Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Рахмон Тажикстандын Ооганстан менен чектеш аймагына барды


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 16-июлда Ооганстан менен чектешкен Хатлон облусуна барды. Президент аймактагы аскердик бөлүктөрдүн даярдыктары, техникаларынын абалы жана чек арачылар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Рахмон барган Пянж жана Мир Саид Али Хамадони райондору менен чектешкен Ооганстандын уезддери “Талибан” кыймылынын көзөмөлүнө өткөн.

Чек арачылардын алдында сүйлөгөн Эмомали Рахмон коңшу Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен аймактарында аскердик-саясий абал өтө оор бойдон калып жатканын белгиледи.

"Ооганстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын коргоо - биздин өлкөнүн гана же КМШнын гана эмес, жалпы Европа Биримдигиндеги коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өзгөчө маанилүү", - деди президент.

5-июлда Рахмон өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, коргоо министрине тажик-ооган чек арасын бекемдөө үчүн резервдеги 20 миң аскерди мобилизациялоону тапшырган.

Тажикстан менен Ооганстандын Бадахшан аймагындагы жалпы чек арасынын узундугу 910 чакырымды түзөт.

Акыркы айларда "Талибан" кыймылы Ооганстандын ар кайсыл провинцияларындагы позицияларын бекемдеп, улам жаңы аймактарды басып алууда. Буга чейин 2 миңден ашык ооган аскери талибдердин кысымынан улам Тажикстандын аймагына кире качканы кабарланган. Мындан тышкары Ооганстандагы Бадахшан аймагынын 1500гө жакын жашоочусу талибдерден качып, Тажикстандын аймагына өтүүгө аргасыз болушкан.

“Талибандын” чабуулдары АКШ менен НАТОго мүчө башка өлкөлөр Ооганстандагы аскерлерин чыгарып жаткан учурда күчөп жатат. 8-июлда Москвага барган уюмдун өкүлдөрү Ооганстан аймагынын 85% алардын көзөмөлүнө өткөнүн билдиришкен. Мындан тышкары алар ооган-тажик чек арасына чабуул жасабай тургандыктарын айтышкан.

Мурдараак тажик бийлиги Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөргө кайрылып, Ооганстан менен чек арасын коргоого жардам сураган.

АКШ, Европа Биримдиги, Орусия жана башка эл аралык уюмдар Ооганстан менен чек арасын бекемдөө үчүн Тажикстанга жардам берип келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG