Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

Пакистандык ыктыярчынын сабалышына шектүүлөр кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө пакистандык ыктыярчынын сабалышына шектүү үч адам кармалды. Бул тууралуу 21-июлда "Азаттык" радиосуна Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева билдирди.

Анын айтымында, Чүй облустук жана Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери бул окуяга катышы бар деп Ысык-Ата районунун 31 жаштагы бир тургунун жана Бишкек шаарынын 30 жаштагы эки тургунун кармады:

"Бул факт Аламүдүн РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча катталган. Аламүдүн РИИБнин Тергөө кызматында сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат".

Шаршеева белгилегендей, кылмышты териштирүү иши министрликтин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынган.

Милициянын маалыматына караганда, 19-июлдун кечинде Пакистандын 22 жаштагы жараны арыз менен кайрылып, Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында аны бейтааныш бирөөлөр эч себепсиз сабаганын билдирген жана аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Ушундай эле арыз менен дагы үч адам кайрылган. Милиция окуя болгон жерге дароо барганда баары таркап кетишкендиги маалым болгон.

"Kaktus.media" агенттиги белгисиз кишилерден токмок жеген пакистандык жаран ыктыярчы катары Бишкектеги стационарларда иштеп жаткан Шах Аббас Али экенин жазган. (RK)

XS
SM
MD
LG