Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:02

Пандемия учурунда абактарда 47 адам коронавирус менен ооруган


Илюстрациялык сүрөт.
Илюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөнүн жабык жайларында жазасын өтөп жаткан 47 адам вируска чалдыккан. Алардын ичинен 11 киши быйыл ооруга чалдыккан. Жалпы катталгандардын ичинен 45 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталган. Эки адамдын ооруганы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен маалым болгон.

Абактарды кайтарган кызматкерлер арасында коронавируска чалдыккандардын саны көбүрөөк. Пандемия учурунда түрмө кайтарган 96 кызматкер илдетке чалдыккан болсо, 64ү өпкөсүнөн кагынып ооруган.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып турган төрт адам короновирус белгилери менен ооруканага жаткырылганы 16-июлда кабарланды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери 2 154​ адам каза болду. Вирус 146 миңден ашык адамга жугуп, андан 123 миңге жакын бейтап айыкты. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG