Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюлду


Протоколго кол коюу учуру. Бишкек. 17-июль, 2021-жыл.
Протоколго кол коюу учуру. Бишкек. 17-июль, 2021-жыл.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу тобунун кезектеги жолугушуусу өттү. 12-17-июлда Бишкекте болгон жолугушуунун соңунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.

Тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстанда өтөт.

Өкмөттүн маалымат кызматы жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү маанайда өткөнүн кабарлады.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган.

Өткөн айдын соңунда Дүйшөмбү шаарындагы Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери жолукканда чек ара боюнча документ кабыл алынган эмес.

Чек араларды тактоодо эки тараптын негизги талашы кайсы карта менен, кайсы юридикалык документке негизделип иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келет.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Ал эми 8-июлда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан 27 жаштагы кыргызстандык чек арачы набыт болгон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG