштурабыз. Болжол менен студенттердин 10% акчадан кыйынчылык жарала башталды. Бир жагынан Индияда да банктар иштебей жатат. Ата-энелери болсо жумушсуз, акча жөнөтө албай калды. Бирок бул жакта кимде акча болсо жардам берип жатышат. Эгер карантин узакка созулса бул чоң мүшкүлгө айланышы мүмкүн».

Индиянын элчилиги студенттерге дары-дармек жана коргонуучу каражаттарды жөнөткөн. ОшМУ болсо азык-түлүк таап берүүгө көмөктөшүүдө. Бирок студенттердин айтымында, алардын арасында вегетариандар жана экинчи сорттогу ундан гана тамак жасап жегендери кыйналып жатат.

Эт жебестер (вегетариандар) картошка жана пияз менен жан багууда.

«Жашылча базары иштей баштады, бирок ал жакка студенттер бара албайт. Анын үстүнө такси кызматы да ишин токтоткон. Черемушки кичирайонунда жашай турган болсо, базарга кандай барат? Сыртка чыгышса кошуналары же жергиликтүүлөр «вирус жугузган» деп шектенип, жериши да мүмкүн. Алар өздөрү деле жугузуп албайлы деп коркуп жатышат. Ошондуктан эт жебестер (вегетариандар) картошка жана пияз менен жан багууда», - деди Мушир Мохд.

2019-жылы Индиянын элчилиги Кыргызстанда жалпысынан 9 миңдей индиялык студент окуп жатканын маалымдаган. Алардын көбү Эл аралык университеттин медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алат.

Шашылыш чакырылган өзбек студенттери

2019-жылы Кыргызстанда Өзбекстандан келген 17 миң студент катталган. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы жогорку окуу жайларында медицина жана педагогика багытында окушат.

Өзбек бийлиги 6-февралда «Борбор Азия мамлекеттериндеги өзбекстандык студенттер окуусун Өзбекстандагы университеттерге оңой эле которо алат» деген буйрук чыгарган. Студенттер шашылыш чыгарылган буйруктун себебин «коронавирус илдетине байланыштуу» деп божомолдошкон. Февраль, март айларында өзбек студенттери окуусун мекенине жапырт которушканы байкалган.

2019-жылы ОшМУда 8 миңге жакын чет өлкөлүк окуса, алардын 4 миңдейи Өзбекстандан келгендер, 30-40% сырттан, калганы күндүзгү окуу бөлүмүндө. ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов карантинге чейин бир жарым миң студент документтерин которуп кетүүгө үлгүргөнүн айтты:

Замирбек Божонов.
Замирбек Божонов.

«Бизден бир жарым миң студент чыгып кетти. Алар күндүзгү бөлүмдө окугандардын көпчүлүгү. Калганын тактаганча карантин болуп, ишке да бара албай калдык. Өзбекстандык студенттердин кетишинин коронавируска эч кандай тиешеси жок. Ага чейин эле окуусун которо баштаган».

Ош шаарынын жана Ош облусундагы Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борборунун кызматкери Жеңиш Аширбаев ай башында «Азаттыкка» берген интервьюсунда эки тараптын сүйлөшүүлөрү менен Кыргызстандын ичинде калып кеткен өзбекстандык жарандар чек арадан өткөрүлүп жатканын билдирген.

16-апрелге чейин COVID-19 вирусу Өзбекстанда 1 300дөн ашык кишиден табылса, Индияда 12 миңге жеткен, ал эми Кыргызстанда 466 адамдан аныкталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG