Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Кыргызстанга Азербайжандан вакцина келди


Коронавируска каршы Sinopharm вакцинасы. Июнь, 2021-жыл.
Коронавируска каршы Sinopharm вакцинасы. Июнь, 2021-жыл.

Азербайжандан 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы гуманитардык жардам катары берилди. Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, вакцина бүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда көрсөтүлгөн колдоо болуп саналат. Азербайжан былтыр апрель айында да Кыргызстанга коронавирустан коргонуу үчүн 64 тонна медициналык жана антисептикалык каражатты гумжардам катары берген.

ТИМдин маалымдашынча, бул вакцина министр Руслан Казакбаевдин Бакуга жасаган расмий сапары учурунда түзүлгөн макулдашууга ылайык алып келинди.

11-июль күнү Кыргызстанга Кытайдан 1 миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келди. Анын 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары бекер берилип, калганын бийлик бюджеттен бөлүнгөн акчага сатып алды.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү 29-мартта башталган. Кыргызстан Кытайдан сырткары Орусиядан да Sputnik-V вакцинаcын алган. COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасы келери маалымдалган, бирок анын датасы белгисиз.

Вакцина акысыз, 18 жаштан өткөн бардык жарандар алса болот.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG