Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:11

“Бакиев бийликке мыйзамсыз отурган”


“Кумтөр боюнча Акаев бизди алдап кеткен”
please wait

No media source currently available

0:00 0:42:16 0:00

“Кумтөр боюнча Акаев бизди алдап кеткен”

"Азаттык" радиосунун "Бийлик сырлары" берүүсүнүн бул жолку коногу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков болду. Ал коммунисттик доордогу кадрларга болгон мамиле, саясатка келишинин себеби, бийликке кантип оппозиция болгону, “Кумтөр” келишиминин кесепети, Бакиевдин бийликке келишинин мыйзамдуулугу, түрмөдөгү “каралардын” таасири ж.б. жөнүндө кенен кеп кылат. Маекти уюштурган Бакыт Орунбеков.

- Ишенбай мырза, 1992-жылы ошол кездеги президент Акаевдин сизди Кыргызстандын курулуш-архитектура министри болууну сунушташына эмне себеп болгон? Акаев менен Кадырбековдун бир институтта чогуу иштешип калганыбы, же көз караштар дал келдиби?

- Ал кызматты Акаев өзү сунуш кылган. Азыр президенттер Жогорку Кеңешке келип, сүйлөп коюп чыгып кетишет. Ал мезгилде Акаев парламенттин жыйындарына келип катышып, башынан-аягына чейин отурар эле. Экономикабыз базар мамилелерине өтүп жаткандыктан, президент командасы менен жаңы мыйзамдарды сунуш кыла баштады. Ал мыйзамдар боюнча президент өз оюн айтып, чыгып сүйлөп жүрдү. Залда отурган депутаттардын көтөргөн маселелерине, сүйлөгөн сөздөрүн угуп, аларга баа берип отурду. Совет доорунда компартиянын Борбордук комитетинде иштеп, андан да тажрыйбасы болуп калган эле. Ошондон улам президент Акаев алгачкы кадрларды парламенттин мүчөлөрүнөн, депутаттардан дайындай баштады. Президенттин биринчи беш жылдыгындагы кадрлары сапаттуу болгон дегени ошондон улам болсо керек.

- Сиз 1995-жылы кайра парламентке аттандыңыз? Эл арасында сиз атбашылык бир атаандашыңызды шайлоодо чыгарыш үчүн ага жеңил автоунаа белек кылган деп айтып калышат. Ушул чынбы?

- Кайдагы жеңил автоунаа, бул ушак сөз!

- Жогорку Кеңешке экинчи жолу барууңузга эмне себеп болгон?

- 1994-жылы Кумтөр кенинин айланасында маселе көтөрүлүп, анын башкы келишими жөнүндө суроолор талкууланып жатты. Бир жолу "президент Акаев “Камеко” компаниясынын президенти менен Парижде жолугат, ошого өкмөт кол койгон келишимди алып барыш керек" деп калышты. Өкмөттө бир жактуу позиция жок болду. “Бардык министрлер кол койбосо, мен кол койбойм” деп премьер-министр Апаз Жумагулов отурду. Анткени өкмөттүн бир топ мүчөлөрү ал келишимге кол коюшпай келишкен, алардын арасында мен дагы бар элем. Биз, “бир унций алтындан 4 доллардан берсин, 10 жылдын кийин өзүбүз башкаралы, кенде 90 пайызы жергиликтүү кадрлар, кызматкерлер иштесин” ж.б. көп талаптарды коюп жатып алдык. Аларга макул болбосоңор, кол койбойбуз деп отурдук.

Бул маселелерде биринчи вице-премьер министр Алманбет Матрубраимов да катуу позицияда турду. Акыры “Камеконун” президенти Хаменюк келип, “силерди талаптарыңыздар менен биз макулбуз, кол коюп бериңиздер” деп калды. Биз ишенип кол коюп бергенбиз. Алар дароо Парижге учуп кетишти. Тилекке каршы, кийин келишимде биз талап кылган сунуштар, пункттар кирбей калыптыр.

Акаев менен дал ушул маселелерде түшүнбөстүктөр чыга баштады. Бир күнү президентке кирип барып, “Кумтөр” келишими боюнча алданып калган бир топ маселелерди ачык айттым. Акаев “сиз айткандай эмес, баары жакшы болот” деп мени жооткотот. Ошондо жаштыгым, курчтугум болдубу, сиз менен иштеше албайм деп арызымды жазып кызматтан кетип калдым. Дал ошол учурда Жогорку Кеңешке шайлоо болуп жаткан, Ат-Башы-Нарын округунан өз талапкерлигимди койдум. Шайлоо маалында бийлик катуу тоскоолдуктарды кылды, сууктун күнүндө клубдарды ачпай, шайлоочулар менен жолугуштурбаганга жан үрөшкөн.

- 2000-жылы президенттикке аттанганда нарындык Кадырбековду кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билбейт экен деп жарыштан чыгарып коюшту. Чындап эле тилди билбей калдыңызбы, же саясий оюндардын кесепети болдубу?

- Анекдотко окшогон бир учур болгон. Президентке кирейин деп анын кабылдамасында отурсам, ал кездеги Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев келип калып, мага айтып жатпайбы: "Дил баян жазууда Акаев төрт ката кетирип 4 алыптыр, сиз эки ката кетирип 2 алып калдыңыз. Сиз деле төрт ката кетирсеңиз болмок экен",-деп күлүп калды.

Дагы бир жагдай, президенттикке талапкерлигимди коюп, тил комиссиясынан өтүп жатсам, журналист Мелис Эшимканов: “Тил комиссиянын төрагасы Салижан Жигитов бийликтин Кадырбековду кулатуу боюнча буйругуна макул болбой эшикти тарс жаап чыгып кетип калды”,-деп айтканы эсимде турат. Кыскасы, бийлик сынактан кулатып тынышкан..

- 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциядан кийин өлкөдөгү бийлик алмашуу канчалык мыйзамдуу болду эле? Анткени сиз ал учурда Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы элеңиз?

- Конституция боюнча президент, премьер-министр кызматтан кетсе, анын ордун ээлей турган - мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы эле. Мыйзамда "Премьер-министрди Мыйзам чыгаруу палатасы Эл өкүлдөр жыйынына сунуш кылат. Алар макулдук бергенден кийин Мыйзам чыгаруу палатасын бекитет" деп турат. Бекиткенден кийин Президенттин милдетин аткаруучу Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы анын дайындоо жөнүндө жарлык чыгарат деп жазылып турат. Анын баары аткарылган жок. Демек, Бакиевдин бийликке отурушу мыйзамсыз болгон.

- Курманбек Бакиевдин президент болуп калышына Үсөн Сыдыковдун орду чоң деп калышат. Эгер чындыгы болсо ал кандай ролду ойногон?

- Ал киши ошол кезде эң таасирдүү, күчтүү саясатчылардын бири болчу. Курманбек Бакиевдин президент, премьер-министр болуп калышына Үсөн Сыдыковдун салымы 80-90 пайыз болгон. Бардык иштер анын сценарийи менен жүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG