Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Абеков 25 жылга эркинен ажыратылды


Алмаз Абеков
Алмаз Абеков

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Megacom уюлдук байланыш компаниясынын мурдагы жетекчилеринин бири Алмаз Абековду 25 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле өкүмдө мал-мүлкүн конфискациялоо тууралуу да айтылган. Сот ал мамлекетке келтирген зыян 92 миллион сом болгон деп тапты.

Ушул эле кылмыш иши боюнча айыпталган Азамат Мурзалиев 12 жылга кесилип, анын мүлкүн да мамлекет эсебине өткөрүү өкүм кылынды. Ал келтирген зыян 22 миллион сомдон ашуун деп табылды.

Абековдун кеңешчиси Кенжебек Аман уулу 8 жылга кесилди.

Алар “Альфа Телеком" (Megacom) компаниясындагы коррупциялык иштер боюнча айыпталып 2012-жылы кармалышкан.

Абековдун адвокаты Икрамидин Айткулов бул адилетсиз чечим болгонун билдирип, жогорку инстанцияларга кайрылышарын “Азаттык” радиосуна маалымдады. Өкүм чыгарган судья Эмилбек Каиповду “буйрутма” аткарды деп, анын үстүнөн да тийиштүү органдарга арыз жазышарын кошумчалады. (SE)

XS
SM
MD
LG