Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

MegaCom 13,5 миллиард сомго сатыкка коюлду


Болсунбек Казаков
Болсунбек Казаков

Кыргызстандын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Альфа Телеком" (MegaCom) уюлдук байланыш компаниясын сатуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн фонддун жетекчиси Болсунбек Казаков билдирди.

Анын айтымында, гезитке расмий маалымат жарыяланган соң бир ай ичинде сатып алуу тууралуу арыздар кабыл алынат. Өкмөттүн бул тууралуу буйругу 18-августта чыкты.

Баасы 13,5 миллиард сом деп аныкталды.

Компанияны сатып ала турган инвестор соттук иштерди бүткөрүү милдетин өзүнө алат.

Сунуштар 25-сентябрга чейин кабыл алынат. Экиден көп сунуш түшсө тандоону Маммүлк фондунда түзүлгөн комиссия жүргүзөт.

Өкмөттүк "Эркин-Тоо" гезитинин 8-августтагы санына "Мамлекеттик мүлктү тикелей сатуу усулу менен менчиктештирүүнүн жобосун бекиткен токтомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор" киргизилген. Ага ылайык, мамлекеттик менчиктин карамагындагы мүлктү тикелей сатууга уруксат берүүчү өзгөчө учурлар аныкталып, буга чейин тендер жолу менен өтпөй келген мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүүгө жол ачылды.

Ал арада Penwell деген аталыштагы компания MegaCom мыйзамсыз улутташтырылганын жана анын 51 пайыз үлүшүнө дооматы бар экенин айтып чыкты.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилиги Penwell компаниясынын эл аралык сотко кайрылууга эч кандай укуктук негизи жоктугун белгилеп, бул жагдай уюлдук ишкананы тикелей жол менен сатууга тоскоолдук жарата албасын билдирген.(BkA/RK)

XS
SM
MD
LG