Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:38

Мамлекет “Мегакомду” жакшы баага саткысы келет


"Мегакомдун" логотиби. Илюстрациялык сүрөт

Министрлер кабинети "Мегаком" бренди менен белгилүү "Альфа Телеком" компаниясын, Кепилдик фондунун, "Керемет" банктын жана Евразиялык сактык банкынын акцияларын сатууну сунуштап жатат. Өлкөдөгү ири байланыш операторлорунун бири “Мегаком” компаниясын сатууга буга чейин бир канча жолу аракет болгон.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Менчиктештирүү–2020-2022” деген программанын алкагында 25 мамлекеттик мүлктү сатыкка чыгарган. Жакында бул программага "Мегаком" бренди менен белгилүү "Альфа Телеком" мамлекеттик компаниясын (100% акциясын), Кепилдик фондун (14,9%), "Керемет" банкты (0,74%) жана Евразиялык сактык банкын (76,56%) кошуп, сатууну сунуштап жатат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилиги "Мегакомду” сатуу үчүн биринчи анын наркын бычып берген көз карандысыз компания конкурс аркылуу тандаларын билдирди.

“Компания бүгүнкү күндө двиденд берип жатат. Бирок анализде көрүнүп тургандай жылдан-жылга тапкан пайдасы төмөндөп баратат. Компаниянын баасы жакшы убагында сатсак мамлекетке пайдасы көбүрөөк тиеби деген негизде анын баалоо ишин баштап жатабыз. Компаниянын баасы чыккандан кийин саткан пайдалуубу же мамлекет өзү иштеткени туура болобу белгилүү болот”, - деди Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Канат Рыскулов.

Кыргызстандагы мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүү керектиги бир канча жылдан бери айтылганы менен аягына чыга элек. Менчиктештирүү аракетинин жаңы толкуну президент Садыр Жапаровдун 5-майдагы кайрылуусунан кийин кайра башталды.

"Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет", - деген президент.

Бирок депутат Дастан Бекешев Министрлер кабинетинин “Мегакомду” сатыкка чыгаруу аракетине Камчыбек Ташиев жетектеген Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) каршы экенин "Твиттерине" жазган.

УКМКнын басма сөз кызматы Дастан Бекешев эмне жөнүндө айтып жатканын билбей турганын билдирди.

"Мегакомду" сатуу аракети

“Мегаком” компаниясын ушул жылдын март айынан бери Азат Базаркулов башкарууда. Ал “Мегакомдо” 2012-2018-жылдары дагы башкы директор болгон. Базаркулов Министрлер кабинетинин “Мегакомду” сатыкка коюп жатканы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Азат Базаркулов “Мегаком” компаниясын 2012-2018-жылдары башкарып турган учурда дагыбир канча жолу сатуу аракети болгон.

Кыргыз өкмөтү "Мегаком" компаниясын алгач 2015-жылы сатыкка койгон. Андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпаганы үчүн сатылган эмес. 2017-жылы анын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго бааланып, түз сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Акыркы жолу түз сатууда орусиялык жеке ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланган. Бирок коомчулуктун сынынан улам келишим түзүлбөй калган.

2018-жылы дагы “Мегакомду” сатуу аракети жүрүп, бирок сатылган эмес.

Азат Базаркуловдун ордуна “Мегаком” компаниясына башкы директор болуп дайындалган мурдагы депутат Акылбек Жамангулов президент Сооронбай Жээнбеков “Мегакомду” сатпоо тууралуу саясий чечим кабыл алганын, компаниянын кирешесин 20-30 % көтөрүү планы бар экенин айткан.

Экономика боюнча эксперт Искендер Шаршеев “Мегаком” өкмөттүн, бийликтеги адамдардын “саан уюна” айланганын айтып, жеке колго сатуу туура чечим дейт.

“Мамлекеттик мүлктөрдү сатуу туура эле. Өкмөт “Көчмөндөр оюндарын” уюштурганда “Мегаком” сыяктуу мамлекеттик ишканаларды алдын-ала салык төлөтчү. Резервдеги акчасын алып койчу. Ал эми банктар боюнча “Айыл банк" менен РСК банк мамлекеттик кызматкерлерди тейлеген үчүн эле монополия кылып кармалып турат. Негизи мамлекет салык жыйнаш керек, бизнес кылбаш керек”.

Талкуу жараткан кадрлар

“Мегаком” компаниясында айрым кадрдык дайындоолор дагы сынга алынган учур көп.

Мисалы, 2017-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев “Мегаком” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган.

2018-жылы Сооронбай Жээнбековдун президенттиги тушунда кудасы, депутат Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ыктыярбек Абжалиев “Мегакомдун” логистика бөлүмүнүн башчылыгына барып, коомчулуктун сынынан кийин кызматтан өз арызы менен кеткен.

2020-жылы парламенттик шайлоодо “Мегаком” компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов бийликке ыктаган “Биримдик” партиясын шайлоого баштап барган. Өлкөдөгү эң кирешелүү мамлекеттик ишкананын жетекчисинин бийликтин партиясы менен шайлоого барышы учурунда сынга алынган.

Бул салт бийлик алмашкан октябрь окуяларынан кийин дагы уланган. Президент Садыр Жапаровдун тарапташы, “Мекенчил” партиясы менен парламенттик шайлоого барган Төрөхан Жунусбеков октябрда “Мегаком” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган.

Саясатчы Мавлян Аскарбеков “Мегаком” компаниясын туура башкарганда мамлекеттин колунда турганы оң болмок деп эсептейт.

“Бүгүн технологиялык компанияларда ким отурат? Бит менен байттын айырмасын билбегендер отурбайбы. Бийлик алмашкан сайын өз адамдарын коюп жатат. Алар мамлекеттик ишкананы өнүктүрүү үчүн эмес, айлык алуу, коррупциялык схемаларга аралашып акча табуу менен гана алек болуп калды. Азыр миңдеген мамлекеттик мүлк бар. Аларды эсептеп чыгып сатыкка коюш керек. Бирок ири стратегиялык ишканалар мамлекеттин карамагында туруш керек. Аларга конкурстук негизде күчтүү менеджмент коюлуш керек”.

“Мегаком” уюлдук оператору 100% мамлекеттики. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49 пайызын улутташтырган. 2014-жылы болсо компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG