Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Ташиевдин жээни делген кишинин кызмат чыры


“Кыргызтелеком” ишканасынын директорлор кеңешинин төрайымы Маралбү Бианки жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев. Коллаж.
“Кыргызтелеком” ишканасынын директорлор кеңешинин төрайымы Маралбү Бианки жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев. Коллаж.

“Кыргызтелеком” ишканасынын директорлор кеңешинин төрайымы Маралбү Бианки "атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин жээни делген Замир Кожомуратов басым көрсөтүп жатканын" айтып чыкты.

Бианкинин айыптоосу

"Кыргызтелеком" ишканасынын директорлор кеңешинин төрайымы Маралбү Бианкинин айтымында, ишинин кемчилиги жана жумушка көп келбегени үчүн ишканынын орун басарлыгынан Замир Кожомуратовду алуу чечими май айында чыккан.

“Кожомуратов кеңештин чечимине карабай иштеп жатат жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни экенин айтып, басым жасоодо”, - деди Бианки. Анын айтымында, алгач Мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчиси Мирлан Бакиров Кожомуратовду иштен бошотуу чечимин жокко чыгарууну талап кылган.

Маралбү Бианки.
Маралбү Бианки.

“Кожомуратов боюнча чечимиңерди жокко чыгаргыла” деди. Эки күндөн кийин бизге кеңеш берип коесузбу деп, УКМКга чакырышты. Барсам күбө катары суракка алышты. 2018-жылы алынган интернет боюнча сурашты. Кадимкидей суракка алышты. Биз ал сатып алууга киришкенге укугубуз жок. Муну алар деле билген, бирок “Замирге тийишпегиле же жумушка алгыла” деген басым болду деп ойлойм”, - деди Бианки.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев бул айыптоолор жана Замир Кожомуратовдун туугандык байланышы туурасында комменттарий бере элек. Ал эми мүлк фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров Бианкинин сөзүн четке какты.

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

“Ал болбогон сөз, эч кандай коркутуу болгон эмес. Жумуш тартибинде бардыгы менен жолугушам. Ошондо айтылган сөздөр. Анын (ред: Кожомуратов) иштеп жатканы жөнүндө маалыматым жок”, - деди Бакиров.

Замир Кожомуратов деген ким?

Мамлекеттик мүлк фондусу, “Кыргызтелеком” ишканасы кеп болуп жаткан Замир Кожомуратов тууралуу маалымат берген жок. Ишкананын сайтында Кожомуратов - "Кыргызтелекомдун" вице-президенти экени көрсөтүлүп турат.

Кожомуратов жөнүндө интернетте дагы дээрлик маалымат жок. “Фейсбукта” Замир Кожомуратов аттуу 43 жаштагы колдонуучу Жалал-Абад шаарынан экенин жана “Кыргызтелеком” ишканасында иштей турганын көрсөткөн. Ошондой эле, баракчасында жалаң Ташиевди мактаган маалыматтарды бөлүшүп турат.

Аны менен байланышканыбызда Ташиевдин тууганы экенин тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Ал учурда кызматта иштеп жатканын айтып, өзүнө айтылган дооматтар боюнча кийинчерек комментарий берерин билдирди.

Биз ага телефон аркылуу байланышканыбызда буларды айтты:

-Мен сизге эртең чалайын. Толук маалымат берем, бир-эки процедураларыбыз өткөндөн кийин анан биз билдирүү жасайбыз дегенбиз. Ооба, мен иштеп эле жатам.

- Сиз Ташиевдин жээнисизби же кандай тууганы болосуз?

-Анын эмне кереги бар. Мен сизге кайра чалып коем, - деди.

“Кыргызтелеком” ишканасынын директорлор кеңешинин төрайымынын дооматы боюнча Ташиев, Бакиров жетектеген мекемелер расмий билдирүү таратышкан.

Мамлекеттик мүлк фондусу менен УКМКнын жообу

Мамлекеттик мүлк фондусу "Кыргызтелеком" ишканасынын директорлор кеңешинин төрайымы Маралбү Бианкинин айткандарын төгүндөп, анын имшердүүлүгүн сынга алды.

Фонд тараткан билдирүүдө Замир Кожомуратовду кызматтан алуу чечими мыйзам бузуу менен кабыл алынганын белгилеп, жетекчиси Бакировдун коркутканын четке кагат. Ошондой эле, аталган ишкананын 2020-жылдагы көрсөткүчтөрү начарлап кеткени, Бианки кызмат абалынан аша чаап, "Кыргызтелекомдун" ишине ыксыз кийлигишкен учурлар бар экени айтылат. Фондго 2020-жылы "Кыргызтелеком" 128 миллион сом чыгашага учураганы жана Бианки тууралуу жамааттан дагы арыз-даттануулар түшкөн.

Өткөн аптада УКМК "атайын кызмат “Кыргызтелекомдун” ишмердүүлүгүнө жана кадр маселесине кийлигише албастыгын" билдирип, Ташиевдин жакыны жөнүндө дооматты четке какты.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

“УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жана кадыр-баркын өзүнүн кызыкчылыгына пайдалангандар, туугандык байланышы болсо дагы мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат”, - деп айтылат маалыматта.

Анткен менен укук коргоочу Рита Карасартова өлкөдө мамлекеттик кирешелүү ишканалардын жетекчилигине таасирдүү аткаминерлер өзүнүн жакындарын орноштуруп койгон көрүнүштөр көп экенин белгилейт.

“Бардык жерде туугандарын, балдарын, жээндерин коюп алгандыктан ушундай сөздөр чыгат. Анан эл буга ишенет. Анткени, бизде майлуу-сүттүү жерге өз жакындарын коюп алышат. Себеби, ошол кишилер кийин шайлоодо жана башка мезгилде бийлигин кармап калууга жардам берет”, - деди Карасартова.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин жакындарына байланыштуу буга чейин дагы сындар айтылып келген. Октябрь окуяларынан кийин Ташиевдин өкүл баласы Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад облусунун башчысы болуп дайындалган эле.

Ал эми жакында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо баласы Тай-Мурас Ташиев "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп келди. Атасы кызматка келгенден кийин Тай-Мурас Ташиев ар кандай иш-чара, жыйындарда эл алдына көбүрөөк чыга баштады.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG